Кайрылуу: Жаңгак токойлорунун пайдасын коррупционер көрүп жатат

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.ЖЭЭНБЕКОВго  

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр токой чарбасында жашаган 625 жарандын атынан келген өкүлдөр:

  1. Бактыкан Түркменовадан, 2. Жылдызкан Калматовадан, 3. Сайракан Алымкуловадан, 4. Жуманазар Өскөнбаевден, 5. Базар-Коргон районундагы “Жаңгак токойлорун” коргоо комитетинин төрайымы Гүлайым Топчубаевадан

АРЫЗ

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Түштүк Кыргызстандагы жаңгак токойлору байлардын, уурулардын, уюшкан коррупция адамдарынын кызыкчылыгына кызмат кылып жатканын билесизби?

Биз сизге Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр токой чарбасы жайгашкан Кызыл-Үңкүр айылында жашаган 625 адамдын атынан кайрылып жатабыз. Быйылкы жылдын май айында “Ачык саясат” газетасы №15-16-сандарында удаа-удаа биздин элдин ынтымагын бузган, чарба жетекчиси Каныбек Чойтоевди бир беткей жамандаган көлөмдүү макалаларды жарыялады. Айылдан чыккан 10-15 адам, чындыкты тескери жазышып, эл ичин ызычууга салды. Алардай журт бузарларды жогору жактан Кызыл-Үңкүр айылынан чыккан депутат Мирлан Бакиров колдоп, багыттап турду. Биз болсок элди топтоп кимде-ким биримдикти жана ынтымактыкты колдосо төмөндөгү “– Кызыл-Үңкүр токой кызматындагы бүгүнкү жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерин адилеттүү деп эсептейсизби?” деген суроо менен элге кайрылып, жалпы журттун пикирине байкоо салдык. Ошондо Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнө караштуу миңге жакын тургундун шайлоого укуктуу болгон 625 жараны Каныбек Чойтоевди колдойбуз, анын иши адилеттүү деп баа берди. Ар бири өз колу менен кагазга кол коюшту.

Сизге кайрылганча биз Кыргыз Республикасынын токой чарба агенттигинин директору А.Рустамовго 2018-жылдын 27-майында кайрылып, атайын арыз таштадык. Анткени мындан 15 күн мурда А.Рустамов бардык жетекчилери менен Кызыл-Үңкүргө барып биздин талаш-тартышка өздөрү күбө болушту. Бүтүндөй элди көзүнө илбеген баягы эле 10-15 адам министрди баш кылып, райакимди каш кылып сөгүшүп, бакырышып ызы-чуу салышты. Эч ким аларга теңеле албады. Мындай чыр ошол адамдардын 3-4 айдан бери Кызыл- Үңкүр токой чарбасынын директору Каныбек Чойтоевди кызматтан түшүрөбүз деген аракеттери менен коштолду. А.Рустамов талаш-тартышты көргөндөн кийин Каныбек Чойтоевдин ишинде бир кынтык болбосо да аны кызматтан мыйзамсыз четтетти. 95% эл колдогон чарба жетекчисин А.Рустамов коргоп колдоштун ордуна, “мени Мирлан Бакиров кысым көрсөтүп, Чойтоевди кызматтан алууга аргасыз кылды” деп бизге айтты. Биздин арызды канааттандырган жок. Окуяны Сизге бир аз болсо да түшүндүрүп коёлу. Кызыл-Үңкүр токой чарбасы түштүк Кыргызстандагы жаңгак токойлорунун уюган алтын жери. Ошол жаңгак токойлорун бүгүн бир ууч уюшкан уурулар ээлеп алышып, мамлекетке олуттуу зыяндарды жаратып жатышат. Андай ууруларды жана бузукуларды Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров колдоп башында турат. М.Бакировдун колдоосу менен эл бузар, журт бузар 10-15 адам өткөн жылы Сапар Исаковко, Жолдубаевага 2-3 сыйра келип арыз ташташкан. Алар кимдер? Кызыл-Үңкүрдөгү бир тууган Түркменовдор, Курманкуловдор жана башкалар. Булар ар жакка арыз жазып жатышып өздөрү аңга тыгылышты. Өздөрүнүн арыздары менен келген текшерүүчүлөр алардын токой чарба менен түзгөн келишимдерин жасалма экендиктерин жана булардын ар бири 7-10 гектардан ашык жаңгак токойлорду келишимге көрсөтпөй колдонуп жүрүшкөндүгү анык болду. Мисалы мындай арыздардын негизи менен 2018-жылдын апрель, май айларында көз карандысыз “Жалал-Абад-Аудит” коомунун аудитору Бакиров Исакбек жана аудитордун жардамчылары Б.Алибаев, А.Султанов Кызыл-Үңкүргө келишип, аталган маселелер боюнча текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Ошондогу аудитордук актынын корутундусунан. 10.05.2018-ж. Кызыл-Үңкүр айылы:

