Өрткө чулганган Пентхаус

Борбор калаабызда заманбап көп кабаттуу үйлөрдүн курулушундагы мүчүлүштүктөр менен А.Акаевдин мезгилинен бери жылдап курулбай жаткан объекттер тууралуу буга чейинки макалада учкай токтолгон элек. Бул сапар ошол эле көп кабаттуу үйлөрдү өрт кырсыгы менен коопсуздук эрежелеринин сакталышы жана Бишкек шаары менен Орто-Сай айылынын ортосундагы жер алдындагы тектоникалык жарака тууралуу кененирээк токтолууну эп көрдүк.

Эсиңиздерге салсак, буга чейин Бишкек шаарындагы “Борсан Констракшн” курулуш компаниясына таандык Панфилов менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишиндеги 13 кабаттуу үйдүн үстүнкү кабатынан (пентхаустан) өрт чыгып, аны өчүрүүдө 13 кабатка ылайыкташылган техниканын жоктугунан чачкан суу толук жетпей жатканын өрт өчүргөн кызматкерлер айтышкан. Көп кабаттуу үйдүн чатыры жана жогорку кабаты өрткө чулганганда анын жашоочулары “булар эч нерсе кыла албай жатышат, баары күйүп кетмек болду” деген. Өрт өчүрүүчү кызмат менен байланышканыбызда алар болгону АКП – 50 деген элүү метрлик шатылуу бир гана транспорт бар экенин айтышты. Бактыга жараша атайын кызмат өрттү өчүрүүгө жетишип, адамдар жабырланган жок.

Ушундай эле көрүнүш Элебаев көчөсүндө жайгашкан “Кыргызстройсервис” компаниясы куруп жаткан имаратта болуп өткөн. 13 кабаттуу үйдөгү өрт кырсыгын жоюуда мындай жагдайлар жаралып жатса, андан бийик 18 кабатка чейин курулган турак үйлөрдө жашаган адамдардын абалы кандай болот деген суроо жаралбай койбойт. Ошондуктан бийик көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат берерден мурда биринчи кезекте курула турган объекттин коопсуздугуна көңүл бурулушу шарт. Эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып Кыргызстандын курулуш тармагы дүркүрөп өнүгүп жатканы кайсы, эгер жогорку кабатта жашагандардын коопсуздугун камсыздоодо жогорку кабатка жете турган элементардык өрт өчүрө турган техникабыз жетиштүү болбосо. Бул көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын коопсуздугун сактоодогу негизги маселелердин бири болсо, экинчи жагдай дегеле Асанбай кичи району тараптагы жердеги тектоникалык жараканы эске ал-бастан курулган көп кабаттуу үйлөр жер титирөөгө туруштук бере алабы деген маселе.

Анткени көпчүлүк тектоникалык жарака тууралуу так биле беришпейт. Жогорку Жал кичи районунан 10-кабаттан батир сатып алган жаран кайрадан үйүн сатайын деп кардар тапса, ал “сиздин батириңиз 9 кабаттан жогору курулбай турган жерге курулуп калыптыр” деп батирин алуудан баш тартканын айтты. Демек, 9-кабаттан жогорку батирлерди сатып алган кардарлар бул жагдайды да тактап алышса ашыкча болбос…

