Түйшөлткөн көпүрөнүн чыры жана сыры

Ак-Талаа районунун аймагындагы Ак-Тал-Жогорку-Май унаа жолунун 2-чакырым аралыгындагы көпүрө өткөн жылдын жаз мезгилинен бери кайрадан оңдолуп жаткандыгы менен ишке бериле элек. 2017-жылдын 1-сентябрына карата жумуш толук кандуу аяктарын учурунда Транспорт жана жол министрлиги калкка убадалаган. Бирок али күнгө чейин көпүрөнүн калк кызматына пайдаланууга берилбегендиги тараптардын кайчы пикирин жаратып, жергиликтүү айрым тургундар курулушчуларга кол көтөрүп, асты дайраны кечип, арты аркан менен ары-бери каттап, анан пас-пас болушту. Ал ортодо тиешелүү курулушчулар көпүрө июнь айында бүткөрүлөт деп убада беришүүдө.

Бул көпүрө туура жарым кылым илгери 141,2 метр узундукта салынгандыгын адистер билдиришти. Бир доордогу кокончулардын курган чебинин тушуна салынган көпүрө өйүз-бүйүздүктөр үчүн эң маанилүү курулуш болуп калган. Ал аркылуу Тогуз-Торо районуна дагы каттам жасалып, Ак-Талаа районунун төрт айыл аймагынын элинин район жана облустун ордолоруна каттоолору болуп көрбөгөндөй жеңилдеген. Ошону менен бирге эле Нарын дайрасынын түштүк тарабындагылардын Соң-Көлгө баруусуна абдан ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Анан сааты келгендиктенби, 1967-жылы 6 бөлүктөн салынган көпүрөнүн үч тирөөчү 2017-жылдын жаз айларында 40-50 см чөгүп, ары бери каттагандарга коркунуч жаратат.

Жыйынтыгында адистер көпүрөнүн 44 метр аралыгы кулап калуу абалда экендигин эшитишип, кырдаал ал учурдагы Өкмөт жетекчиси Сооронбай Жээнбековго чейин маалымдалып, а киши жагдайды көрүп, керектелүүчү каражатты жеринен чечип, көпүрөнүн тиешелүү бөлүгүн калыбына келтирүү тапшырмасын берген. Транспорт жана жол министрлиги 44 454,7 миң сом кетерин эсептеп, Ак-Талаа райондук жол тейлөө мекемеси (ЖТМ) тендер жарыялап, жыйынтыгында катышкан үч ишканадан 42 858, 8 миң сомго бүтүрөм деген «Кербенжолкурулуш» ачык акционердик коому жеңүүчү деп табылып ал алгач шымалана баштап, 1-сентябрга карата көпүрөнү бүтүрөрүн убадалайт. Натыйжада, көпүрөнүн өткөөл бөлүгүндөгү жана тротуарындагы эски асфальт катмарлары сыйрылып, 8 см калыңдыкта цемент бетон төшүлүп, 5-7 аралыктар (пролет) ортосундагы Нарын дайрасынын нугун бурууга дамба жасоо ж.б. иштер болуп, жалпысы 4 764,0 миң сомдук жумуштар аткарылгандыгын чотко салышат. Мына ушундан кийин иш таптакыр токтоп калат.

– Алар өздөрүнүн долбоорунун негизинде 44 метрлик көпүрөнү Орусиядан алып келип коюшмак. Акча болсо берилген. Алар акчаны Орусияга котордук, мына келет, ана келет деп улам-улам убада берип келишти. Бирок убакыт өтүп, күз келди. Ошондон кийин жалдануучу коом келишим шарттарын аткарбагандыгы үчүн келишим бир тараптуу бузулду. Көпүрөнүн курулушу боюнча кылмыш иш козголуп, Жол чарба департаментинин (ЖЧД) жетекчиси Арстанбек Ибраев камакка алынды. Ал эми курулушту жүргүзүп жаткан аталган ААКнын башчысы Болот Искендеров каза болуп калды. Натыйжада 2018-жылдын 4-январында министрликтин алдындагы мамлекеттик жол оңдоо курулуш башкармалыгы (ГДРСУ) менен жаңы келишим түзүлүп, жаз алды менен иш башталды,– деп билдирди жагдай боюнча ЖЧДнын Нарын облустук №2 аймактык бөлүмүнүн башчысы Т.Абдылдабеков.

