Чек ара ишенимдүү корголгону менен баалуу

28-майда Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларды кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Чек арачысынын күнү менен куттуктады.

«Мамлекеттик чек ара жана анын бекем кайтарылышы өлкөнүн көз карандысыздыгынын негизги элементтеринин бири. Эгемендик жылдарында Кыргызстандын чек ара ведомствосу жакшы тарыхый салттарды өзүнө сиңирип, жаңы, Мекенге болгон сүйүү жана аскердик милдет сезимдерине негизделген салттарды калыптандыра алды”, — деп айтылат анда.

Чек арада кызмат өтөө –жооптуу жана абдан татаал милдет экендиги да баса белгиленет куттуктоодо. Анда белгиленгендей, дал ушул жерде мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарды, аймактык бүтүндүгүн коргоп калуу, өз жарандарын учурдун ар кандай чакырыктары менен коркунучтарынан сактап калуу жөндөмдүүлүгү текшерилет. Чек ара өлкөнүн чыныгы мекенчил азаматтарынын эркин чыңап, курчутат. Мамлекеттик чек араны коргоо ишине бүт өмүрүн арнаган адамдар эрдиктин, Мекен алдындагы өз милдетине бек туруу, абийирдүүлүктүн жана айкөлдүктүн үлгүсүн көрсөтүшүүдө.

“Кыргызстан ишкер кызматташтык жана чек арадагы достук байланыштарды өнүктүрүү үчүн ачык болушу керек жана өлкө чеги эл аралык терроризмден, экстремизмден, баңги трафиктеринен жана контрабандадан ишенимдүү корголууга тийиш”, — деп айтылган куттуктоодо.