Cуру качкан Суусамыр же Кыргызстандагы жайыт маселеси

Кыргызстандын башкы байлыгы жайыттар. Башкача айтканда жалпы аянты 9 млн. 147 миң гектарды түзөт. Бул арзан мал чарба азыктарын өндүрүүгө эң мыкты шарт болуп саналат. Кейиштүүсү жайыттарыбызды ата-бабалардын салтына ылайык туура пайдалануу дегенди таптакыр унутта калтырдык десек да болот.

Бизде 300дөн ашуун дары чөптөр өсөт

Кыргыздын мактаанары, сыймыгы ушул жайлоолорубуз. Кимибиз болбосун жайлоо дегенде бетегеси буралган, түркүн гүлү аңкыган, булагы шылдырап агып жаткан кеңирсиген кең жайлоону элестетебиз. Аныгында эле ошондой. Биздин жайлоолордо 3,5 миңден ашуун өсүмдүктөрдүн түрлөрү өсө тургандыгына маани деле бербейбиз. Анын ичинен 300дөн ашыгы дары чөптөр болуп эсептелет. Кыргызстандын мындай алтынга алмашкыс чөптөрү бюджетке олчойгон каражат түшүрө турган медициналык багыттагы өзүнчө бир өндүрүштүк тармак болушу керек эле. Өкүнүчтүүсү учурда кимдер жыйнап, кандайча пайдаланып жаткандыгын билүүгө эч мүмкүн эмес. Биз оозубузду ачып жүргөндө дары чөптөрүбүздүн пайдасын кимдир бирөөлөр көрүп жаткандай. Баарынан да тамыры менен казып алып жатышкандарына ичиң тызылдайт. Минтип отурса кыргыздын жеринде кылымдардан бери өсүп келген далай дары чөптөр жок болуп кетеби деген санаага алдырасың. Бул эми кеп-кезеги келе калгандагы сөз.

Суусамыр жайлоо болбой эле айылга айланды

Кыргыздын Манаста айтылган чоң жайлоолорунун бири Суусамыр. Аяк башы ат туягын, куш канатын талыткан кенен жер. Бирок Бишкек-Ош кан жолу аралап өткөн бул эзелки жайлоонун жыл өткөн сайын жол жээгиндеги жайыт чөптөрү тебеленип, берекеси учууда. Көрүп жүрөбүз жолдун эки жагына шыкала конуп алган эл…Чөбү качкан, чаң учкан желелерде чыңырган кулундар… Бири мыкты, бири жолум үйдөн айырмасы жок боз үйлөр… Атүгүл эки-үч кабат үйлөр салынып кеткенине көп болду. Кезегинде бул үйлөрдүн салынып кетишине Өкмөттүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому шылтоо болгонун айтышат. Анда “жайыт комитеттери жайыттарды башка максаттарга пайдаланса да болот” деп жазылып калган имиш. Анан айрымдар ушундан пайдаланып үй салып алышыптыр. Бул көрүнүш азыр деле токтотобой, кайран Суусамыр жайлоо болбой эле акырындап өткөн-кеткенди тейлеген айылга айланып баратат. Аны баарыбыз эле чекчейип карап отурабыз. Ой, бул ата-бабадан калган айтылуу Суусамыр эле, ошол калыбында соңку муундарга калышы керек деген бир жан жок!

Ошондой эле Суусамырдагы Бишкек-Ош кан жолунун 50 метрге чейинки эки жээги КР Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу болгондуктан ал жерлерге келип жайгашып алгандарга мамлекеттик Жайыт департаменти киришкиси деле келбейт. Алар мындай кырдаалдын түзүлгөнүнө же асмандан шылтоо жаралганына абдан эле ыраазы. Бирдеме десең ал жерлердин жайыт картасына кирбегенин айтышып, анысын алдыңа жалаяктай жая салышат. Ал эми аталган министрликке Суусамырдын ысык-суугу деле жок. Ошону менен абалына эч ким жооп бергиси келбеген жол жээгиндеги жайыт жерлер жоголуу жолунда калган. Андыктан 18 кабат имарат салып алсаң деле сенден бирөө келип сурап койбойт. Суусамырдагы жылдан жылга салынган үйлөрдүн саны арбып баратканынын себеби ушул.

