Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча сот отуруму 5-июнга дайындалды

Депутат Өмүрбек Текебаевге ачылган кылмыш иши боюнча сот жыйыны 2017-жылдын 5-июнуна дайындалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. 2 аптадан кийин депутат Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөн Чотоновгоачылган кылмыш иштери боюнча соттук отурумдар башталмакчы.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы тарабынан «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге «коррупция» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган. 27-февралда Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөн Чотоновду Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту 25-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарып, чечимди кийин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

УКМК «тергөө бүтө элек» деп Текебаевдин мындан кийинки баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сотко кайрылып, 21-апрелде Биринчи Май райондук соту депутатты 25-майга чейин камакта кармоо чечимин чыгарганы белгилүү.

Ал эми 16-майда УКМК депутат Текебаевге ачылган кылмыш ишин тергеп бүтүп Башкы прокуратурага кароого жиберген. Башкы прокуратура материалдарды сотко жөнөткөн.

Булак «super.kg»