Кытайга 3 гектар жер берсек, алар бизге 25 сотых жер берет

 Эки күндөн бери Кытайга бериле турган 3 гектар жердин айланасында коомчулук ар кандай пикирде болууда. Көбү жердин берилишине каршы.

Бүгүн Кытай тараптан жер алуу макулдашуусу бир жума мурун гана аяктагандыгын айтып, «Кыргыздипсервис» ишканасынын директору Мирлан Арстанбеков коомчулукка мындай маалымат берди:

«Кытай элчилиги Кыргыз өлкөсү менен 2003-жылы эле макулдашып, 3 гектар жерди ижарага алган. 2011-жылы жаңы имарат курулган. Ал эми Кытайдан жер алуу маселеси мурда эмнеге чечилбей жатканын билбейм, бирок акыркы беш жылдан бери жакшы жакка чечилүүдө. Акыркы эки жыл ичинде Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде жылыштар болуп, Пекин шаарынын борборунан жер алуу бир жума мурун Бишкек шаарында чечилип, макулдашылды.

Келишим боюнча Кытай тарап Пекин шаарынын борборунан 25 сотых жер берет. Бүгүн биздин мыйзамдарга, Жер кодексине ылайык, жергиликтүү бийликтен уруксат алышыбыз керек. Ал эми Кытай тарап Пекин шаарына өлкөбүздүн элчилигин курууда жардамдашат. Алдыда дагы сүйлөшүүлөр бар. Ошондой эле келишим колдоо тапса, эки өлкө тең 49 жылга ижарага алынган жерге акы төлөбөйт», — деди Арстанбеков.

Эске салсак, бул келишим 30-майда Бишкек шаардык кеңешинде каралып, депутаттар аны колдогон эмес