Өмүрбек АБДРАХМАНОВ: «Тамчылатып сугарууну жайылтуу керек»

Ишкер, белгилүү саясатчы Өмүрбек Абдрахманов эки жылдан бери Европадан алманын көчөттөрүн алып келип өстүрүп жатыптыр. Көчөттөр — Италияныкы, тамчылатып сугаруу ыкмасы — Израилдики, ал эми жер семирткичи — Түркияныкы. Экс-депутат баш-оту менен кайрадан бизнеске кириптир. “Мен 70 жашка караганда агрардык бизнести да көрөйүн дедим. Мурда алма багуу тууралуу түшүнүгүм аз болчу. Бирок, аракет кылган адам баарын үйрөнөт экен. Бишкектеги эки квартирамды сатып ушул алма бизнесине жумшадым”, — деп, Өмүрбек ага бакчасын көрсөтүп жүрдү. Алма багынын чет жагына батыштын үлгүсүндөгү эки кабат там салыптыр. Үстүнкү кабатында уктоочу үч бөлмө, даараткана жана жуунучу жайы бар. Алма бакты карап туруу үчүн эс алуучу бөлмөсүнүн дубалы жалаң айнектен курулган.

– Өмүрбек агай, Италиянын карлик көчөттөрүнүн өзгөчөлүк- төрүнө токтоло кетсеңиз?

– Италиядан Кыргызстанда буга чейин кездеше элек алмалардын сортторунун көчөттөрүн алып келип жатам. Булардын И.Мичуриндин демейки алма сортторуна караганда түшүмдүүлүгү үч-төрт эсе жогору. Көчөттөрдүн аралыгын 80 см. калтырып, тамчылатып сугарууга ылайыктуу отургузулушу керек. Бизде өстүрүлүп жаткан алмалар бир жылы түшүм берсе, кийинки жылы түшүм бербегенине көнүп калганбыз. Ал эми Италиянын карлик алмалары жыл сайын мөмөлөйт. Беделине жеткенде гектарына 70 тоннага чейин түшүм жыйноого болот. Совет учурунда бул жерде ири алма багы болгон. Союз тараганда элге жер бөлүнүп берилип, алма бак каралбай куурап отунга айланып кетиптир. Мен элдин 25 гектардан ашык жерлерин сатып алып, кайрадан алма бакка айландырып жатам. Эгерде Сербиядан, Түркиядан, Болгариядан келген арзан көчөттөрдү сатып алсаң, алардын 50 пайызы начар чыгууда. Ал эми Италиянын көчөттөрүнөн жаңылбайсыңар. Көчөттөрдү ташып келгенден кийин 1,5-2 сутка тикпей туруш керек. Анткени, көчөттөр жолдо келе жатканда эки градус туруктуу температураны кармай турган атайын машинада сакталат. Шопурлар узак сапарда талаптагыдай жылуулукту сактабай, көчөттөргө зыян келтирип койбошу үчүн машинанын ичине 2 градус жылуулук сакталганын “айтып берүүчү” жашыруун аппарат коюлат. Булар тиккен эле жылы бир аз мөмө байлайт. Бирок, түйүлгөн мөмөсүн алып таштоо кажет. Ошого карабай он-чакты жашик алма жыйнадык. Карлик мөмө бактар зыяндуу курт-кумурскалардан алдын алуу үчүн дарылоого да ыңгайлуу. Бактардын аралыгы техниканын кирүүсүнө ыңгайлуу болуп тигилет. Мөмөсүн жыйнаганда да кыйынчылык жаратпайт. Бул жерде дээрлик баары күзгү жана кышкы сорттогу алмалар. Быйыл гектарына 10, эмдиги жылы 25 тоннадан түшүм берет. Андан кийинки  жылдары 40 тоннадан 70 тоннага чейин алма алууга болот. Алманын жаңы тиккен көчөттөрү 25-30 жылга чейин картайбайт. Бул алма аянтынын араларына башка өсүмдүктөрдү отургузууга болбойт. Себеби, ар бир өсүмдүктүн өзүнүн өзгөчө оорулары болгондуктан алар алмаларга зыян келтириши ыктымал.

– Эми тамчылатып сугаруу ыкмасына токтолсоңуз.

