Чаң баскан жолдордогу чатактар…

Талас шаарындагы ичүүчү таза суу менен камсыз кылган түйүндөрдү реабилитация кылуу боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынан 5 млн евро каражат бөлүнүп, жумуштар өткөн жылы башталган. Башкы подрядчик болуп, польшалык “Венто” компаниясы утуп алып, “Победа” ЖЧКсы субподрядчик ишти аткарууда. Натыйжада казылган жерлер, жол четтери аңырайып, чаңы асманга сапырылып, шаар элин бир топ жүдөтүп бүттү. Иш сапатсыз жасалып жатканы тууралуу облустук бийлик, ММКлар тарабынан сындар көп айтылууда.

Өткөн жылы “Жолчу” ишканасы чаңы чыккан, казылган жол тилкелерине асфальт жаткырып, 4 млн. сомдук иш аткарып берген. Канализация үчүн казылган Ч.Сатаев, Манас, Оторбаев, Үмөт Молдо, Калинин көчөлөрүн асфальттоо боюнча, быйыл “Жолчу“ ишканасы менен келишим түзүлгөн. Бирок кашайып келишимде ал жолдордун жазылыгын болгону 4,5 метр көлөмдө эле асфальттоо боюнча түзүлгөн. Шаардын кең, стандартка ылайык көчөлөрдүн жазылыгын 4,5 метр менен асфальттоо иштери жасалганда күлкү келээрлик көрүнүш болду. Жол тилкелеринин эндей тилкелерине асфальт бастырылбай, чалагайым көрүнүш пайда болуп, көргөн адамдын итатайын туудурду.

Азыркы учурда шаардын мурдагы жана азыркы мэрлеринин шалаакылыгына, кайдыгерлигине “Жолчу” ишканасынын жетекчиси Эсен Назаралиев да абдан нааразы. Анын пикири боюнча шаардын чарбалык иштеринде алдын ала пландоо иши жок. Люктар бомба түшкөндөй абалда. Эң кейиштүүсү жаңы асфальт жаткырылган жолдор казылууда. Ал аз келгенсип үй-үйүнө суу түтүктөрүн киргизүүгө аракет жасаган адамдар да “кеч ойгонушуп”, бүтүлүү ишти бүлүндүрүүгө “кол кабыш” жасашууда. Ошондуктан Э. Назаралиев суу киргизүүнү каалагандарды жолду асфальттоого чейин аракет жасоого чакырууда. Албетте, бул иштер шаардык мэриянын иши болчу. Бирок алар кайдыгер абалда болгон соң ал аргасыздан өзү жигердүү аракет жасоодо. Ал эми жазылыгы 4,5 метр келген, алыстан карасаң тердиктей болуп, кайдыгерликтин белгисиндей көрүнгөн жолдордун кейиштүү абалына күйүп-бышып, Э. Назаралиев Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевге кирип, абалды түшүндүргөн. Марат Мураталиев шыр эле маселеге чечкиндүү реакция жасап, Талас шаардык мэриясынын алешем кайдыгерлигин сынга алып, жолдун жазылыгын 6 метр кылуу боюнча долбоорун жактырган. Натыйжада келишим өзгөртүлгөн, эми, буйруса, кууш курдай болгон тилкелер шаардын стандарт көчөлөрүнө ылайык 6 метр жазылыкта асфальт жаткырылат. Көйгөйлүү маселени туура түшүнүп, принципиалдуу мамиле жасаганы үчүн өкүлгө ыраазы экендигин билдирди.

Облус жетекчиси шаардык ушундай чарбасыздыктарды катуу сынга алып, шаар бийлигинин дарегине жоопкерчиликти күчөтүү боюнча тапшырмаларды берген. Бирок негедир шаардык мэрияда жигердүү, чапчаң аракеттер анча сезилбейт. Тескерисинче, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында облустун өнүктүрүү фондусунан шаарга автоунааларды сатып алууда күмөндүү иштер жасалып жатканы тууралуу жагымсыз маалыматтар чыга баштады.

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»