Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: «Биз Президентке кайрылуу жолдодук»

Кыргызстандын тарыхында Кыргызстан демократиялык кыймылынын аты орчундуу орунду ээлейт. Жакында бул кыймыл өзүнүн 28 жылдыгын белгиледи. Бул туурасында укук коргоочу Турсунбек Акун менен баарлашып, ал жетекчилик кылган КДКнын 28 жылдыгы кандай өткөнү, кандай маселелер көтөрүлгөнү боюнча сүйлөштүк.

-Турсунбек мырза, КДКнын 28 жылдык салтанаты болуп өтпөдүбү? Ал жыйында кандай маселе көтөрүлдү, кандай чечимдер кабыл алынды?

-Кыргызстан демократиялык кыймылынын 28 жылдык салтанатына 1990-жылдан бери демократиялык күрөштүн башында турган КДКнын мүчөлөрү катышышты. Аны уюштурууга президенттик аппарат жана Маданият министрлиги кол кабыш кылды. Биз 28 жылдыктын урматына чогулганыбыз менен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, маанилүү делген маселелерди чечип алууга үлгүрдүк. Тагыраагы, жыйындын жыйынтыгы менен Президентке кайрылуу жолдодук. Ошондой эле коомдук саясий уюмдардын жана жарандык коомдун катышуусу менен өлкөнүн тагдырына тиешелүү делген маанилүү маселелерди тегерек стол аркылуу чечели деген чечимге келдик. Мурдагы бийликтин айынан, саясий боёк менен соттолуп кеткен коомдук жана саясий ишмерлердин ишин кайра карап чыгууга Президенттен көмөк көрсөтүүсүн өтүндүк. Кыргызстан демократиялык кыймылынын башында турган мыкты инсандар тууралуу китеп жазып, алардын мактоого арзыган, жаштарга үлгү болчу сапаттарын китеп бетинде калтыралы деген чечимге келдик. Мына ушул нерселердин баарын камтыган резолюция кабыл алдык.

-Ал китепке кимдер кириши мүмкүн?

-Негизи ал китепке Кыргызстанда демократиянын орношуна салым кошкон, КДКнын барандуу мүчөлөрү кирет. Бирок, биз китепти Топчубек Тургуналиевди жазуудан баштайлы дедик. Анткени, Топчубек Тургуналиевде жаштар үлгү ала турган көп мыкты сапаттары бар. Сүйлөгөн сөзү менен жасаган иши дал келген үчүн Топчукеге токтолуп жатабыз.

-КДК мезгилинде чоң мектеп болгон, ал көп лидердердин өсүшүнө салым кошкон деп каласыңар. Ал уюмдан кимдер чыкты?

-Алардын баарын санасам барак түтпөй калат го. Себеби, азыркы мен-мен деген саясий лидерлердин көбү КДКнын мектебинен өтүп, такшалгандар. Алар КДКдан тажрыйба топтоп, партия түзүштү. Кыскасы, КДК жазуучунун да, саясатчынын да, коомдук ишмердин да ажарын ачкан акжолтой уюм болду.