Педофил деп шектелген адам балдардын атасы болуп чыкты

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылы жакта кичинекей балдарды уурдады» делген адам балдардын атасы болуп чыкты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат катчысы Асылбек Токтомушев билдирди:

— Апасына телефондон эки баланын ыйлаган үнүн угузуп жатыптыр. «Көрдүңбү, ажырашып кетүүбүздү балдар каалабайт» деп.

Токтомушевдин белгилешинче, мындай жол менен ал адам ажырашууга жол бербөө аракетин көргөн.

Окуя тууралуу маалымат милицияга жекшемби күнү келип түшүп, интернетте каттуу талккуу жаратып жаткан. Интернет кодонуучулар балдарды ыйлатып жаткан адам педофил болушу мүмкүн деп божомолдонуп, аталган жаран милиция тарабынан изделип жаткан болчу.

Аламүдүн райондук милициясы машинанын ээсин издегенде ал адам балдардын атасы экенин аныктады. Ал эми  балдардын апасы өзү милицияга келип, окуянын чоо-жайын түшүндүрдү.

33 жаштагы келин үй-бүлөлүк чырдан улам бир жылдан бери күйөөсү менен чогуу жашабай жүргөнүн, ажырашуу тууралуу арыз жакынкы күндөрү караларын, атасы балдарын дайыма эле 1-2 күнгө алып кетерин, эч кандай зомбулук жок экенин айтып берген.