Окуянын чиеленишкендигин, биз жерине баргандан кийин кенен-чонон эшиттик. Оболу ал жердегилер прораб деп көрсөткөн орус улутундагы адам менен аңгемелештик.

– Бул көпүрөнүн курулушу тууралуу туура эмес маалыматтар берилип кетүүдө. Ошондуктан жергиликтүү элде түшүнүк ар башка болууда. Бизде эмне күнөө. Башкы подрядчик ГДРСУ. Биз болсо субподрядчикпиз. Экинчиден, жумушту 16-марттан тарта гана баштадык. Чындыгында акча ала элекпиз. Ошого карабастан өз каражатыбыз менен иштеп жатабыз. Мына кечээ 300 литр солярка Нарын шаарынан алып келинген. Ал болгону бир гана күнгө жетет. Эгер бүгүн солярка келбесе жумуш токтойт. Акыбал ушундай, – деди «Ремстроймост» ЖЧКсынын прорабы Виктор Чернышов. Көрсө 13-май күнү эл ары бери өтүп жаткан дамбаны кире баштаган Нарын дайрасы жырып кетип, анан эки жээкте калгандар сууну кечип, айрымдары аркан менен асылып өткөнгө кириптер болушуптур.

– Силер начар иштеп жатасыңар, – деп жергиликтүү бир жаран В.Чернышов менен айтыша кетип, бу кишиге кол көтөрүп да жиберген экен. Аңгыча ГДРСУнун башкармалыгынын башчысы Сыргаболот Кожобергенов мырзага кезигип калдык.

– Азыр эң негизги жумуш бул суунун нугун бурууда болууда. Ал эми аткарылуучу жумуштун 80 пайызы бүттү. Көрүп турганыңардай 8 тирөөч жер алдына 15 метрге чейин куюлуп чыкты. Ушуну аткарууга эле 1,5 ай убакыт кетти. А биз болсо жергиликтүү элдин каттамдарын үзгүлтүккө учуратпай, айлампа жол салып бердик. Эми көпүрөнүн эки тарабын кошуп алгычакты бир жумадай чыдай турушса болмок. Элге түшүндүрүү иштери жергиликтүү бийлик тарабынан жасалган жок окшойт. Ал эми өндүрүштө ушундай абалдар боло берет. Кээде керектелүүчү май өксүп калат. Кээде тетиктер бузулат. Бардык маселени көтөрө берсек жашоо кыйындап кетпейби. Негизи июнь айынын ортосунда көпүрө толук пайдаланууга берилет, – деди ал.

Айтмакчы биз барган күндүн эртеси министр Жамшитбек Калилов мырза дал ошол көпүрө менен таанышууга баргандыгы белгилүү болду. Ал эми Жол чарба департаментинин Нарын облустук №2 аймактын бөлүмүнүн башчысы Т.Абдылдабеков: «8-майдан тарта убактылуу мөөнөткө чейин көпүрөдөн ары-бери каттамды токтото туруу боюнча райондун акиминин буйругу чыгарылган. Бирок ага карабастан айрым жарандар ишке тоскоолдук жарата башташты. Эмне үчүн бош турасыңар деп омуроологондор болду. Ар бир иштин өзүнүн технологиясы бар экендигин эстүү адамдар билишет. Иштин баары өз нугунда жүрүп жаткан. Эми 10 күндөй эл берки альтернативалык жол менен каттап турушса болот эле да,-деп өз оюн билдирди. Ал эми ачылган кылмыш иштин алкагында Нарын район аралык сотунда иш каралып, анда Орусияга которулган акча каражаты «Кербенжолкурулуш» ААКдан өндүрүлсүн деп чечим чыгарылгандыгын да кошумча маалымдады.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, «Кыргыз Туусу»