Мирлан САМЫЙКОЖО, акын: «Агайыбыз машина белек кылышат экен деп, айдоочулук күбөлүк алып алыптыр»

Расмий маалыматтар боюнча республикада 2236 мектеп бар. Быйыл 9-классты 94 миң окуучу аяктаса, 11-классты 60 миңдей окуучу бүтүрөт. КРдин Билим берүү жана илим министринин тиешелүү буйругуна ылайык, акыркы коңгуроого жана бүтүрүү кечелерине акча чогултууга тыюу салынды. Мугалимдерге белек берүүгө да чек коюлду. Окуучулар мурдагыдай автоунаалар менен ээрчишип, айыл аралап, шаар аралап сейилдешпейт дагы. Акыркы коңгуроо аземи мектептин короосунда гана белгиленип, башка эч жерде уланбашы керек.

Бүтүрүүчүлөрдөн белек

Акыркы жылдары 10,20 жылдыкка келген бүтүрүүчүлөрдүн арасында кайрымдуулук иштерди жасоо салтка айланып бараткандай. Буга мисал, Кепер-Арык айылындагы Качкынбай Артыкбаев атындагы орто мектептин 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү, жолугушууга келип ырдап-чордоп, акчаны асманга чачып кетүүнүн ордуна пайдалуу ишке жумшоону туура көрүшкөн. Алар айылдагы эскилиги жетип, кулап түшөйүн деп калган көпүрөнү кеңейтип, оңдоп түздөп беришкен.

Осмонкулов Жекшенбектин айтымында бул ишке 8 бала баш оту менен киришип, 20 миң сомдон акча чогултушкан. “Бул демилгени арабыздагы Данияр Мукеев деген жигитибиз көтөрүп, оюн ортого салды. Ойлонуп көрсөк, эң туура иш экен. Анын үстүнө бул көпүрө эскирип, бир жеңил автоунаа араң өтчү. Ошондо дагы дөңгөлөктөрү батпай, адам өмүрүнө коркунуч келтирип калган. Ошол себептен, 20 жыл мурун окууну бүткөн экенбиз деп чогулуп, анын урматына ичкилик ичип, мас болгондун ордуна айылга пайда келтирели дедик”, – дейт Жекшенбек Осмонкулов.

Классташтар бул көпүрөнү оңдоо иштерине бир жума убакыт коротушкан. Ошондой эле айылдын бош жүргөн балдары да кол кабыш кылышкан. Ушундай эле жакшы жышаан Өзгөн районунун Кашка-Терек айылында дагы орун алды. К.Кулматов орто мектебин 20 жыл мурда аяктаган балдар айылдагы жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү үй салып беришти.

Аталган мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн бири Айтмамат Сатиев: “Дасторкон жаюуга кеткен чыгымды, кайрымдуулукка жумшоону эп көрдүк. Биздин айылда жалгыз бой эне оорукчан кызы менен жашачу. Апанын үйү эскирип, такыр эле жарактан чыгып калганын көрүп, өткөн жылдын күз айларында там салып берели деген чечимге келгенбиз. “Жакшы тилек – жарым ырыс дегендей”, – балдар убадаларына бек туруп, курулуш иштерин өткөн айда баштаганбыз. Кудай буйруп болжогон убакта бүттүк. Бүгүн апага салтанатуу түрдө тапшырабыз”, – дейт А.Сатиев. Ал үйдү тургузууга 20 бала 15 миң сомдон чогултканын кошумчалады. Ал эми 1998-жылы бүтүргөн кыздар апанын үйлүү болушун куттуктап, үй эмеректерин белекке беришмекчи. Кудайдын кулагы сүйүнсүн. Ылайым ысырапкорчулук жоюлуп, ушундай иштер жасала берсин. Бул эр азаматтардын кылган ишин уккандар, көргөндөр алардын жолун жолдоп, учугун улаар…

 

Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВ, акын: «Анда мен уялчаак Бердибек болчумун»

2005-жыл. 25-май. Бул күнү менде өзгөчө толкундоо сезимдери болгон. Өзүмдү башка бир дүйнөгө, башка бир ааламга аттанып кетип аткандай сезгем. Көрсө баёо болгон экенбиз. Ошондогу биздин ойлорубуз таптаза экен. Азыр кээде туруп, окуучулук күндөрүмө кетким келет…

Бишкекке окууга өткөндө элеп-желеп болуп сүйүнгөнүмчү. Шаарга келсек эле бизди бактылуу жашоо, таза дүйнө, укмуш жакшы инсандар күтүп жаткандай элестетиптирмин. А бирок, андай эмес экен. Борборго келип жакшы да, жаман да адамдарга жолуктум. Башында жаманын билбей, аларды ээрчип кеткен күндөрүм болду. Кийин кагылдым, согулдум. Жашоого, дүйнөгө болгон көз карашымды өзгөрттүм. Бирок, бир максатымдан тайган жокмун. Ал – менин акындык өнөрүм. Абитуриент болуп келгени, кыргызга таанымал, белгилүү акын болом деген чоң максатты койгом. Дале болсо, ошол ой-тилегиме жетүү үчүн, чыгармачылыкка баш-отум менен киришип, аракеттенип келе жатам. Ал эми акыркы коңгуроо дегенде, көз алдыма шолоктоп ыйлап алган классташ кыздарым, эжейлерим эсиме түшөт. Мектептин аянтчасында ыр окуп, күү черткеним көз алдыма тартылат. Айтмакчы, 25-майда мен биринчи жолу тамада болгом. Класс жетекчимдин буйругу менен өзүбүздүн отурушту алып баргам. Анда мен уялчаак Бердибек болчумун. Кантип тамада болгонумду билбейм. Азыр элестете да албайм.

