Президенттин дарегине келген даттануулар дыкат жана натыйжалуу иликтене баштады

КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун дарегине акыркы айларда 500гө жакын даттануу келип түшкөндүгүн билдирди.

Келген даттануулардын 400гө жакыны кароо үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Башкы прокуратурага жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлгөн.

Сагынбаев белгилегендей, укук коргоо, сот жана көзөмөл органдарына болгон даттануулар мамлекет башчысынын дарегине мурда да түшүп келген, эми өз ыйгарым укуктарынан пайдаланган адамдарга карата жазаны күчөтүү туурасындагы билдирүүлөр дыкат карала баштады.

“Талаптар күчөтүлгөнгө байланыштуу билдирүүлөрдү дыкат карап чыгуу тенденциясы пайда болду, анын жыйынтыгында тергөөчүлөр жоопкерчиликке тартылып, прокурорлор кызматтан алынууда”,-деп кошумчалады Сагынбаев.

Ошондой эле убакыт өткөн сайын аталган чаралар бекемделип жана күчөтүлө тургандыгын дагы кошумчалады.