Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго ЖЭБ боюнча айыбы угузулду

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковго Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча кылмыш ишинин алкагында айыбы угузулду. Ал «президенттик аппараттын бөлүм башчысы болуп турган кезинде коррупцияга жол берген» деп айыпталууда.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдиргендей, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу түрүндө бөгөт чарасы каралды.

Ал эми айып тагылып жаткан Сапар Исаков өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин “таптакыр чектен чыгуу” деп атады.

Мага айып тагуу боюнча токтомду чынын айтсам толугу менен окуп чыга элекмин. Мен азыр ачуума чыдабай турам. Адегенде социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында Сапар Исаковдун атын тебелешти. Андан соң ушундай антураж түзүп, кылмышкер катары көрсөткүсү келип жатышат. Биз эми адвокаттар менен тыгыз иштеп, күнөөсүз экенибизди далилдейбиз. Бул таптакыр чектен чыгуу, мен нес болуп турам,-дейт ал. 

Белгилей кетсек, Сапар Исаковго карата Бишкек Жылуулук борборун модернизациялоого байланыштуу айыптоолор буга чейин айтылып, бул маселе боюнча Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүлүп, үч айдан ашык иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында парламентте үч күнгө созулган талкуу жүрүп, жыйынтыгында мурдагы премьердин жоопкерчилигин бөлүп кароону камтыган токтом кабыл алынган. Парламенттеги «Бишкек ЖЭБин модернизациялаган ТВЕА компаниясы кандай негизде тандалып алынган?» деген суроого байланыштуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Сапар Исаковдун дарегине дооматтар айтылып, Исаковдун бул багытта президентке жазган кызматтык катынан жана Кытайдын соода өкүлүн бир нече ирет кабыл алганынан улам коомчулукта шек жаралган.