Казино өлкөбүзгө керекпи, жокпу?

Кыргызстанда кумар оюндарына (казино ж.б.) тыюу салынганына 6 жыл болуп бара жатат. Оюн-зоок бизнеси менен алпурушкандардын жапырт каршылыгына карабастан мыйзам кабыл алынып күчүнө кирген. Ошондой болсо да, ушул күнгө чейин бул чечим туура болгонбу, жокпу деген талаш пикирлер токтогон жок, кумар оюндарына кайра уруксат берүү керек деген маселе уламдан-улам көтөрүлүп калууда. Кыскасы, буга жактоочулар да, каршылар да бар. Кайсы тараптын далилдери маанилүү, төмөнкү кеп ушул жөнүндө.

Тыюу же жалган бүтүм

Кыргызстанда казинолор «калктын адеп-ахлагын жана ден соолугун коргоо» аттуу кеңири алкактагы өнөктүк менен жабылган. Парламенттин депутаттары, маморгандардын өкүлдөрү, айрым коомдук уюмдар жана кризистик борборлор статистикалык цифраларды келтиришип даттанган. Айтымда, жүздөгөн кумарпоз оюнчулар үй-бүлөсүнөн жана ишинен ажыраган, балдар мектепке барбай ушундай жайларда убакыттарын өткөрүшкөн.

Маселеге моралдык, адеп-ахлактык жактан көңүл бурулган. Мындан тышкары, айрым серепчилер казино баңгизат соодасынан түшкөн акчаларды адалдаштыруунун жөнөкөй түрү болуп жүрбөсүн деген маселени койгон. Ошентип, 2012-жылдын 1-январынан баштап өлкөдө бардык оюн-зоок залдарынын иштешине мыйзам боюнча тоскоол коюлду. Бирок букмекердик кеңселер жана тотализаторлор жоюлган жок. Мындай клубдардын ишмердиги жөнүндө мыйзамды КР Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы иштеп чыккан. Укук коргоо жана фискалдык органдардын атайын иш-чараларына карабастан ишкерлердин өздөрүнүн туруктуу кардарлары үчүн ишмердигин улантканы четинен табылды. Алар казинолорун дубандарга алып барышты, көрнөк такталарын алып, аталышын жана ишмердигинин түрүн өзгөртүп, каттоодон өтүштү.

Казинолор жабылган ошол учурда 12 миңден ашуун кыргызстандык ишсиз калды. Бул алардын эмгек мигранты болуп калышына тобокелчиликти жаратты. Кумар оюндарынан баш тартуу мамлекеттик бюджеттин чөнтөгүн айтарлыктай жукартты. Бул бизнестен мамказынага салык катары жылына 10 миллион доллардын тегерегинде төгүм түшүп жаткан. Ишкерлердин арасынан мамлекет биздин «сазайыбызды» берди, казакстандык атаандаштарыбыз парламентчилерди азгырган окшойт, анан өкмөт оюн-зоок бизнесин жаап салды деп айткандар арбын болду. Алардын пикиринде, Кыргызстанда казинолордун жабылышынан пайда көргөн – биздин чек арабыздан эки жүз чакырым жерде жайгашкан казакстандык «Лас-Вегас». Ал жакка оп-оңой эле жана тез-тез сапарды уюштуруп коюуга болот, демек, мурда Кыргызстанда жүгүртүлгөн акчалар эми коңшуларга агылды. Бул версия чындыкка жакыныраак. Тилекке каршы, ушундай божомол алдын ала айтылса да, чечим кабыл алынып кетти, жарандык коомдун үнү угулбай калды.

Оюн-зоок бизнесин кайра жандандыруу маселесин айрым саясатчылар жана ишкерлер уламдан-улам козгоп жүргөнүн белгилеп койгонубуз абзел. Мисалы, бир нече жыл мурда Ысык-Көлгө жакын жерде тек гана чет өлкөлүк туристтер кире тургандай кылып «Хан-Тенгри сити» көңүл ачуу жана шопинг борборун куруу тууралуу сунуштар айтылган. Бул сыяктуу идея кийинчерээк Мамлекетти туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында 2015 – 2017-жылдарга туристтик тармакты өнүктүрүүнүн программасы түзүлүп жатканда, туризм жаатын оптимизациялоонун негизги багыттарынын катарында көмүскөдөгү оюн-зоок бизнесин тек гана атайын оюн-зоок аймактарында (дагы эле ошол Ысык-Көл кылаасындагы бөлөкчө аймакта же «Манас» аба жайынын тегерегинде) легализациялоо көтөрүлгөн.

