Ислам тилектештик оюндарында Туратбек Сулайманкул уулу күмүш медалга ээ болду

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында 22-май мелдештин жыйынтыктоочу күнүндө ушу саньшоу боюнча мелдеште Кыргыз спортчусу Туратбек Сулайманкул уулу күмүш медалдын ээси болду.

48 килограмм салмак ченинде мушташкан Туратбек Сулайманкул уулу финалда түркиялык Мехмед Демириге жеңилип калды. Бул жыйынтык менен Кыргыз мушкер өлкөбүздүн капчыгына 5-күмүш медалын алып келди.

Кыргыз спортчуларынын мелдештин алкагындагы таймашуусун акыркылардан болуп Туратбек Сулайманкул уулу жыйынтыктады. Ал эми жалпы медалдык эсепте 10-орунда келе жатат.