“Кызыл-Үңкүр токой чарба кызматынын 03.11. 2017-жылдагы № 01-11/57/О буйругунун негизинде комиссия тарабынан ижарачылардын жаңгак аянттарын тартып өлчөөдө Түркменов Рысбектен 12,9 га, Тынычбек Түркменовдон 17,8 га, Кубаныч Түркменовдон 7,8 га, Бактыбек Жолдошевден 3,9 га, Курманкулов Каныбектен 13,5 га, Курманкулов Жаныбектен 13,5 га, Тешебаев Мараттан 1,5 га бардыгы ______________70,9 га ашыкча жаңгак аянттары бар экендиги аныкталган. Бул ашыкча чыккан жаңгак аянттарынын ижара акысы жылына 70 900 (жетимиш миң тогуз жүз) сомду түзөт. Өлчөө актысынын негизинде 2013-2018-жылга чейин ашыкча жаңгак аянттарын эсептегенде 354 500 (үч жүз элүү төрт миң беш жүз) сомду түзгөн. Анын ичинен төлөнгөнү 36 500 (отуз алты миң беш жүз) сом. Ижарачылар тарабынан ашыкча пайдаланган жаңгак аянттары боюнча 318 000 (үч жүз он сегиз миң) сом төгүлбөгөн”. Актынын андан аркы бөлүгүндө буга чейин токой чарбада жетекчи болуп иштеп келген адам тарабынан ижарачылар менен болгон келишим кагаздар туура эмес, үстүртөн божомол менен жазылгандары айтылат.

Жогоруда белгиленген 7 адамдан эле 70 гектар жердеги жаңгак токойлору мамлекеттен бекитилип, жеке кызыкчылыктарга кеткени так жазылат. Эгер буга чейин Кызыл-Үңкүр токой чарбасына тиешелүү 3066 гектар жаңгак токою элге ушундай тартипте берилсе, анда бүгүн мамлекет канчалаган зыянды ачык эле тартып жатат. Токой чарбасындагы мындай башаламандыктар жөнүндө жазылган 2018-жылдын 10-майындагы 7 беттен турган аудитордук корутундуга (актыга) аудитор И.Бакиров, анын жардамчылары Б.Алибаев, А.Султанов Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору К.Чойтоев, башкы эсепчиси Б.Чымынтаев кол койгон. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын башчысы А.Шамаев жогорудагы олуттуу кемчилдиктерди чететтүү боюнча токой чарбага катуу эскертүүлөрдү берген.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кызыл-Үңкүр айылында 1100 түтүн же 9000ге жакын эл жашайт. Чарбада 3666 гектар жаңгак токойлору бар. Булардын баары ижарага таркатылып берилген. Жыл сайын түшүм берчү 1920 гектар жаңгак токоюнан 1 920 000 сом планындагы киреше мамлекетке кириштелет. Ижарачылар ар гектар аянтка 1000 сомдон план төгүшөт. Мындан сырткары чарба 2180 бал челек кармайт жана жылына 13 тонна бал план катары берилет. Негизинен чарбадагы баш ооруткан маселе жайыт маселеси. Кызыл-Үңкүр токой чарбасы жыл сайын 1700 гектар аянтты жайытка берет. Буга нормага ылайык 17 000 баш бодо мал жайлоого чыкса болот. Бул үчүн биз чарбага жайыттардын эсебинен 1 300 000 сом киреше планын төгөбүз. Маселе мында эмес. Токой кодексине ылайык биз жайыттарды, токойлорду мыйзамда белгиленген нормалардан ашыкча кыспашыбыз керек. Биздин токой чарба бир жылда 17 000 башка чейин кара малды жайыт менен камсыз кылса, иш жүзүндө жылына ал жайыттарга 50-60 миң мал чыгат. Бул деген жайыттардын деградация болуп, мал туягынан кыйрап жаткандыгын билдирет. Демек, биздин жайыттар 3-4 эсе көп мал менен кордолуп жатат. Ошол жайыттарда жер көчкүлөр пайда болуп, жайлоонун, жаратылыштын кунары кетип табигый тең салмактуулук бузулууда. Жергиликтүү, райондук бийлик малдын баары жайлоого чыксын дейт, ал эми токой кодекстери жайытты жана токойлорду сактагыла дейт. Кимди угуп, кандай иш кылышты тандоо кыйын.

