Аягы жок алтын чыры

Алтын чайкоочуларга лицензия берүү.

Чычкан капчыгайындагы дарыянын булганышы.

Токтогул элинин ден соолугун ким эске алат?

Алтын тазалоодо кандай гана технология болбосун адам өмүрүнө коркунуч жарата турган калдыктар пайда болору айтпаса да белгилүү. Буга чейин Токтогул районуна караштуу Чычкан капчыгайындагы Узун-Акмат суусунун боюнда суудан алтын чайкаган “Кассана Минералс” ЖЧКсы иш алып барган. Ушул эле компания “Талыбек” деген аталыш менен да иш алып барат экен. Кийин жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам бир нече текшерүүлөрдүн натыйжасында компания өз ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болгон. Бирок, алардын алтынды тазалоодо пайда болгон калдыктарды сактаган көлмөлөрү суунун жээгинде болгондуктан алар жамгырдын суусу менен толуп, дарыяга кошула турган абалга жеткен.

Суу бул эч нерсеге алмаштырылгыс жаратылыш байлыгы. Чычкан капчыгайындагы Узун-Акмат дарыясынын Токтогул аймагында жашап жаткан элдин жашоо турмушунда ролу чоң экени талашсыз. Анткени Токтогул шаарынын жана анын айланасындагы жайгашкан калктуу айылдардын баары бул суудан пайдаланышат. Эгер, жамгыр тынбай дагы бир-эки күн жааганда топтолгон көлмөлөрдөгү калдык суу түз эле дарыяга кошулмак. Мындай абал жаралса, Токтогул элинин акыбалы кандай болмок? Дарыянын ылдый жагынан эл суу ичет. Ошол жерден алынган алтын токтогулдуктардын ден соолугун кайтарып бере албасы турган иш. Андыктан кен казып иштете турган компанияларга уруксат берген тиешелүү мекеме алгач алына турган пайда элге залакасын тийгизбейби деген маселени биринчи коюп, андан кийин гана алардын иш алып баруусуна уруксат берсе.

Курулуш токтогондон кийинки көлмөлөрдөгү сапсары болуп булганган суу толуп турганы тартылган видео социалдык түйүндөргө жарыяланган. Анда алтынды тазалоодо чогулган калдык суулар дарыяга өтө эле жакын жерде экени даана байкалат. Ырас, өндүрүшчүлөр ал жердеги ишмердүүлүгүн токтоткон соң эмнеге ал көлмөлөрдү көөмп же үстүн топурак менен жаап кеткен эмес деген суроо жаралбай койбойт. Мүмкүн убакыт өткөндөн кийин, баары унуткарылып калганда кайрадан ишин улантууну көздөгөндүр. Кооптонуу жараткан бул иштин чоо-жайын тактоо иретинде жогоруда аталаган компания менен байланыша албадык, ал эми Токтогул райондук мамлекеттик экотехинспекциясынын жетекчиси Болот Жапаровго кайрылганыбызда ал алтын чайкаган “Кассана Минералс” компаниясынын иштөөсүнө лицензия берилгени менен үч айлык мөөнөткө текшерүүлөрдөн улам иш токтоп турганын жана көлмөлөрдөгү калдык суулардын дарыяга кошулушуна жол берилбесин, аны көзөмөлдөгөн балдар бар экенинин айтып, бу кооптуу жагдай тууралуу маалымат берди.

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук экотехинспекциясынын башкы инспектору Болот ЖАПАРОВ:

“Мамлекеттик саясатка каршы чыга албайм”

– Болот мырза, компаниянын жүргүзгөн иши боюнча жеринде тааныштыңыздар беле?

– Былтыр декабрь айында жеринде барып көргөнбүз. Жеке менчик компания иш алып баргандыктан түздөн түз кийлигише албайбыз. Биз барып көргөндө суу чогулткуч 3 көлмө жасалган. Ошол учурда ал көлмөлөрдөгү суу анча көп эмес болчу, жарыяланган видеодо суу толуп калыптыр, сарыгып да кирсе керек.

– Жамгырдын суусу менен ошол көлмөлөрдөгү суулар дарыяга кошулуп кетүү коркунучу бар экен?

– Андайга жол беришпейт. Атайын күзөттө балдар бар, ошолор карап иштеп жатышат. Учурда иш токтоп турат.

– Көзөмөлдөп тургандар ошол компаниянын күзөтчүлөрүбү? Сиз өзүңүз былтыртан бери барып көрдүңүзбү?

– Былтыр декабрда барган боюнча бара элекпиз. Жеке менчик компания болгондуктан кайра-кайра бара албайбыз.

– Эл ичкен суунун так түбүндө алтын тазалаган компаниянын иш алып баруусу туура эмес го. Ким уруксат берген? Каршы чараларды көрсөңүздөр болмок экен.

– Аталган компаниянын тиешелүү тармактардан лицензиясы, уруксаты, долбоору бар. Ал жерде иш алып баруу үчүн баардык техникаларын жайгаштырып, жеринде алтынды тазалоо иштерин жүргүзүп башташкан. Биз текшерүү жүргүзүп, эрежелерди сактоодо кетирилген катачылыктардан улам 3 айлык мөөнөт менен жаптырганбыз. Ошол боюнча иш токтоп турат.

– Жеке менчик компанияны кызыктырган ал жерде алтындын кору канчалык экенин биле алдыңызбы?

– Мага белгилүү болгон маалымат боюнча 64 кг. Лицензияда ушундай деп көрсөтүлгөн.

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”