Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаап, мал жандыктарга зыяны тийди

Ат-Башы районунда кар калың жаап, бир чабандын 200 койу өлдү,-деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

“ӨКМге Нарын облусунун Ат-Башы районунда Ак-Сай өрөөнүндөгү Үч-Эмчек тилкесинде кар калың жаагандыгына байланыштуу бир чабандын кыркылган 200 койу өлгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн”,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Ысык-Көл жана Ак-Суу районунда кар жаап, Тамчы айыл аймагынын Кайкы жана Чок-Тал жайлоолорунда, ошондой эле Ак-Суу районунун Жыргалаң а/а. Ак-Сай, Чымынды-Сай, Көк-Сай, Көк-Бел, Арашан, Алмалуу, Шахты жайлоолорунда кар калың жаагандыгына байланыштуу, мал жандыктарга зыян келген.

 

Бул боюнча ӨКМ кошумча маалымат бериле тургандыгын билдирди.