«Ала-Тоо» аянтында 300 киши манас айтат

31-майда, саат 18:00дө “Ала-Тоо” аянтында 300 киши бир учурда манас айтат. Манас айтуу иш-чарасы төрт саатка уланып, Маданият, тарых, тил каналында түз эфирден көрсөтүлөт.

Ырыс Окенованын айтымында бул иш-чара КТРКнын түптөлгөнүнүн 60 жылдыгына карата уюштурулууда. “Башында кыргыз элинин белгилүү манасчылары кезектешип манас айтышат. Ал эми Ак-Талаа районунан келген 300 киши бир учурда манас айтышат.Манастын күчү элди биригүүгө жана ынтымакка чакырат эмеспи. Ошондуктан, жергебизде тынчтык деген максатта бул ишти уюштуруп жатабыз”-дейт Ы.Окенова.

Манас айтуу 4 саатка созулат. Каалоочулар аянтка келип, манас угуп кетсе болот. Мындан сырткары, “Ак калпак” флешмобу да уюштурулмакчы.