№16 колонияда үч киши оозун тиге тургандыгын билдиришкен

Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында жайгашкан №16 абакта үч киши оозун тигүү ниетин билдиргендигин Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка таянсак, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери учурда камакта отургандар менен жеринде сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы бул маалыматты ырастады жана абактагы үч адам ички тартипти бузгандыктан, колония жетекчилиги аларды штраф жайына (ШИЗО) камоону чечкендиктен, соттолгондор буга каршылык иретинде оозун тиге турганын билдиришкендиги туурасында кабарлады.