Жогорку Кеңеш, тиешелүү мамлекеттик органдар тез арада Суусамырдагы жайыт пайдалануунун абалын, эмне үчүн жыл өткөн сайын айылга айланып баратканын териштирип чыкпаса кайран Суусамырдан эч нерсе калбай калат!

Айрым сунуштар

Бүгүнкү күндө Суусамырга бир эле учурда 79 айыл өкмөтүнүн, башкача айтканда беш облустун (Чүй, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош ) малы чыгат. Аларды 23 жайыт башкармалыктары жайгаштырат. Мынчалык жер майышкан малга Суусамыр дагы да болсо кеңдигинен түтүп келет. Эми элестетип көргүлө беш облустан Суусамырга чыккан малчылардын кимиси болбосун Бишкек-Ош жолун тытмалап жатканын. Баары эле жолго жакын конуп бирдемесин сатып, пайда таап калсак деген аракетте. Эмки тилде фермер, эзелкиче малчылардын таман акы маңдай тери менен өндүргөн продукцияларын минтип кардарларга түз жеткирип, тейлөө көрсөтүп жатканы колдоого аларлык көрүнүш. Болгону эле туура уюштуруп койсок дегенди айтып жатам жанатан бери. Карап көрсөк, Кыргызстанда Суусамырдан башка малчылар жыш жайгашкан, баары эле жол жээгине конуп алган бир дагы жайлоону кезиктире албайсың. Салыштыра келсең элдин агымы, ары бери каттаган туристтердин көптүгү жагынан (бир күндө Бишкек-Ош жолу менен 27 миңден ашуун киши каттайт экен. Алардын ичинде алыстан келген туристтер да арбын) Суусамыр жайкы сезондогу Ысык-Көлдөн ашпаса кем калбайт.

Суусамыр жайлоосундагы мындай абал кыргыздын көчмөн турмушун, маданиятын тааныта турган уникалдуу көрүнүш. Андыктан келишимдүү боз үйлөрдү тигип, түрдүү улуттук тамак-аштарды сунуштап, жадыраган кыз-келиндери, жалындуу жигиттери жарашыктуу улуттук кийим кийип алып тейлөө көрсөтсө эмне деген керемет. Башкысы, Суусамырдагы “көчмөндөрдү” боз үйлөрүн атайын буттары бар, тегерек курама тактайлардын үстүнө тигүүгө көндүрүү керек. Көрүп жүрөбүз ал тактайлар оор деле эмес. Көчкөндө машинага жүктөп кете бересиң. Эң негизгиси боз үйдүн алдындагы чөп тебеленбей журт жакшы сакталат.

Дагы бир монголдор колдонгон тажрыйба бар. Алар боз үйлөрүн дөңгөлөктүү арабага окшогон тактайлардын үстүнө тигишет. Керек учурда өгүзгө чегип алып андан ары көчүп кете берет. Биз эмне үчүн мындайды колдонбойбуз? Бул сары журт болуп бир жерде отура бербей, тез-тез орун которгонго жакшы эмеспи. Экинчи жагынан Суусамырдай түптүз жайлоону таба албайсың…Каалаган жериңе кылдыратып кете берсең болот…

Айланы кетирген алтыгана

Суусамырдын дагы бир шору кадимки эле алтыгана болууда. Бул тамыры терең кеткен өсүмдүктүн аянты жыл өткөн сайын кеңейип Суусамырдын аяк-башын каптап баратат. Кыргызстан боюнча алганда алтыгананын аянты 1990-жылга салыштырмалуу 5000 гектарга кеңейип кетиптир. Буга көңүл бурбаса Суусамырдан башка жайлоолор да азжылдардан кийин алтыгананын алдында калат. Мамлекеттик Жайыт департаментинин жетекчиси Урматбек Мырзакановдун айтымында союз мезгилинде жайлоого чыккан чабандар ал алтыганаларды оруп отунга пайдаланышчу экен. Кийин экологдор тызылдап Кызыл китепке кийирип жиберип, аны оргон кишилерге очойто айып пул сала баштагандыктан, эл тийбей калып, алтыгана каалашынча өсүп жатыптыр.