Жыл сайын жүздөгөн гектарларга токой көчөттөрүн тигебиз. Аларды болсо жайнаган мал тебелеп айланы кетирет. Алар бул жакта калсын, адамдар ар кандай амалдар менен кагазга 3-4 гектар токой көрсөтүп, иш жүзүндө 10-15 кээде 20 гектар токойлорду ашыкча колдонуп жатканына эмне дейбиз? Бул маселени көтөрсөң эле элге каршы турган адам болуп чыга келесиң. Ал эми мыйзамда токой мамлекеттин байлыгы катары так жазылган. Бүгүн болсо ал мамлекеттин байлыгын уурдагандар менен күрөшсөң ууруларга эмес бийликке да жакпайсың. Анткени бийлик ызы-чуу чыгарбай тынч иште дейт. Тынч иштейин десең уурулар көчөдө кыйкырып сүйлөп, чындык менен жашагандарды башкарып минип алат. Буга кантип чыдоого болот, — деп жалпы чогулушта Каныбек Чойтоев элге ачык айтты.

10-15 адам чарбадагы токойлорду бир нече жылдар жаап-жашырып, жасалма документтерди жасап мамлекетке жүз миңдеген акчаларды төкпөй келишсе, анан да жалпы чогулушту бузуп, уруш чыгарып элди ызы-чуу кылса алардан коркуп токой чарба агенттигинин директору А.Рустамов аймактык, чарба жетекчисин жумуштан алышы эмне деген жүзү каралык? Кызыл-Үңкүр айылындагы жалпы чогулушта токой чарбанын директору Каныбек Чойтоев – эгер 7 ижарачы адамдан 70 гектар жаңгак токою бекитилип уурдалып жүргөнү байкалса, Кызыл-Үңкүрдөгү миңден ашуун түтүн эл жашайт экен. Эгер аларды толук инвентаризация кылса 500дөн 800 гектарга чейин ашыкча токойлор чыгышы мүмкүн деп айтты. Андай болсо бир эле токой чарбадан 1000 гектарга чукул токой аянттары мамлекеттен жашырылып, анын кирешелери жеке чөнтөктөргө кетип жатса, Кыргызстандагы 35 000 гектар жаңгак токоюнун абалы эмне болду экен?

Ал эми Базар-Коргон прокуратурасы менен милициясы Кызыл-Үңкүр токой чарбасында көз көрүнө зөөкүрлүк, хулигандык жүрүп жатса көрмөксөн болгону эмнеси? 7 киши 70 гектар жерди мамлекеттен уурдап бир канча жылдардан бери кирешесин бекитип, бул боюнча чарбанын мурдагы директору Анарбай уулу Элмирбектин аталган адамдар менен түзгөн жасалма документтерге карата кылмыш иштеринин козголбой жатканы дагы элди нааразы кылып жатат. Ал эми өмүр баянында эң тажрыйбалуу аудитор катары бааланган Исакбек Бакировдун (уулу Мирлан Бакиров атасы жазган актыны билбегендиги канчалык арман) жардамчылары менен кол койгон аудитордук корутундусундагы дал ушул 7 адам 5 жылда мамлекетке 318 000 сом зыян келтиргендиги да так жазылып турат. Эмне үчүн мындай документке карата чечкиндүү чаралар көрүлбөйт?

