Рита КАЗАКОВА: «Балдардын күлкүсүн көргөндө, кесибимдин ырахатын сезем»

Бала бакча – балалуу аялдардын ишке чыгышына жардам көрсөткөн мекеме. Ошондой эле, балдардын алгачкы мектеби. Башкача айтканда, тарбиячылар бир күн бою балдардын тамактанганын, уктап-турганын, ойногонун ж.б. көзөмөлгө алышат. Андан сырткары, ыр-бийге шыктандырып, тамга таанытып, мектепке даярдашат. Түйшүгү түмөн кесипти аркалап, балдарга мээримин төгүп, көңүлүн бөлүп, өз ишине жан дили менен берилип иштеген тарбиячылардын – бири Рита Казакова. Ал эмгек жолун мындан 25 жыл мурда №51 бала бакчадан баштаган. Кийин №35, 64 жана Герман Гмайнер атындагы бала бакчаларда иштеген. Азыркы учурда Ленин районуна караштуу №185 балдар бакчасында үзүрлүү эмгектенип келет.

  •  Бишкек шаары боюнча мамлекетке караштуу 79 бала бакча бар. 13 миң балага ылайыкталган бакчада, бүгүнкү күндө 29 миңге жакын наристе тарбияланат.

Рита Аскаровна мектепти аяктаганда алгач ырчы болгусу келген. Бирок, атасынын акыл-кеңеши менен тарбиячылык кесипти тандаган. “Атам Казаков Аскар, апам Салдарова Айнабүбү экөө тең көп жылдар бою мугалим болуп иштешкен. Алар менин артист болгонумду каалашкан жок. Өзгөчө атам: “Мугалим – бардык кесиптин атасы болот. Артист болсоң үйүң, балдарың каралбай калат”, – деп мени агартуучулукка үндөдү”, – дейт Рита Казакова.

Бирок, көкүрөгүндөгү ырга, музыкага болгон каалоосу күчтүүлүк кылып, баары бир музыкалык окуу жайга тапшырган. Бир жыл окугандан кийин атасынын тилегин орундатуу үчүн, мектепке чейинки балдарга музыка сабагын берүү багытын тандап алат. “2-курста бала бакчага практикага барып калдым. Ошол жерден мага балдар менен жүргөн жагып калды. Наристелер менен иштешүү жан дүйнөмө жакын экенин түшүндүм”, –деген Рита Аскаровна, 25 жылдан бери бир да жолу башка кесипке өтүүнү ойлогон эмес. “Эртеден кечке 50-60 бала менен алышып чарчап каларыбыз чын. Бирок, үйүбүзгө барып эле кечинде баарын унутуп калабыз. Эртең менен кадимкидей жумушубузду, балдарыбызды сагынып, шашылып келебиз”, – дейт ал.

“Бала – бакыт. Бала – таттуу. Группада 60 бала болсо, алардын ар бири өзүнчө бакыт, өзгөчө сүйкүмдүү. Айрыкча эртең мененки тамакты жеп курсактары тойгондо жана түштө уктап уйкулары канып турганда, тим эле томполоңдоп, бир башкача бактылуу болуп, чуркап, секирип ойношот. Алар менен кошо ойноо, ырдап-бийлөө өзүнчө ырахат”, – дейт Р.Казакова. Анын айтымында, балдардын ууртунда ойногон күлкүнү көргөндө өз кесибинин ырахатын сезет…

Бала багуучу Шарапат Аскаровна

Адатта көпчүлүк ата-энелер балдарын бала бакчага бергени менен, анын тарбиячысы менен күтүүчүсүнө ишеним көрсөтө беришпейт. Бирок, Рита Аскаровна колунан келишинче ар бир балага жетиштүү көңүл бөлүп, ар биринин мүнөзүнө жараша мамиле жасап, эркелетип, жакшы сөзүн арнап, маанайын көтөрүүгө аракеттенет. Анткени, бир убакта ал өзү да баласын бакчага берген. Кечке чейин кантти экен деп сагынып келген. “Гмайнер бакчасына жумушка киргенде жетекчилер: “Бул жакка аз камсыз болгон жана жетим балдар келет”, – деп менин баламды кабыл албай коюшкан. Ошондо уулумду башка бакчага бергем. Кечинде баламды ушунчалык сагынып келчүмүн. Көргөндө кучагыма кысып, жытына тойбой кетер элем. Азыр ата-энелердин сезимдерин эң жакшы түшүнөм. Ошондуктан, наристелердин ар бирине өз балабыздай камкор болууга тырышабыз. Биз сиңдим Шарапат экөөбүз чогуу иштейбиз. Ал менин чоң жардамчым, сиңдим дагы жанда жок баласаак. Группадагы балдардын көбү ага жакын. Экөөбүз балдарыбыз оорубаса экен, калбай келишсе экен, кечинде болсо аман-соо тапшырсак экен деп тилейбиз”, – деген тарбиячы 25 жылдык тажрыйбасында бир да жолу ата-энелердин ортосунда пикир келишпестик жаралбаганын кошумчалайт.

Коомчулукта “Балам бакчага барса эле ооруп калат. Мамлекеттик бакчада жакшы карабайт”, – деген пикирди көп кездештиребиз. Рита Аскаровна бул тууралуу: “Менчик бала бакчаларда жакшы каралып, жакшы окутулушу мүмкүн. Анткени, биринчиден бала аз. Мен билгенден ал жакта 20 баладан ашпайт. Албетте, 20 бала менен 60 баланын айырмасы бар. Экинчиден, ошого жараша акы төлөнөт. Бирок, эки жакта тең окуу программалары бирдей. Болгону бизде бала көп. Ошондой болсо дагы, биз бардык эрежени, тартипти жана ошондой эле тазалыкты сактоого болгон күч аракетибизди жумшайбыз. Биздин ишибизди дайыма көзөмөлгө алып, текшерип турушат.”

“Ал эми ооруп калгандары тууралуу айтсам, кээ бир ата-энелер балдары ооруп жатса деле бизге алып келип, эчтеме болбогондой калтырып кетип калышат. Бир сааттан кийин баягы баланын дене табы көтөрүлүп кеткен болот. Биз дароо телефон чалып, чакырабыз. Бирок, вирус бөлмөгө тарап, башка балдарга жугуп калган болот. Андыктан, биз дайыма ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ооруп жатса үйдө карагыла дейбиз”, – дейт Рита айым.

Акыркы маалыматтарга таянсак, эми ата-энелер бала бакчага кезекке туруу үчүн, электрондук түрдө арыз менен кайрылышат. Ошондой эле, канча баладан кийин кезеги келерин, атайын сайт аркылуу карап турушса болот. Мындан сырткары, эгерде кимде ким бала бакчадан себепсиз бир ай калса автоматтык түрдө бакчадан чыгарылат.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”