Россиялык журналистти Киевде атып кетишти

Киевде россиялык журналист Аркадий Бабченкону атып кетишти.

«Свобода» радиосунун украин кызматы тараткан маалыматта крымдык татарлардын ATR деген телеканалында алып баруучу болуп иштеген журналист Аркадий Бабченко октон алган жараатынан улам каза болгондугу айтылат. А. Бабченкону атып кетишкендиги тууралуу алгачкылардан болуп журналист Айдер Муждабаев дагы Фейсбуктагы баракчасына жазып, Бабченкону өз үйүндө арт жагынан атышкандыгын жазган. Болжолдуу маалыматтар боюнча журналисттин сөөгүн анын аялы тапкан жана Бабченко тез жардам унаасында баратканда каза болгон.

Ошондой эле маалыматта Бабченко Россиядан былтыр чыгып кеткендиги, анын мындай кадамдары журналисттин «эркиндигине» байланыштуу экендиги жана анын Чеченстандагы эки согушка тең катышкандыгы туурасында айтылат. Кызмат өтөп бүткөн соң «Московский комсомолец» гезитинде аскердик кабарчы, андан кийин «Унутулган полк» берүүсүнүн баяндамачысы болуп иштеген. Акыркы жылдары көптөгөн басылмалар, анын ичинде «Новая газета» менен кызматташып жүргөн.