Эң коррупцияланган министрлик – ИИМ. Экс-министр Улан Исраиловго «рахмат»

2017-жылы эң коррупцияланган мамлекеттик органдардын ичинен Ички иштер министрлиги биринчи орунга чыккан. Бул тууралуу КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга жооп берип жатып билдирди.

Экинчи орунда Транспорт жана жол министрлиги, үчүнчү орунда Мамлекеттик экотехинспекция, төртүнчү орунда Мамлекеттик курулуш агенттиги, бешинчи орунда Билим берүү жана илим министрлиги… ИИМ коррупцияга каршы күрөшкөн орган болуп туруп, өзү жемкорлук боюнча “рекорд” койсо “жыргаган” экенбиз. Ал эми депутат Мурадыл Мадеминов пикирин айтып, “Эмне үчүн бажычыларды атаган жоксуз? Ал жерде ондогон миллиард сомдор уурдалып жатат. Бажы тармагындагы бир эле жетекчинин үйү 5 млн. долларга курулганы көрүнүп турбайбы. «Райым миллион» деп аталган Райымбек Матраимовдун жана ага чейинки бажы жетекчилеринин үйлөрүн дагы текшергиле”, — деди.