Урматтуу президент!

Сизге дагы бир айта турган негизги маалымат өткөн жылдагы президенттик шайлоодо депутат Мирлан Бакиров (бүгүнкү вице-спикер) өзү туулуп өскөн Кызыл-Үңкүр айылын көз көрүнө экиге бөлдү. Кантип? Ал Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысынын атасы Жолдошев Мамарайымдын үйүнө “Төрөбаев премьер-министр, Бабанов президент” деген жарнаманы илип, элди Бабановко үндөп иш кылды. Ошол эле айыл өкмөт бүгүн айылда директорго элди тукуруп, Чойтоевди иштен алыш үчүн Мирлан Бакировдун шыкагын иш жүзүнө ашырат. Ошондо чарбанын жетекчиси Каныбек Чойтоев элди Сооронбай Жээнбековго үндөп, ошол штабда болду. Ошондон бери Мирлан Бакиров Каныбек Чойтоевге кек тутуп, анын үстүнөн бир ууч адамды ар кандай инстанцияларга арыз жаздырып келди. Жакында эле ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогорку трибунасынан Каныбек Чойтоевди жана аны колдогон элди жаманатты кылып сүйлөдү. Анын стенограммасынын кыскача мазмунуна байкоо салалычы:

– Мирлан Бакиров ЖК депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы: “Кызыл-Үңкүр маселеси көтөрүлүп калды. Мен кыскача маалымат иретинде айтып кетейин. Чойтоев Каныбек убагында соттолгон, бирок иши кыскартылып акталган деген чечимдер жүрөт. Мындайча айтканда, кадр тандап атканда дагы ар бир чарбада, бул бир эле лесхоз эмес, ар бир жерде эл менен иштеше турган адам болуш керек. Элди экиге бөлбөй. Мына Тогуз-Тородогу убагында реакция болбой эмне болду, эмнеге алып барды. Ошондуктан бул кишиге дагы чара көрүлүш керек”.

Биз депутат Мирлан Бакиров Чойтоевди соттолгон деп Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүн далилдешин талап кылабыз. Биз аны сотко беребиз, Чойтоев боюнча соттун чечимин таба албаса депутаттыктан кетишин талап кылабыз. Дал ушул сөзү менен ал токойлорду уурдаган, бекиткен бузукулардын башчысы экенин өзү ырастап жатат. Мирлан Бакиров эл сүйгөн жетекчи Чойтоевди негизсиз жамандап, шайлоодогу кегин алды. Аны директор Рустамов да мени кысып жатып буйрук чыгартты деп белгиледи.

Урматтуу президент!

Биз Сизден суранабыз. Эмне үчүн Мирлан Бакиров мындай аракеттерди жасады? Анткени Кызыл-Үңкүр токой чарбасында текши инвентаризация жүрүп кетсе, дал ушул Бакировдун туугандарынан ондогон эмес андан 4-5 эсе көп гектар токойлор ашыкча чыкмак. Андыктан Түркменовтордун жерине кошуп Бакировтордун, айыл өкмөт башчы болгон Жолдошевдердин жана ошол эл сыйлап, эл урматтап жаткан Каныбек Чойтоевдин да жаңгак токойлорун текшерип берүү жагына так жардам кылууңузду суранабыз. Мирлан Бакиров өзүнүн арты ачылып калат деп эл сүйгөн, эл кадырлаган, чындык үчүн иштеп жаткан Каныбек Чойтоевди иштен алдырды. Ал өзүнүн артынан коркту. Түштүк Кыргызстандагы жаңгак токойлорунун аянттарына катаал мүнөздөгү ревизия иштерин уюштурууга багыт берсеңиз. Жаңгак токойлору байлардын жана чоңдордун, уюшкан уурулардын колуна өтүп кетти.