Унутта калган коопсуздук, кулпуланган тепкичтер…

Ал эми союз кезинен бери борборубузда курулуш тармагында эмгектенип келген “Бишкеккурулуш” компаниясынын башкы директору Аскар Молдобаевге көп кабаттуу турак үйлөрдөгү коопсуздуктун сакталышы боюнча кайрылганыбызда ал: “Азыркы учурда салынып жаткан көп кабаттуу үйлөр сейсмикалык жактан жаңы долбоор боюнча талапка жооп берет. Бирок, бардык курулуштар көзөмөлдөн көз каранды. Курулушту үч киши көзөмөлгө алат. Бирөө – долбоордун автору, экинчиси – ошол курулуш компаниянын техникалык көзөмөлчүсү, үчүнчүсү – экотехинспекциянын көзөмөлү болушу керек. Мына ушулардын ишинин канчалык таза, так аткаруусуна байланыштуу болот. Булар ар бир коопсуздуктун сакталышына жооп беришет. Бирок, курулуп бүткөн үйдүн эксплуатация жагы начар болуп жатат. Себеби бизде иш алып барып жаткан үй башкармалыктары элге жетиштүү кызмат көрсөтүүнү билишпейт. Алардын жадагалса электриктери, сантехниктери да жок. Өрткө каршы сигнализациянын иштешин, өрт коопсуздугу боюнча жабдыктарды өз убагында алмаштырып, оңдоп турууну билишпейт. Өрт учурунда элди эксплуатациялоодо колдонула турган атайын тепкичтердин дээрлик баары кулпуланып же ачылгыс болуп ширетилип турат. Андан сырткары үйдүн ичинде өйдөңкү кабатка шланг менен туташтырылып суу жибере турган система болушу керек. Ошондуктан бул коопсуздуктар боюнча эч кандай кепилдик берүүгө болбойт. Анткени булардын баары коопсуздукту сактоодогу негизги элементтер. Курулган үйлөр талапка жооп бергени менен эксплуатация талапка жооп бербейт. Ушул маселелерди көзөмөлгө алган кызмат жок. Буга байланыштуу Өкмөткө курулган үйлөрдү тейлей турган атайын кызмат ачалы деген сунуш менен кайрылдым. Союз кезинде коопсуздук абдан катуу көзөмөлдө болчу. Мына бизде имараттар, базарлар өрттөнүп жатат. Булардын баары коопсуздуктун алдын ала турган кызматтын жоктугунан улам болуп жатат. Асанбай кичи районунда, Авто-бекет менен Киев көчөсүндөгү 18 кабат үйлөрдүн өрт учурунда колдонула турган тепкичтеринин баары кулпуланып турат. Кокус ал үйлөрдө өрт кырсыгы болсо, эч ким чыга албай калышы мүмкүн”,– деген пикирин билдирди.

Асанбай каналынан башталган тектоникалык жараканын туурасы 1,5 чакырым

Союз кезинде шаардын түштүк-батыш тарабындагы жердеги тектоникалык жаракадан улам Асанбай кичи районуна чейин гана көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна уруксат берилгенине карабай, КР УИАнын Сейсмология институту ал жараканы өйдө жылдырып, Орто-Сай айылына жакын деп корутунду чыгаргандыктан, азыр ал тарапта көп кабаттуу үйлөр байма-бай салынып жатат. Андыктан бул жагдайды тактоо үчүн Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов менен байланыштык: “Биз ал жердеги тектоникалык жараканы тактоо максатында изилдөөлөрдү жүргүздүк. Учурда эл аралык деңгээлдеги стандарттарга таянып, курулуш эрежелерин өзгөртөлү деп жатабыз. Совет убагында бул тектоникалык жараканын узундугу 150 чакырым, туурасы 1,5 чакырымга жетет деп, бул мерчемге курулуш иштерине, анын ичинде көп кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу салынган болчу. Бирок, азыр курулуш тармагы өнүктү. Учурда жараканын туурасын кыскартуу үчүн атайын долбоордун үстүндө иш алып баруудабыз. Аталган долбоор 1 же 2 айда даяр болот.

Жердеги тектоникалык жараканын узундугу Шамсыдан башталып Сосновкага чейин жетет. Эми жараканын туурасын изилдеп көрсөк, КРнын желеги турган жерден тартып, Асанбай каналына чейин жетет. Андыктан азыркы тапта курулуп жаткан үйлөргө көп деле коркунуч жаратпайт. Анүстүнө көп кабаттуу үйлөр сейсмикалык туруктуулукту эске алуу менен 9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере ала тургандай болуп курулуп жатат. Тектоникалык жарака жер астынан кеткендиктен анда сейсмикалык толкундар канчалык деңгээлде болот деген маселе турат. Жараканын туурасы мындан кыска да болушу мүмкүн. Биз аны изилдеп көрдүк. Жарака жылганда пайда болгон сейсмикалык толкундар 1,5 чакырымга жетпейт. Себеби ал толкундар жердин астынан өткөндүктөн акырындык менен басаңдай баштайт. Ал эми жаракадан башталган толкун 1,5 чакырымга чейин жетсе, ал сөзсүз токтойт. Аны да изилдеп көрүп, сейсмикалык толкун бир топ эле төмөн болот экен деген жыйынтыкка келдик. Совет мезгилинде жараканын туурасы 1,5 чакырым деп божомол менен жазылып калган”, – деген маалыматын айтты. Андыктан борбор калаабыздын ар кайсы бурчунда курулуп жаткан заманбап, бийик кабаттуу үйлөрдөн батир сатып алууда, ар бир жаран өз коопсуздугун камсыздоо максатын көздөсө, жогоруда айтылган жагдайларды эске ала жүрүүсү керек турбайбы деген бүтүмгө келдик…

Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”