Журналист Бабченконун өлтүрүлүшү жалган маалымат болуп чыкты

Киевде журналист Аркадий Бабченконун өмүрүнө кол салуу атайын операция болгону туурасында белгилүү болду. Ал өлтүрүлдү деп кабарлангандан бир күндөн кийин Украинанын Коопсуздук кызматы иштин чоо-жайы түшүндүрүлгөн басма сөз жыйыны болуп, ага  өлтүрүлдү делген журналист өзү дагы катышкан. “Украинанын Коопсуздук кызматына менин өмүрүмдү сактап калгандыгы үчүн ыраазчылык айтам. Мага белгилүү болгондой бул операция эки ай даярдалган. Менин өмүрүмдү сактап калышты, бул үчүн дагы бир жолу ыраазымын, бирок ири масштабдагы теракттар алдын алынды”, — деген журналист.

Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Васил Грицактын билдиргенине караганда, алар Бабченкону өлтүрүүгө Орусиянын Коопсуздук кызматтары буюрутма бергенин бир нече ай мурда билген жана бул ишке тартылганын украин жараны атайын операциянын натыйжасында кармалды. “Биз атайын операциянын аркасында Бабченкону өлтүрүү аракетин алдын алдык”,- дейт Грицак.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова буга байланыштуу Москва Бабченконун тирүү болуп чыкканына кубанычта экенин, бирок украин бийликтери жалган окуяны “пропаганда” катары жайылтканын белгиледи.

Буга чейин украин полициясы Бабченко кечээ кечинде Киевдеги үйүнүн кире беришинде атып өлтүрүлгөнү, ал жонуна үч ирет ок тийип, ооруканага алып бара жатышканда тез жардам унаасынын ичинде каза тапканын кабарланган.