Грузиядагы казинолор – «туура тажрыйба»

Өлкөбүздүн бермети болгон көлүбүздүн жээгинде оюн-зоок аймагын ачуу идеясынын жөнү бар. Муну курорттук аймактардагы казинолордун ишмердигинин дүйнөлүк ийгиликтүү тажрыйбалары тастыктап жатат. Бул өңүттө постсоветтик мамлекеттердин, атап айтканда, Грузиянын иш-аракеттерине көңүл бурууга болот. Бул өлкө көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин коомдук турмуштун бардык багытында жаңылануу жолуна түштү. Бул жараян оюн-зоок индустриясын да камтыды. Географиялык жактан ыңгайлуу жайгашуусу, мыйзамдарында кумар оюндарына тыюу салуу болбогону, коррупциянын төмөн деңгээли, бизнести жүргүзүүдөгү жакшы шарттар жана салык төгүмүндөгү калыстык Грузиядагы кумар оюндары бизнесине бир катар артыкчылыктарды берди.

Өлкөнүн колдонуудагы мыйзамы казино, букмекердик бизнес (тотализаторду кошкондо), лотерея, оюн автоматтарынын салону, кумар оюндарынын клубу сыяктуу оюн-зоок ишмердигинин бардык түрүнүн ачык түрдө иштешине мүмкүнчүлүк берген. Оюн-зоок бизнеси бир катар ченемдик-укуктук актылар менен жөнгө салынган. Бул ишмердикти жүргүзүүгө 5 жылдык мөөнөт менен уруксат берилет. Уруксат алуу кагазына жыл сайын акы төлөнөт. Уруксат алуучу адегенде өзүнүн ишмердигинин биринчи жылы үчүн акысын төлөйт, анан кезектеги төлөмү аркылуу жыл сайын уруксат кагазын узартып отурат. Акы төлөөнүн өлчөмү оюн-зоок жайынын орношкон жерине жараша болот. Казинолордун, тотализаторлордун жана башка оюн-зоок мекемелеринин кирешелерине 10 пайыздык салык салынат. Курорттук аймактарда жайгашкан оюн-зоок мекемелери салыкты азыраак төлөшөт. Мындай баа саясаты Грузиянын туристтик инфратүзүмүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү максатында каралган. Айталы, Боржоми, Батуми жана Кобулети курорттук шаарларындагы казинолор жана башка оюн-зоок мекемелери айтарлыктай жеңилдиктерди пайдаланышат. Мисалы, Батумиде казино ачууга уруксат алуу үчүн төлөмдүн жылдык өлчөмү, Грузиянын улуттук валютасы менен – 250 миң GEL (103 600 доллар), ал эми борбор шаар Тбилисиде – 5 млн. GEL (2 072 250 доллар). Эгер бизнесмен Батумиде жаңы салынып жаткан 100 номерден кем эмес конок үйлөрдүн жанында казино ачса, ал уруксат кагаз алуу акысынан 10 жылдык мөөнөткө бошотулат. Ошондой эле шаардык муниципалитетке караштуу территорияда казино ачкандарга уруксат кагазы бекер берилет.

Ишкер оюн-зоок бизнесине уруксат үчүн жыл сайын акы төлөөдөн тышкары административдик төгүм төлөйт. Анын өлчөмү мекеменин имаратынын ченине байланыштуу болот жана ар бир түзмөккө квартал сайын акы төлөйт: ар бир оюн аппаратына 1,5-3 миң GEL, ар бир казино үстөлүнө 15-30 миң GEL, системдик-электрондук ыкмадагы оюн үчүн 30-60 миң GEL, ар бир кызыктыргыч утушу үчүн байге фондусунун 10% көлөмүндө төгүм каралган. Оюн-зоок бизнесин жүргүзүү талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөй турган негизги мамлекеттик органдар – Грузиянын Салык кызматы, Ички иштер министрлиги жана Каржылык мониторинг кызматы. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде бул органдар административдик көзөмөлдү жасайт жана тартип бузууларга чара колдонушат. Текшерүүдөгү маанилүү нерсе, оюнчуга коюмга акча тигүү үчүн казино тараптан акча берилүүсү, буга мыйзам менен катуу тыюу салынган. Эгер мындай бузуулар аныкталса, оюн-зоок жайынын ээсине чоң көлөмдө айып пул салынат. Бул жагдай кайталанса, жетекчисин кылмыштык жоопкерчиликке тартуу аркылуу бизнестин бул түрүнө анын уруксат кагазы жокко чыгарылат.

