Жакшы иштер башталган жарым жыл же Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанды кыр ашырууга багытталган кадамдары

Сооронбай Жээнбековдун Президенттик кызматына киришкенине алты айдын жүзү болду. Кыргыздын “Түбөлүгү түз болсун” деген ак тилектен айтылган сөзү бар. Бул аралыкта Президент Сооронбай Жээнбеков –Кыргызстандын ички-тышкы саясатын, бүгүнкү жана эртеңки саясий-экономикалык, социалдык өнүгүүсүн аныктаган кадамдарды жасай алды деп ишенимдүү айта алабыз.

Тышкы саясат

Кандай гана мамлекет болбосун эл аралык алакаларсыз жашай албайт. Баарыдан мурда коңшу жана стратегиялык өнөктөш мамлекеттер менен ынтымак-ырашкерликти, карым-катышты арттыруу Мамлекет башчысынын башкы милдети. Сооронбай Жээнбеков салтка айлангандай Мамлекет башчысы катары биринчи расмий иш сапарын Россияга жасаган. Бул иш сапары Россия тарабынын чакыруусу менен болду. Россия – азуусун айга жанган, ааламда өз үнү, өз жолу бар зор өлкө. Көптөгөн түрдүү багыттагы (ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ ж.б.) эл аралык келишимдер, тамыры терең кеткен тарыхый окуялар байланыштырып турган, Кыргызстандын бирден-бир стратегиялык өнөктөшү ушул –Россия. Президенттин Россияга жасаган иш сапарынын максаты эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана бекемдөө багытында болду.

Анын тышкы саясаттагы кийинки кадамдары коңшу өлкөлөр менен мамилени жакшыртууга жумшалды. Кыргызстан дал ушул жагынан өксүп турган. Баарыдан дагы тили, дили бир эгиз эл, ушу турган Казакстан менен каш-кабагыбыз келишпей, элге белгилүү себептерден улам чек аралар жабык турган. Президенттин Казакстанга жасаган расмий иш сапары бул маселелерди жөнгө салды, чек ара көйгөйү унутулуп, учурда турмуш өз жолунда уланууда. Сооронбай Жээнбеков кылым коңшуларыбыз Өзбекстан, Тажикстанга да барып башкы көйгөй болгон чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо, экономика, маданият, медицина, билим берүү өңдүү гуманитардык багыттардагы алака-катышты арттыруу жаатында көп маселелердин башын ачып келди. Тышкы саясатта Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчи болуп тааныган Түркия менен да алакабыз сууп кеткенин жакшы билебиз. Анын себептерин айтып отуруунун кажети жок.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга жасаган расмий иш сапарында эки өлкөнүн ортосундагы муздаган мамилелер жөнгө салынып, жаңы багытта өнүгүүгө жол алды. Баарыдан да мурда мамлекет башчыларынын ортодогу товар жүгүртүүнүн жылдык көлөмүн 1 млрд. долларга чейин жеткирүүнү көздөп жатышы көп нерселерден үмүт арттырат. Ошондой эле жакында мамлекет башчынын Кытайга расмий иш сапары күтүлүүдө. Кыргыздын “Кытай козголсо кылым козголот” деген сөзү бар. Экономикалык көрсөткүчү жагынан АКШнын шаштысын алып, алдыга озуп бараткан бул кылым коңшубуз менен бардык багыттарда кызматташуу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Бир сөз менен айтканда Президенттин алты айдын аралыгындагы тышкы саясаттагы ишмердүүлүгү жемиштүү болду.

Ички саясат

Сооронбай Жээнбековдун бул мезгилдеги өлкөнүн ички саясатындагы аракеттери негизинен сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюуга багытталды. Бул эл көптөн күткөн кадам болчу. Бул тармактардагы коолап кеткен коррупция Кыргызстанды карыш бастырбай тушап турган, көпчүлүктүн көңүлүнө көк таштай тийген, мамлекеттик институттарга элдин ишенимин кетирген көрүнүш болчу.

Президент Сооронбай Жээнбеков өткөргөн Коопсуздук кеңешинин эң биринчи жыйынында дал ушул талылуу маселе каралды. “Мен Кыргызстандын бардык булуң бурчунда болуп, эл менен жолугуштум… Эл мамлекеттик органдарды колу таза эмес кызматкерлерден тазалоону талап кылып жатат. Элдин үнүн угуп, бул ачуу чындыкты моюнга алууга туура келет. Коррупция менен күрөш бүткүл элдик мүнөзгө ээ болушу керек. Коррупция менен күрөш бир гана укук коргоо органдары менен чектелбейт. Биз коррупцияны бардык тармактарда – бийликтин эң жогорку эшелонунан тартып, ар бир айылдык аймактарга чейин эч кимдин көзүнө карабай туруп түп-тамыры менен жоюшубуз керек. Биз коомду коррупция деген оорудан арылтабыз! Коррупция менен күрөшүүгө менин саясий эрким жана кайратым жетет”, — деген сөзү чагылган түшкөндөй эле болгон.

