Түркмөнстанда азык-түлүк каатчылыгы уланууда

“Мамлекеттик дүкөндөрдө шекердин килосун 7 манат (2 доллар) турат. Айрым соода түйүндөрүнүн текчесинен табуу мүмкүн эмес. Жеке дүкөндөрдө аны 9-10 манаттан сатып, сатуучулар шекердин баасы жакында 15 манатка чыгарын эскертишүүдө”, — делет “Азаттыктын” маалыматында. Аталган маалымат булагында ошондой эле Түркмөнстанда шекер баасы мындан ары да кымбаттай турганын, учурда азык-түлүк дүкөндөрүндө узун кезек жаралып жаткандыгын, шаар тургундары негизинен кумшекер, ун жана суу май үчүн кезекке турушкандыгын жазат.

белгилей кетсек, акыркы учурларда балдар тамак-ашы, гигиена каражаттары кымбаттап кеткен.