Нарис ОМОРОВА: «Жолдошум экөөбүздү футбол табыштырган»

КР Футбол федерациясы уюштурган сынактын жыйынтыгында 25 жаштагы Нарис Оморова «Футбол сулуусу» болуп табылды

 

– Нарис, бул сынакка кандайча катышып калдың?

– Чынын айтсам, буга чейин мындай сынактын бар экенин билбептирмин. Көрсө, бул иш-чара 5-6 жылдан бери өтүп келаткан экен. Бир күнү жолдошум (ал “Илбирс” футбол клубунда иштейт) жумуштан келип: “Федерация бардык каалоочулар үчүн конкурс жарыялады, сен дагы катышып көрбөйсүңбү”,-деп калды. Кесипкөй футболчу болбогондон кийин, жеңишке жетериме алгач ишенген жокмун. Ошентсе дагы, өзүмдү сынап көрүүнү чечтим.

– Сынак интернет добуш топтоо жолу менен өттү окшойт?

– Ооба. Конкурстун 1-туруна абдан көп кыздар катышты. 2-турга 11 кыз өттүк. Ошол 11 кыздын сүрөтү фейсбукка жүктөлүп, интернет добушка коюлду. Ал жактагы лайктардын жана катталгандардын жыйынтыгы менен 3 кыз финалга жолдомо алдык. Финалда үчөөбүз өз өзүнчө видео ролик даярдаганбыз. Кудайдын буйругу менен мен жеңүүчү болдум.

– Интернет добуш берүү маалында, канча лайк алып жатканынды саат сайын карап турсаң керек?

– Тескерисинче, антип көз салып турган жокмун. Ага шартым дагы болбой калды. Ошол учурда, 2-кызым телефонумдун экранын сындырып коюп, интернетке кире албай калдым. Кийинчерээк, жолдошумдун телефону аркылуу фейсбукка кирсем, көпчүлүк кыздардын добушу 1000ден ашып кетиптир. Мага болсо 200 дөй адам лайк баскан экен. Аны көрүп, үмүтүмдү үздүм. Ошо бойдон сайтка да кирген жокмун, рейтингди да кызыгып караган жокмун. Бирок, 2 жума өтүп-өтпөй эле мага телефон чалып, жеңүүчү болгонумду айтышканда таң калдым. Көрсө, башкалар добуш алуу үчүн бир нече баракчаларды ачып, өздөрүнө өздөрү лайктарды басышкан экен. Сынактын уюштуруучулары бул нерселердин бардыгын иликтеп-изилдеп анан жыйынтык чыгарышыптыр. Учурдан пайдаланып, федерацияга, ошондой эле, мага конкурс учурунда көмөк көрсөткөн адамдардын бардыгына ыраазычылыгымды билдиргим келет.

– Бул жеңишиңден кийин, өзүңдө кандай ишенимдер пайда болду? Балким, мындан башка дагы сулуулар сынагына катышууну пландап жаткандырсың?

– Бул сынакка катышып, өзүмдү сынап көрдүм. Мага ушул жетиштүү. Башка конкурстарга катышуу оюмда жок.

– Менин билишимче, сен 3 баланын энесисиң ээ?

– Ооба. Эң улуусу 7 жашта. Быйыл 1-класс ка барат. Учурда атасы иштеген “Илбирс” футбол клубунда ойнойт. Ал эми экинчи кызым 2 жашта. Үчүнчүсү 1ге чыкты.

– Демек, футболчулардын үй-бүлөсү турбайсыңарбы?

–Дал ошондой. Биз баарыбыз чогуу футбол көрөбүз. Өзүбүздүн жакшы көргөн командабызды чогуу колдоп-коштоп, шаң менен сүрөп турабыз. Бирок, андайда уулумдун үнү сыналгынын, биздин добушубузду басып кетет. Мен бала кезимден футболду жакшы көрүп ойнойм. Жолдошум экөөбүздү дагы футбол табыштырган десем болот.

– Өзүң кайсы клубду жактырасың?

– Негизи мен“Реал Мадрид” клубун жакшы көрөм. Оюндарын калтырбайм. Ошондой эле “Барселонанын” оюнчусу Мессини дагы баалайм.

– Каякта иштейсиң?

– 2015-жылдан бери “Толубай” банкта иштейм. Бирок, учурда балдар менен үйдөмүн.

– Кандай кыялдарың бар?

– Дүйнө жүзүн кыдырып чыгууну кыялданам. Мен алдыма бир максат койсом аны ишке ашырмайын жаным жай албайт. Ошондой эле, дайыма көздөгөнүмө жетем. Бир нерсеге жетүүнү максат кылсам, мени эч ким токтото албайт.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, «Кыргыз Туусу»