5-июнга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Өлкө аймагында 5-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Кыргызгидрометтин эскертүүсү боюнча, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт жана бийик тоолуу райондордо кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо мал кармоону кыйындатат.
Ошондой эле 3-5 июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.