Көп өткөн жок. Прокуратура, милиция, сот, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматтарындагы, кыйладан бери бул тармактарды сүлүктөй соруп келген кызматкерлердин башына ошол чагылган тийди. Аттарын айтып отурбайлы, көпчүлүгү кызматтан айдалып, Президенттин мындай чечкиндүү кадамдары элдин ишенимин жаратты. Коопсуздук Кеңешинин кийинки жыйыны Сот реформасына арналды. “Мен Калыгул олуянын “Калыстык өргө түртөт, ач көздүк көргө түртөт” деген сөзүн эсиңерге салып коеюн. Сот – адамдар калыстык күткөн акыркы инстанция, соттор өзүнүн абийиринин жана Кудайдын алдында таза болушу керек… Сот системасындагы өзгөрүүлөр коомду өзгөртүп, биздин өсүп-өнүгүшүбүзгө жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды жоет. Өлкө ошондо гана туруктуу өнүгүүгө багыт алат. Сот реформасы менин жеке көзөмөлүмдө турат”, -деди Президент. Президенттин коррупция менен күрөшүү аракетине байланыштуу эксперт Алмазбек Акматалиевдин “Кыргыз Туусу” гезитине мындай деп айткан пикирин келтире кеткеним жөндүү болуп турат. “Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүүдө президент катары конституциялык укугунан тышкары моралдык да катуу талаптарды койгонго укугу бар. Анткени ал өзү таза. Ал жогорку кызматтарды ээлеп келген. Анын мурдагы иштеринен эч ким илинчек таба албайт. Бул ага эбегейсиз зор моралдык укук берет. Бир гана өзү таза адам коррупция менен күрөшө алат. Кыргызстандын шартында адамдын тазалыгы өзгөчө мааниге ээ. Мындай моралдык укук конституциялык ыйгарым укуктан да жогору турат”,-дейт ал. Бул жерде көп нерсе айтылган. Кайталап отурбайлы. Сооронбай Жээнбековдун мамлекет башчысы катары алты ай ичиндеги саясий кадамдары өлкөдөгү бийлик бутактарын ишенимдүү аракетке түрттү. Айрыкча, Жогорку Кеңеш өзүнө келип, чечкиндүү иш-аракетке өтүп экс-премьер-министрдин өкмөтүнүн отчетун кабыл албады. Бул болсо Премьер-министр М.Абылгазиевдин жаңы өкмөтүнүн келишин шарттады. Анын натыйжасында өлкөдө бир катар кадрлык өзгөрүүлөр болуп өтүп, бийлик бутактарына жаңы адамдар келишти. Эл алардан көптү күтүүдө. Кечээ болсо Жогорку сотко сунушталган айрым судьялардын талапкерлигин электен өткөргөн жок. Ошондой эле Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБинен чыккан чуулгандуу чырды катуу териштирип, тиешелүү органдарга укуктук баа берүүнү тапшырды. Укук коргоо органдары да укурукту узун таштап, ЖЭБдеги жана башка тармактардагы коррупциялык иштерге аралашкандардын алдын камап, артын суракка алууда. Алардын кимдер экенин коомчулук жакшы билет. Башкысы коррупцияга каршы күрөштү Президент Сооронбай Жээнбеков чечкиндүү колго алды.

Аймактар өнүксө – өлкө өнүгөт

Президенттин үстүбүздөгү жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп аташы музду ордунан козгогондой эле болду. Өзгөчө эл тарабынан кызуу кабыл алынып, колдоого алынып кетти. Белгилей кетүүчү нерсе Сооронбай Жээнбеков эгемендик тарыхыбыздагы катардагы зоотехник кызматынан, мамлекет башчысына чейинки бардык тепкичтерди басып өткөн Президент болуп саналат. Андыктан элет элинин көйгөйүн, муктаждыгын, экономикалык потенциалын жакшы билет. Себеп дегенде калкыбыздын 65-70 пайызы аймактарда жашайт. Унутулган аймактар, жер-жерлердеги жумушсуздук, аймактардагы шаарлардын шаар аты болбосо, инфраструктура дегенден эчтеменин жоктугу ички-тышкы миграциянын булагы болуп келген. Ошол эле учурда аймактар Кыргызстанды кыр ашырып кетире турган эбегейсиз зор экономикалык мүмкүнчүлүккө ээ. Болгону аны ачуу гана керек болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү өнүктүрүүнүн ачкычы мына ушул аймактар экенин жаземдебей баамдады. Аймактарда кайра иштетүү ишканаларын ишке киргизип элди жумуш менен камсыздоо, элеттин инфраструктурасын жакшыртуу, дыйкан-фермерлерди ар тараптан колдоо (салык жеңилдиктери, үстөгү төмөн кредиттер), алар өндүргөн продукцияларды ЕАЭБге чыгаруу, айрыкча тамтыгы чыгып кеткен өлкөнүн ирригация системасын оңдоо, жаңы жерлерди өздөштүрүү өңдүү, буга чейин чети оюлбаган иштер мына быйыл колго алынып отурат.

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жасалып жаткан иштер тууралуу толтура мисалдарды келтирсек болоор эле. Бирок, “Кыргыз Туусу” гезити “Аймактар өнүксө-өлкө өнүгөт” рубрикасынын алдында, дээрлик ар бир санында Президенттин, Өкмөттүн бул багыттагы саясатын кеңири чагылдырып жаткандыктан токтолуп отурбайлы. Ошону менен Сооронбай Жээнбековдун Президент катары ички-тышкы саясаттагы ишмердүүлүгүнүн алты айы, Кыргызстанды алдыга багыттаган алгылыктуу иштер менен коштолууда… Аны эл деле көрүп турат.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”