Биргелешип иштөөнү чечишти. Эми коррупция коколонобу?

Кечээ КРнын Эсептөө палатасынын төрагасы У.Марипов, Башкы прокурордун орун басары Н.Дюшембиев, УКМКнын төрагасы И.Кадыркулов, ички иштер министри К.Жунушалиев жана Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Б.Таиров Эсептөө палатасы менен прокуратура органдарынын жана укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кол коюлган документтер Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан коюлган коррупция менен күрөшүү боюнча талаптарды жана милдеттерди, ошондой эле өлкөнүн укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин эске алып, укук коргоо органдары менен Эсептөө палатасынын өз ара аракеттенүүсүн оптималдаштырууга багытталган. Өз ара аракеттенүүнүн жаңы тартиби негизинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кайталанган жана негизсиз текшерүүлөрдү алып салуу мүмкүнчүлүгүн берет, ошондой эле финансылык-бюджеттик чөйрөдөгү укук бузууларды алдын алуу жана токтотуу маселесинде Эсептөө палатасы, прокуратура органдары жана укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтөт. Эсептөө палатасынын төрагасы У.Марипов өз сөзүндө биргелешкен кызматташуунун алкагында прокуратура менен укук коргоо органдарынан алынган маалыматтар, аудиттерди жүргүзүүдө тобокелдикке багытталган аракеттерди күчөтүүгө көмөктөшө тургандыгын белгиледи. “Натыйжада, бул финансылык бузуулардын жана коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алууга алып келет. Макулдашууга кайталанган жана негизсиз текшерүүлөрдү токтотуу маселесин камтуу менен мамлекет башчысы бизге койгон милдеттер киргизилген. Бүгүнкү кол коюлган документтер биздин өз ара аракеттенүүбүзгө жаңы импульс берээрине ишенем, — деди ал.

Өз кезегинде, Башкы прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга өз учурунда кол коюлгандыгын, анын маанилүүлүгүн жана зарылдыгын баса белгилешти. Жолугушуунун аягында тараптар мындан ары жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.