Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын Сингапурда жолугушуусу тууралуу чечим кийинки жумада кабыл алынат

РИА Новости маалымат булагы АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын Сингапурда жолугушуусу тууралуу чечим кийинки жумада кабыл алынаарын жана бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп өзү билдиргенин  жазды.

Белгилей кетсек, эки өлкө лидеринин жолугушуусу 12-июнга белгиленген.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео эгер сүйлөшүүлөр туура эмес багытта жүрсө жолугушуу болбой каларын, АКШ пайдасыз келишимдерге жол бербей турганын билдирген.

Айрым массалык маалымат каражаттары Ким Чен Ын аскердик кагылышуу болуп кетишинен кооптонуп жатканын жазышууда. Түндүк Кореянын өкүлдөрү Ким Чен Ындын учагы кайра кайтып келерине кепилдик берүүнү өтүнүшкөн.