– Мөмө бактарын өстүрүүдө Европанын тажрыйбасы абдан алгылыктуу экенин турмуш өзү далилдөөдө. Бул көчөттөрдү арыкка суу жыгып келип сугарууга такыр жарабайт. Суу бир көчөттүн түбүн жырып агып, бирине аз жетип, тиешелүү тең салмактуулук сакталбай көчөттөр кыйналат. Дүйнөдө Израиль мамлекети тамчылатып сугаруунун эң мыкты системасын жайылткандыгы менен белгилүү. Биз Кыргызстанга сугаруунун ошол жаңы системасын кеңири жайылтпасак болбойт. Алманын топурагынын нымдуулугу 80 пайыздан кем болбошу керек. Ал үчүн күн сайын 2 саат гана тамчылатып сугарабыз. Ага мына ушул нымдуулук жетет.

Тамчылатып сугаруунун жабдууларын орнотуп алгандан кийин багбандын түйшүгү бир кыйла жеңилдейт. Мындагы агрегаттан коё берилген суу ар бир көчөткө келип жетет. Алма талаасына баруучу суу шлангдын тешигин бүтөп, көйгөй жаратпоосу үчүн адегенде кум-чоподон арылып тазаланышы керек. Ал үчүн мен суу резервин кармап туруучу 2,5 метр тереңдиктеги бассейн курдум. Көчөттөр мен үчүн чоң капитал. Ошондуктан аларды бир күн да суусуз калтырууга болбойт. Сугат мезгилинде суу тартыш болуп калса, бассейнде бир жумалык суунун кору турушу керек. Андан тышкары, күндүн нурунун жылуулугун алып, агып барган жылуу суу көчөттөргө жагымдуу. Бассейнден суусу чыпкалоочу жабдууларга агып барат. Чыпкалоочу аппарат сууну тазалап, жанындагы темир бочкадан топурактын кыртышына керектүү жер семирткич кошулмасын ченеми менен шлангга кетүүчү сууга кошуп турат. Ушунун баары Европанын мөмө бактарын интенсивдүү өстүрүүнүн бай тажрыйбасы. Былтыркы жылы 20 миң көчөт тиккем. Быйыл дагы 20 миңди отургуздум. Буюрса, келерки жылы муну дагы улантам. Дагы бир маанилүү жагдайды айтып кетейин. Бир сорттуу алманы тигүүгө болбойт. Анткени чаңдашпай калат. Ошондуктан мен бул жерге 4 түрдүү сорттогу көчөттөрдү алып келгем. Андан тышкары, алма багынын арасына бал челек кармаган жакшы. Аары чаңдашуунун натыйжалуулугун жогорулатат.

Бул көчөттөрдү колдон келишинче май айынын жарымына чейин отургузуу керек. Айрым учурда июнь айынын башында отургузууга болот. Алма тоо этектей отурукташкан айылдарда жакшы өсөт. Мындан Ысык-Көл өрөөнү алма багууга абдан ыңгайлуу.

– Чек арачылардыкындай кароол постту бул жерге эмнеге орнотуп алгансыз?

– Өткөн жылы түн ичинде көчөттөрүмө уурулар кирди. Жаңы отургузган 100гө жакын көчөттү ташып барышып, машинесине батпаганын окчунураак жерге таштап кетишиптир. Кайра алып келип отургузганымда жарымы куурап калды. Ошону үчүн бийик кароол постун орнотуп, кароолчу койдум. Андан тышкары, алма аянтынын бир нече жерине прожекторлорду орноттум.

– Алмаларыңызды кайсы жакка сатууну пландап жатасыз?

– Россияга жана Кытайга экспорттосо болот. Мен ишкер катары адегенде Россиянын алма рыногун кыдырып иликтеп келдим. Россия өз элин алма менен 30 пайызга гана камсыздап жатат. Ал жакта 1000-2000 гектарга алма бактарын отургузган аймактар аз эмес. Мисалы, Кабардин-Балкар Респубикасы, Краснодар крайы алманын мекени десек болот. Аларда багбандын чыгымынын 50 пайызын мамлекет көтөрөт. Казакстан дагы багбандарын колдоонун ушул жолуна бара жатат. Ал үчүн алманын экспортко багытталган сортторун өстүрүү керек.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”