”Суусамырдагы алтыгананы жоюуга аттанып кириштик. 25 га аянттагы алтыгана химиялык жол менен жок кылынат. Ал үчүн айланасын тосуп мал кирбегендей кылып, химиялык дарылар чачылат. Ал дарылар 10-15 күндө тарап жок болот. Ага чейин мал жибербей тосуу керек. Дагы 10 гектарын атайын техникаларды пайдаланып жоготобуз. Бул иш быйыл жүзөгө ашырылат”,-дейт Урматбек Мырзаканов. Каражат жагын сурасам Кыргызстан боюнча былтыркы 2017-жылы жайыттан 127 млн. сом түшүптүр. Ошонун эсебинен бүткөргөн жатышыптыр. Эмнеси болсо да аракет башталыптыр.

Жайыт комитеттери жайгара турган иштер көп

Кыргызстан 2009-жылы “Жайыт жөнүндө мыйзамды” кабыл алуу менен жайыт маселесин жолго коюп кете алган бирден-бир өлкө. Бул ошол кезде жайыттарды менчиктештирип кетүүгө умтулуп калгандардын укуругунан сактап калган, жайыт пайдаланууну жөнгө салган мыйзам болгон. Бүгүнкү күндө республика боюнча 454 жайыт комитети бар. Алыскы, жакынкы жайыттарды туура пайдалануу мына ушул жайыт комитеттеринин аракетине жараша болууда. Бир гана Суусамыр эмес, республика боюнча алганда өндүргөн продукцияларын сатуунун оңоюна караган фермерлерибиз кан жолдун бойлоруна отуруп алышып, жол жээгиндеги жайыт чөптөрүнүн ташталканын чыгарып жатышат. Ошол эле учурда алыскы жайлоолор калып кетүүдө. Буларды жөнгө салуу жайыт комитеттеринин иши эмес беле? Кудайдын кулагы сүйүнсүн жыл өткөн сайын төрттүлүк малыбыздын саны да өсүп баратат. Бүгүнкү күндө кой-эчкинин саны 6 млн. ашса, 1,5 млн. уй, 500 миңден ашуун жылкыбыз бар. Бу тейинде жүрүп отурсак, аз жылдарда баягы союз мезгилиндеги малдын санына жеткени калыптырбыз. Эсибизде ал кезде ак койдун көптүгүнөн жайлоолорубуздун чаңы чыгып, куту кача баштаган. Ошентип бул жерден эки маселенин башы чыгып жатат.

Биринчиси – сандан сапатка өтүү же малды асылдандыруу саясатын чукул колго алуу. Баарыбыз эле мал менен өстүк. Малдын оозу бирди жесе туягы онду жейт. Жөнөкөй айтканда эчкидей сүт берген 5 уйдан көрө, 20-25 литр сүт берген 1 уй баксак, же болбосо кирешеси алда-канча жогору асыл тукум койлорду бакканга өтсөк жайыттар малдын санынан майышпай эс ала түшмөк. Экинчиси – мамлекет малды асылдандырууга приоритеттүү багыт катары маани берип, жайыттардын пайдалануу саясатын жакшыртпаса болбойт…

Башка жолду көрбөй турам. Бирок бир жол бар. Ал ата-бабадан келаткан жайлоо, күздөө, кыштоо, жаздоо аталган жайытты пайдалануунун байыркы салты. Бул жоюлуп кеткен жок. Ар бир айыл кайсы жерге, кайсы убакта мал жаюуну жакшы эле билет. Жер-жерлердеги жайыт комитеттери уюштуруп коё турган эле жумуш. Негизи элибиз эч качан сары журт болуп бир жерге отуруп алып, жайлоонун чөбүн тебелечү эмес эле. Мен деле малчынын уулумун. Аталарыбыз, кошуна отурган чабандар бир жерге он күндөн ашык отурчу эмес. Тез-тез орун алмаштырып, конгон журтту тазалап кетчүбүз. Бул маданият кыргыз барда калбаса керек, калбайт дагы. Антпесе эл болгонубуз кайсы. Ал эми Суусамырдагы жайыт колдонуу маселеси Суусамырдын өзүндөй кенен, өтө масштабдуу, мамлекеттик кийлигишүүнү талап кылган, экономикалык, экологиялык өңүттөгү чоң көйгөй болуп турат.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”