Кыргызстанда 700-800 миң сом айлык алгандар да бар экен. Эми алар текшерилиши керек

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Республика — Ата Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов: Жетекчилердин ишканага салымы чоң болсо, киреше алып келүүчү компания болсо ошондой айлык алсын. “Мегакомдун” жетекчисинин айлыгы 300 миң сом, бонус, сый акы кошулганда 700-800 миңге жетет экен. Кандай көрсөткүчтөрдүн негизинде ушундай айлык коюп алышкан? “Кыргызтелеком” банкроттук алдында турат, жетекчиси 100 миң сом айлык коюп алыптыр. Бизде өмүр бою иштеген академик, профессорлор бар, алардын айлыгы 10-15 миңден ашпайт. Күнү-түнү иштеген дарыгерлерибиз, мугалимдерибиз 7-8 миң сом алат, — деген талабын койду.

Анын айтуусунда өкмөт ушул маселеге байланыштуу текшерүү жүргүзүп, парламентке маалымат берүүсү керек. Учурда аталган эки ишкана мындай айлык акылар боюнча эч кандай комментарий бере элек.