«Айылдагы чабандын айфону, малчынын ноутбугу жок»

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков облустук, райондук гезиттерди жоюу демилгесине каршы болууда. Анын айтымында, алыскы айылдарга интернет жетпегендиктен жарандар аймактык гезиттерден маалымат алышат.

“Айылдагы чабандын «Айфону» жок, тоодогу малчынын ноутбугу жок. Алардын маалымат алуу укугун чектебейли”,-дейт Р.Момбеков.

Эске салсак, Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов аймактардагы ЖМКлары реформалана турганын айтып, айылдык гезиттер Интернет форматына өтөөрүн билдирген. Бирок райондук гезиттердин жетекчилери буга каршы экендигин айтышууда.

Кыргызстанда бюджеттен каржылануучу 34 райондук, 12 облустук гезит жана алты облустук телеканал бар.