Акыйкатчы Аппараты киришкен соң оозун тиккендер зымын чечишти

Кыргыз Республикасынын Омбудсмен аппаратынын Укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген жайлардагы адамдардын укуктарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Беловодск айылында жайгашкан № 16 түзөтүү колониясындагы оозун зым менен тиккен соттолгондорго барып жолугуп келишти.

Бул туурасында Акыйкатчынын расмий сайтында кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, оозун тиккендердин биринин атасы Акыйкатчыга жазган арызын көтөрүп келер замат Аппараттын кызматкерлери маселени жеринен барып билүүгө чыгышкан.

Соттолгон жарандар негизсиз бир айга айып камерасына жабылганын, кызматкерлер сабашканын айтышты.

Ал эми мекеме жетекчилигинин берген маалыматы боюнча 26-майда соттолгон үч жаран ички эрежени бузуп, администрацияга баш ийбегендиги үчүн акт түзүлүп, айып изоляторуна бир айга камалышкан.  Ага каршылык кылып соттолгондор ооздорун зым менен тигип, курсактарын жеңил кесишкен. Алган жарат менен медициналык бөлүмгө которууну талап кылышкан.

Кароо учурунда медициналык кызматкерлер чакыртылып, тийешелүү медициналык кароодон өткөрүлдү. Ошондой эле Акыйкатчы кызматкерлери жетекчилик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, үчөө айып изоляторунан жалпы тартиптеги жаза өтүүчү жайга которулду. Ал эми соттолгондор ооздорундагы зымдарды чечип, укук коргоо органдарына тосмо арыз жазып беришти.