Президент Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу окуя боюнча маалымат алды

Бүгүн, 4-июнда Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндөгү 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуя боюнча маалымат алды.

Анын айтымында, милициянын чектен чыккан шалаакылыгынан, жоопкерсиздигинен жана өз ишин билбестиктен улам болгон бул окуяга коомчулуктун кыжырданып жатышын туура түшүнүү керек. Жаш кыздын бөөдө өлүмүнө жол берген күнөөлүүлөр баары катуу жазаланышы зарыл.

Алар кызматтарынан четтетилип, кылмыш жоопкерчилигине тартылышын коомчулук күтүп жатат. Ички иштер кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу жана тартипти бекемдөө боюнча жумушту күчөтүү зарыл”, — деди Жээнбеков.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул ишти өз көзөмөлүнө алганын, Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуянын мындан ары кайталанбашы үчүн чечимдер кабыл алынып, буга жол берген ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана жетекчилерге карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.

27-майда Жайыл районунда 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызын ала качып бараткан адам кармалып, экөө милиция бөлүмүнө алып келинген. Шектүү милиция бөлүмүндө кызды мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.