«Шамшыкалдын» кимге зыяны тийүүдө?

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.А.Жумабековго 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиевге

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2018-жылдын 7-майында № 227 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө» токтомун кабыл алды. Токтомдун 3-пунктунда «Облустук мамлекеттик телерадиоберүү компанияларын жана райондук, облустук гезиттердин редакцияларын бириктирүү аркылуу, алардын базасында 7 облустук медиа-борборлорду түзүү менен 64 штаттык бирдикке кыскартып, кайра уюштурсун» деп белгиленген.

Токтогул райондук «Шамшыкал» гезитинин редакциясы мындай биригүүнү мурда эки жолу – 1962 жана 1992-жылдары башынан өткөргөн. Бирок, мындай биригүү натыйжа бербегендиктен, бир жылга жетпей райондук гезитти кайрадан уюштурууга туура келген. Токтогул району 1928-жылы уюшулган. Ал эми райондук «Шамшыкал» гезити 1933-жылдын 7-ноябрынан бери ар кандай аталышта чыгып келе жатат. Район республиканын борбору Бишкек шаарынан облус борбору Жалал-Абаддан 300 чакырым алыс турат. Мындай шартта райондун элин маалымат менен камсыздоодо жаңы уюшулуп жаткан медиа-борборлор толук кандуу камсыз кыла албайт. Райондун аймагы да чачкын. Алыскы Сары-Камыш, Толук, Өзгөрүш, Чолпон-Ата айыл аймактарына маалыматтарды жеткирүү кыйын. Анан калса, тоолуу аймактарга интернет да толук жете элек. Президент тарабынан кабыл алынган «Региондорду өнүктүрүү жылында» райондун аймагындагы жүргүзүлүп жаткан маанилүү иштерди калктын калың катмарына толук жеткирүүдө бир катар кыйынчылыктар орун албай койбойт.

Ошондуктан райондук «Шамшыкал» гезитинин редакциясын уюшулган медиа-борбордон тышкары өз алдынча жардамчы эсептерин өзүндө калтыруу менен иш-аракетин улантууга жардам берүүңүздөрдү суранабыз. Себеби, райондук «Шамшыкал» гезитин өз алдынча чыгарууга толук мүмкүнчүлүктөр бар:

  1. Редакциянын өзүнүн балансында имараты бар;
  2. Газетаны А3 форматында редакциянын өзүнүн цехинен DUPLO – 550 аппараты менен буга чейин деле басып чыгарып келген;
  3. Компьютерлер жетиштүү;
  4. Электрондук почта менен камсыз болгон, интернетке кошулган;
  5. «Кыргыз почтасынын» райондук филиалы тарабынан жазылуу талаптагыдай жүргүзүлүп турат;
  6. Башка редакциялардан айырмаланып, 4-5 адабий кызматкерлердин ордуна эки эле чыгармачыл кызматкер маалыматты калктын калың катмарына жеткирип келген. Ошону менен бирге беш техникалык кызматкерди жумуш орду менен камсыз кылып келе жатат.

Ушул себептен «Шамшыкал» гезитин өз алдынча кармап турууга жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Токтогул районунун эмгек ардагерлеринин атынан : М.Сарпашов, Р.Тентиев, И.Токтогулов, К.Керимбаев, Т.Долоев, Ж.Карыпбаева, Б.Багымбаева ж.б.