Сизди чындыкка, адилеттүүлүккө көңүл буруп, Кызыл-Үңкүрлүктөрдүн тилегин угат деп ишенебиз. Бул үчүн 625 адамдын колу коюлган кагаздар жана атайын арыз сизге жолдонот деп, 625 адамдын атынан

Сизге арыз тапшыруучулар:

 

 

Кайрылуу: Жаңгак токойлорунун пайдасын коррупционер көрүп жатат: 9 комментариев

    • Июнь 10, 2018 в 3:31 пп
      Permalink

      Бактыкан ахматбекова озун батмакан туркменова кылып корсотуп журот эл бузар аял бул эже. Жаман адам жаман менен шерик болот дегендей Чойтоев эко табышып алып элди канча кыйнашты. Чойтоев кетти эл тынч жашап жатабыз. Бирок батмакан ахматбекова дагы деле элди чабыштырганга аракет кылып журудо.

  • Июнь 2, 2018 в 8:33 пп
    Permalink

    Бул Бактыкан Туркменова ОЗУнун кайнисинин уйун фаршывый документ кылып уйун тартып алган. Оз баласынын жангак жерин Талашып сотко Берген балдарына дагы тен карабайт.
    Ушундай жалганчы катындар Эл бузарлар элди ушундай жаман аялдар экиге болудо ЧОЙТОЕВ экоо. Бул Бактыкан Ахматбекова туркменова болуп корсотуп журот озун.
    Суйлосо эле маданиятуу болуп суйлойт бул Бактыкан Ахмат бекова.

    • Июнь 10, 2018 в 3:26 пп
      Permalink

      Бактыкан ахматбекова озун батмакан туркменова кылып корсотуп журот эл бузар аял бул эже. Жаман адам жаман менен шерик болот дегендей Чойтоев эко табышып алып элди канча кыйнашты. Чойтоев кетти эл тынч жашап жатабыз. Бирок батмакан ахматбекова дагы деле элди чабыштырганга аракет кылып журудо.

    • Июнь 12, 2018 в 7:33 пп
      Permalink

      Уялсанар болот эле жалган жала суйлогондон. Уят! Уят! Уят!

  • Июнь 10, 2018 в 3:40 пп
    Permalink

    Kyrgyztuusu.kg Сайыты бир тарапту жазыптыр элдин гойгойун жеринен келип танышпастан сыйытка чыгарышты.
    Kyrgyztuusu.kg сайыты мыйзамга туура
    келеби бир тарапу чыгарганынар.

  • Июнь 12, 2018 в 7:25 пп
    Permalink

    Туркменова Бактыкан эжени мен жакшы билемин, ал андай эже эмес. Ошол там талашып жургон мезгилде эле укканбыз, Туркменовтордун биросу деле оз мээнэти менен там салган эмес экен. Туркменова Бактыкан эженин жолдошунун жардамы менен бир туугандары уйлуу болушкан экен. Эми мынтип оздорунун бир тууган агасын жамандап жургонун эл да, Кудайымда билет. Кече кок жолук салынып, бугун ак койнок кийип жургон Туркменовтордун кызы, эже суйлогон созунон кийген кийиминен эле кандай аял экендиги белгилуу болуп туратко.

  • Июнь 12, 2018 в 7:31 пп
    Permalink

    Абат Кылычбеков деген жигит элдин тынчын бузуп, кочурмо болуп,Токмок шаарынан качып келген экен. Эми тынч жашап аткан Кызыл-Ункур элинин тынчын бузуп бузукулук иштерди кылып журот. Эми депутат Бакиров Мирлан агабыздын дагы белин сындыра тебиптир деген создор эл арасында айтылып жатат.

  • Июнь 13, 2018 в 12:57 пп
    Permalink

    Ээ туугандар,эмне эле оз эненер менен тен аялды эле жамандап атасынар!!! Бироону жамандардын алдында озунорду билгиле.

Комментарии запрещены.