Грузия – салык саясаты ачык-айкын, салык төлөмдөрү төмөндөтүлгөн өлкө. Букмекердик ишмердикте бул бизнести жүргүзгөн ар бир оператор мелдештин коюмунун жүгүртүүсүнөн 10% салык төлөйт. Жашы 18ге толбогондорго кумар оюндарына катышууга катуу тыюу салынган, ал эми казинодо ойноо үчүн жаш курагы 21ден жогору болуш керек. Оюн-зоок бизнесинин операторлорунун социалдык жоопкерчилигинин кошумча механизми – кумар оюндарынын катышуучуларынын канча акча каражатын жумшаганын Каржы мониторинги кызматынын көзөмөлгө алуусу болуп эсептелет. Кумар оюндарын уюштуруучулардын ар бири күнүнө $ 1243 доллардан (3 миң GEL) көп акча коротуп жаткан оюнчу жөнүндө аталган кызматтын өкүлүнө билдирип турушу милдеттүү. Мындай маалыматты бербеген операторго мекеменин ченине жараша 830–2490 доллар көлөмүндө айып пул салынат. Ошондой эле Каржы мониторинги кызматынын Грузиянын территориясында кандайдыр бир кумар оюнуна катышуусуна тыюу салынган адамдардын кара тизмесин түзгөнү алкоого арзыйт. Бул тизмеге, негизинен, ар түрдүү эл аралык террордук топтордун жана бандиттик түзүлүштөрдүн өкүлдөрү киргизилген. Грузиянын мамбюджетине оюн-зоок бизнесинен түшкөн төгүмдөр жыл сайын арбын көбөйүүдө. 2016-жылы салык катары 50 млн. доллар каражат түшсө, 2017 жылы бул 70 млн. доллар болгон. Постсоветтик өлкөлөрдөн Беларусь менен Казакстанда оюн-зоок бизнесин жөнгө салуу жолго коюлуп, ал оң натыйжасын берип жатат.

Казино биздин өлкөдө: кемчилиги жана артыкчылыгы

Оюн-зоок бизнесинин тобокелчилиги менен тескери жактарын айтканда, биринчиден, казинонун ээсинин ар кандай мыйзам бузууларга жол берери жана кыянаттыгы, мисалы, Кыргызстандын эрезеге жете элек жарандарынын казинодо ойноосуна көз жуумп кароосу ж.б. жагымсыз нерселер. Мындай учурларда, албетте, кылмыштык жоопкерчиликке тартыла турган административдик катуу чара көрүлүшү зарыл. Кыргызстандын жарандарына оюн-зоок мекемелерине кирүүгө такыр тыюу салуу керек же жаш курагынын 21 жаштан төмөн болбогонуна чек коюну мыйзамдаштыруу зарыл, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин кумар ойноосуна жол бербөө ылазым. Казинолордун ишмердигине уруксат берилсе, КР жарандары оюнга катышууга паспорту менен киргени туура, бул ачык-айкындуулукка өбөлгө түзөт. Кумар оюндарынын ишмердигине дагы бир олуттуу каршы аргумент бар, ал – кылмыштуу кирешелердин (курал сатуу, баңги бизнеси ж.б.) изи жашырылышы мүмкүн. Бул кубулуш менен верификация (каражаттын кайдан келгенин тастыктоо) аркылуу, ошондой эле салык салуунун ар кандай системасы аркылуу (мурдагыдай патентти жок кылуу, дүң кирешеге пайда салыгын киргизүү) күрөшүүгө болот. Ошентип, арам акчаны адалдаштыруу ээсине пайдалуу да, коопсуз да болбой калат. Туристтерди тартуу маселесинде курорттук аймактардагы казинолордун ишмердигинин дүйнөлүк ийгиликтүү тажрыйбаларын карасак, статистикалык маалыматтар боюнча, эс алуучулардын 70 % казиносу бар аймактарга келет экен. Өлкөбүздө оюн-зоок индустриясына уруксат берилсе, Ысык-Көл жээгинде казино ачылгандай болсо, бул туристтердин келүүсүн азыркыдан 2-3 эсеге көбөйтөт. Туристтердин конок үйлөргө орношуусунан, тамак-ашынан, тейлөө кызматтарын пайдалануусунан бир топ каражат топтоло турганы белгилүү. Эгер ар бир турист орточо эсеп менен эс алуу күндөрүндө 500 долларды корото турган болсо, анда өлкөбүздүн казынасына кошумча каржы төгүмдөрү (жергиликтүү жана республикалык бюджетке, социалдык фондго) жылына 500 млн. доллардан 1 млрд. долларга чейин каражат түшөт. Бул – болжолдуу, жөнөкөй эле эсеп.

Мында дагы бир маанилүү кырдаал бар – андай мекемелерге Кыргызстандын жарандарын расмий түрдө, эмгек келишими боюнча, камсыздандыруунун мүчөлүк акысын жана салыктарын төлөө жоопкерчилиги менен ишке орноштуруу. Бир сөз менен айтканда, оюн-зоок бизнесин легализациялоонун артыкчылыгы көрүнүп турат, бул анын тобокелчиликтерине караганда басымдуураак жана экономикабызды өнүктүрүүгө да жаңы шарттарды түзөт. Бирок, учурда биз жашырын казинолор менен оюн залдарын ашкерелөө багытында байма-бай уюштурулган атайын операциялардын күбөсү болуп жатабыз. Биздин жарандарыбыз ал жайларда акчасын жана убактысын коротууда, чоң акча каражаттары өлкөбүздүн бюджетин айланып өтүп, мыйзамсыз бизнести уюштуруучулардын чөнтөгүн калыңдатууда.

Эльдар ТАДЖИБАЕВ, Социалдык-эмгектик мамилелерди изилдөө борборунун 

директору