Кыргызстан «каякты караба коррупция» абалынан чыга алабы?

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш апогейине жетип калды. Күн сайын майдандан келген кабардай эле кайсы бир тармакта коррупция боюнча иш козголгону же мурда кол тийгистей туюлган кайсы бир чиновниктин камалганы тууралуу маалыматтар ЖМКлардын бетин каптап кетти. Мындай маалыматтарды окуп отуруп, Кыргызстанда коррупция илдетине чалынбаган деги бир нерсе калганбы деген санаага алдырасың.

Тарых музейиндеги “май-талкан”

Баарынан да коррупциянын суук тумшугу Улуттук тарых музейин шимшилеп, ошол жакта жүргөнү элди катуу ичиркентти. Өткөн жумада ЖКнын “Ата-Мекен” фракциясы журналисттердин коштоосунда музейдеги коррупция жыттанган көрүнүштөр менен таанышып, көчмө жыйынын өткөргөн. Андагы ачыкталган фактылар аныгында эле дене бойду жыйрылтпай койбойт. Белгилүү болгондой, музейди ремонттоп чыгууга бюджеттен 1,5 млрд. сом же 21,5 млн доллар бөлүнгөн. Анын ичинен 10 млн. доллары ремонт иштерине, 12,3 млн. доллары экспонаттар жана жабдууларды ремонттоого жумшалган. Бирок ЖК депутаттары музейге алынган жабдуулардын баасы жогорулатылган деген пикирде. Бир гана мебель алууга 890 млн. ашуун сомдун жумшалышы көптөгөн суроолорду жаратууда. Ал мебелдерин деле көрдүк. Көрүп туруп ишене албайсың. Бир эле итирейген жумшак үстөлү 100 миң сом. Канчалык Германиядан алынып келинген дебейли, баасы эч окшошпойт. Ал эми музейдин ичин жасалгалоого 690 млн. сом жумшалыптыр. Ушул каражаттын эсебинен жасалган “Барсбек” аталган комплекстеги жыгач мамычалардын ар бири 600 доллардан айланыптыр. Ошондой эле депутаттар айтмакчы “ат эмес же эшек эмес” сөлөкөттүн ар бири 14 миң евродон айланганы да таңгалычтуу. Эки сөлөкөттү кошкондо бардыгы болуп 28 миң 44 евро кетет экен. Бул аз келгенсип аларды музейдеги ордуна жайгаштырып, шөкөттөгөнгө 2 миң 435 евро жумшалат дешти депутаттар.

Депутат К.Иманалиевдин айтымында Улуттук тарых музейин реконструкциялоого бюджеттен олчойгон каражат бөлүүнүн деле зарылчылыгы болбоптур. Анткени Түркия гранттык негизде 14 млн.доллар берип, анын 4 млн. долларына имараттын сырткы иштери бүткөрүлүптүр. Бирок эмнегедир калган каражатын алуудан баш тартышып, бюджеттен акча бөлүнөт. Орустар мындайды “распил бюджета” деп коюшат. Бизче айтканда дал ушундай жолдор менен бөлүштүрүп жеп кетүү дегенди билдирет. Ошону менен башкасы бүткөнсүп тарыхка шылтоолоп, бөлүнгөн каражатты бөрүдөй тытмалап кетишсе керек. Эмнеси болсо да Башкы прокуратура бул фактыларга ыкчам реакция жасап Улуттук тарых музейин реконструкциялоого байланыштуу иштерди текшерип чыкмай болду.

Ат майданынан да ашап ийишиптир

Бул чуулгандуу окуянын жаңырыгы басыла электе, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Эсеп палатасы менен бирдикте Ысык-Көл районунун Бактуу Долонотту айылындагы Бүткүл дүйнөлүк II көчмөндөр оюну өткөн ат майданынын курулушуна кеткен чыгымдардын негиздүүлүгүн текшерип жаткандыгы угулуп калды. Көрсө, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлуктун анык өзүндөй көрүнүш бул жакта да кайталаныптыр. Башкача айтканда адаттагыдай эле ат майдандын курулушун эч кандай долбоорсуз, сметалык документтерсиз баштап жиберишиптир. Натыйжада жумшалган чыгым 480 млн. сомдон өсүп отуруп, 1 млрд. 584 млн. сомду чапчып жыгылыптыр. Дагы айрым курулуш иштеринин көлөмү 10 млн. сомго чейин жогорулатып көрсөтүлсө, 144 млн. сомдун финансылык отчету жок болуп чыккан же изин таппай калышкан. Мындан тышкары Республикалык сертификат берүүчү борбордун сыноо лабораториясы керектелген асфальт-бетон аралашмалары сапатсыз, талаптагыдай калыңдыкта да төшөлгөн эмес жана эксплуатация мөөнөтүнө жетпейт деген жыйынтык чыгарышкан. Ал эми бул жолдорду төшөөгө 31 млн. 398 миң сом кетиптир. Ошондой эле курулушта колдонулган наркы 8 млн. 244 сомдук металл конструкциялары да шек туудуруп жатыптыр. Кыскасы, аттын тезегине аралаштырып, ат майданынан да майкандап жиберишсе керек…Кекиртек эле ушулардыкы…

“Жашылдандыруу” ишканасындагы жайламай

УКМК акыры Бишкек мэриясына караштуу “Жашылдандыруу” ишканасына да сыйыртмагын ыргытты. Бул күтүлгөн нерсе болчу. Анткени, бул ишкананын дарак көчөттөрүн 9090 миң сомго сатып алышы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, “алтын көчөт” болсо да эмне болуптур деген сөздөр айтылган. Ишкананын өкүлдөрү бул жөн көчөттөр эместигин, атайы чет өлкөдөн алып келишкенин, жергиликтүү көчөттөргө караганда бир-эки жылда эле жайкалган дарак болуп калаарын айтып, безилдеп чыгышкан. Көп деле өткөн жок, айрым дарактар өспөй эле алды куурап жаткандыктары тууралуу социалдык тармактарда нааразычылык сөздөр кайрадан күчөгөн. Маселеге кайрылсак, бул ишкана бекитилген бюджетке ылайык 2017-жылы 60 000 000 сомго чоң көчөттөрдү алып отургузмак болуп, “АГТ –Азия” (8 948 816 сом) жана “Зиар Строй” (14 481 000 сом) ЖЧКлары менен келишим түзөт. Акыры алып келген дарактары тиги. Учурда УКМК кылмыш ишин козгоп, анын алкагында аудит жүргүзүлүүдө.

Айбашов ашаптыр…

Кулматов да кутулбайт окшойт Кыргызстанда жеткен жерин эле жеп жиберүү адатка айланганбы кандай, “Түндүк” темир жол бажысынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашов иштен жаңы эле кеткендей болгон. Бирок Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы колунан жетелеп келип отургузуп коюшту. Ал аз келгенсип үйүн да тинтип чыгышты. Көрсө, бул эргул мамлекетке 166 млн. сом зыян келтириптир. Баса, экс-мэр, экс-бажы башчысы К.Кулматовдун да бул күндөрдө түн уйкусу тынч эмес. Анын үйүндө да тинтүү жүргүзүлүп, өзү эки күндүн биринде суракта. Белгилүү болгондой К.Кулматов мектеп курулушуна байланышкан коррупция боюнча айыпталууда. Жогорку келтирилген мисалдарды карап отуруп, Кыргызстанда коррупцияга каршы катуу күрөш башталганына ынанасың, ошол эле учурда анын бардык тармактарды камтыган масштабы да үрөйдү учурат.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”