Террордук уюмга катыштыгы бар делген 2 кыргыз жараны кармалды

Россиянын Коопсуздук кызматы Красноярск областында Афганистан менен Сирияга согушкерлерди жөнөтүп турган террордук уюмдун мүчөлөрүн кармашкандыгы тууралуу орус басылмалары жазды.

Маалыматта Россиянын Коопсуздук кызматы тарабынан террордук уюмдун 11 мүчөсү колго түшүрүлгөндүгү, аларга тинтүү жүргүзгөндө тыюу салынган диний адабияттар чыккандыгы айтылат. Коопсуздук кызматынын Красноярск областындагы өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүндө террордук уюмдун 2 мүчөсү Кыргызстандан баргандыгы айтылат.

«Алар телефон аркылуу эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү менен сүйлөшүп, аларга адамдарды жөнөтө баштаган. Уюмга жарандарды коомдук тамактануучу жайларда видеороликтер аркылуу жана жашаган жерлерине барып үндөп жүрүшкөн. Кармалгандарга карата «террордук аракеттерге көмөк көрсөтүү» жана «тыюу салынган террордук уюмдун иш-чараларына катышуу жана даярдоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголду», — деп жазылат маалыматта.