Жогорку кеңеш кыргыз-казак чек арасы тууралуу маселени жабык карайт

Жогорку Кеңештин бүгүн, 23-майдагы жыйынынын күн тартибинде «Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосундагы мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоорун кароо киргизилген. Мындан тышкары, күн тартибинде «Кыргыз өкмөтү менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору да бар.

Бирок өкмөт аталган эки маселени тең жабык эшик артында кароо сунушун киргизди. Андыктан,

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз-Казак чек арасына байланышкан маселелер жабык карала турган болду.