Депутат кыргыз тилин жоголуп бара жаткан тилдердин катарына кошулуп бараткандыгын эскертти

Жогорку Rеңештин 22-майдагы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков кыргыз тили жоголуп бара жаткан тилдердин катарына кошулуп бараткандыгын эскертти. «Эл өкүлдөрү эне тилине күйүшү керек» деген депутат кыргыз тилинин чордону Жогорку Кеңеште болушу керектигин айтты.

Ошондой эле депутат эл өкүлдөрү көп колдонуучу «Бүтүрүп алайын» деген сөздүн туура эмес колдонулуп жаткандыгын белгиледи.