Депутаттар Кытайга 3 гектардан ашык жерди берүүгө кайра макул болду

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Кытайга 3,371 гектар жер бөлүү боюнча маселени кайра карап, аны колдоого алышты.

Маалыматка ылайык, депутаттар кечээ кабыл алган чечимдерин бүгүн, 31-майда кайра карап чыгышты. Натыйжада, Кытай элчилигине 3,371 гектар жерди бекер бөлүп берүү чечими кабыл алынды. Маселени кайра карап чыгууну депутат Валентина Лисниченко бүгүнкү сессияда сунуштаган.

Эске салсак, шаардык кеңештин 30-майдагы жыйынында, тиешелүү добуш берилбегендиктен Кытай элчилигине жер бөлүп берүү маселеси артка кайтарылган. Ал эми 24-апрелде Пекин шаарында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери эки тараптын элчиликтерине жер бөлүп берүү тууралуу келишимге кол коюшкан.

Буга чейин Кытай элчилигине 3,3 гектар жер 49 жылга ижарага берилген. Эми андан ижараны алып салынат. Кытай буга жооп катары Пекинден 25 сотых жер бөлүп берет.