 

Мирлан САМЫЙКОЖО, акын: «Агайыбыз машина белек кылышат экен деп, айдоочулук күбөлүк алып алыптыр»

Акыркы коңгуроо бул – турмуш жолундагы алган багытыңдын башталгыч коңгуроосу экен…

Бүгүн негедир биздин 10-жылдыкка баргандагы бир кызык окуябыз эсиме түштү. Жолугушуу кечесин бир өткөрөбүз, бир өткөрбөйбүз болуп классташтар чогула албай жүрдүк. Акыры жолугуша турган болуп, кеңешме өткөрдүк. Адатта, 10-20 жылдыкка келген бүтүрүүчүлөр мектепке, мугалимдерге деп атайын белек камдап келишет эмеспи. Биз да ошол салт боюнча талашып-тартышып, аягында класс жетекчибизге телевизор, кир жуугуч машина алып бермей болдук. Ошондон көп өтпөй эле, биздин айылда 10 жылдыкка келгендер агайына машина белек кылган жатышыптыр деген сөз тарап кетиптир. Нуку агайыбыздын кубанычы койнуна батпай, сүйүнүп: “Мен окуткан балдардын колунан келмек. Мен аларга ишенгем”,-деп атайын барып айдоочулук күбөлүгүн алып алыптыр. Агайыбыздын машиналуу болом деп сүйүнүп жатканын укканыбыз менен, аны алып берүүгө чамабыз жетпейт болчу. Ошентип, 25-май келди. Баарыбыз мектепке бардык.

Концерттик программа аяктап, баягы белектерибизди бере турган учур келди. Сабак берген мугалимдерибиздин бардыгына ыроолоп белек камдаганбыз. Аларды тапшырып бүтүп, эң аягында класс жетекчибиз Турдукулов Нуку агайыбызга ырахматыбызды, ыраазычылыгыбызды айтып, кир жуугуч машинабызды алып чыксак, ошол жердеги элдердин баары каткырып, бир топко чейин күлгөнбүз.

 

Нурзада ЖОЛДОШОВА, ди-джей: «Эже-агайларга жакшы сөзүбүздү арнайлы, маанайларын көтөрөлү»

Акыркы коңгуроо ар бир адамдын эсинде түбөлүк сакталып калчу көз ирмемдердин бири. 

Анын сыңарындай, мектепти бүтүрүп, келечекке карай чоң кадам таштаган кезим менин да эсимде. 25-майда аябай ыйлагам. Көңүлүм уйгу-туйгу болуп, билим алган уямдан учуп кетип жатканыма бир эсе ичим ачышса, бир эсе чоң окуу жайда окуйм деп кубангам. Учурдан пайдаланып мени окуткан мугалим эже-агайларыма рахмат айткым келет. Ошондой эле, сиздерди да ушуга чакырам. Азыр техниканын өнүккөн заманы эмеспи. Жанына барбасак дагы, телефон чалып куттуктап, жан эргиткен жакшы сөздөрүбүздү арнап, маанайларын көтөргөнгө жарайлы.

 

«Коңгуроонун добушунда биздин балалык бар» 

Шыңгырады мына акыркы коңгуроо,

Балалыкка коюп соңку чекитти.

Тээ алыстан классташтар, курбулар,

Чоң турмуштун коңгуроосун эшитти.

Мага бул жолу коңгуроонун үнү ушунчалык мукамдуу, жагымдуу угулду. Ал шыңгырап жатканда, алгач ирет апам менен ээрчишип 1-класска келгеним, андан соң алиппени таанып, окууга болгон кызыгуум артып мектепти көздөй шашканым көз алдыма тартылды. Жогорку класска көчкөнүм, сабактагы жетишкендиктерим ж.б. тизмектелип отурду. Бүтүрүүчү класс болуп, мектепти аяктап кетип жатканымды сезгенде, эмнегедир ыйлагым келди. 11 жыл бою бирге окуган классташтардан, эже-агайлардан алыстоо кыйындай туюлду. Коңгуроонун үнү улам сайын басаңдап, акырындап баратты. Бирок, мен ичимден ал токтобосо экен деп жаттым. Себеби, коңгуроонун добушунда биздин балалык бар. Ал биз сыяктуу бүтүрүүчүлөргө мукамдуу угулса, мотурайган кичинекей окуучуларга дем болуп угулат. Мен бардык эже-агайларыма рахмат айтам. Ал эми мектеп уясынан учкан темир канаттарга ак жол жана ийгилик!

МИРБЕК кызы Айдана, Барктабас орто мектебинин 11-классынын окуучусу

 

 

Даярдаган Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”