Парник эффектиси… Мөңгүлөр… Суу экосистемасы..

Соңку мезгилдерде парник газдары, алардын жер шарына, жалпы эле адамзаттын жашоосуна тийгизген таасири жөнүндө кабатыр ойлор айтылууда. “Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун” дегендей бул боюнча окумуштуу адистердин макаласын жарыялайбыз.

Парник газы деген эмне?

Жерден 20-24 км бийиктикте парник газдарынын катмары жер шарын ороп-чулгап турат. Парник газдарынын курамы көбүнчө көмүр кычкыл газы СО2 (60%) жогору, суунун буусу, метан СН4, азоттун закиси N2O, фреондор жана озондон О3 турат. Жаратылышта, парник газдары күндөн жерге түшкөн нурлардын ичинен жылуу нурлар болгон ИК-инфракызыл нурлардын кандайдыр бир бөлүгүн кайра чагылдырбай жердин үстүндө кармап калат. Эгерде парник газдары болбосо анда жерден жылуу нурлар кайра космоско өтүп кетмек да жердин үстүндөгү температура (–15°С) болмок, демек жашоо-тиричилик болмок эмес. «Парник эффектисинин» натыйжасында гана жердин температурасы орточо (+18°С) ны түзөт, б.а. 33°С жогору болот. Парник газдары планетаны курчаган атмосферада кандайдыр бир айнек чатырды, күнөскананы пайда кылгандыктан бул кубулушту «парник эффектиси» деп аташат. Мына ушул кубулуштун негизинде жер шарында адамдарга, жаныбарларга, өсүмдүктөргө жашоо мүмкүнчүлүгү берилип жатат.

Минтип отурса Лондон, Нью-Йорк… Токио суу алдында калат

Бирок, адамдардын, жаныбарлардын санынын өсүшү, өнөр-жай, транспорттун түрлөрүнүн көбөйүшү б.а. антропогендик факторлор атмосферага СО2, метан, суунун буусун көп бөлүп чыгарып, фотосинтез боюнча СО-2ни теңдеп туруучу бак-дарактардын кыйылышы, токойлордун өрттөнүшү парник газдарынын концентрациясын көбөйтүп, климаттын ысышына алып келип жатат. Бул процесс мындай жүрөт. Парник газдарынын концентрациясы көбөйгөндө, кадимки парниктин пленкасынын үстүндө дагы экинчи катмар пленканы каттап жаап койгондой болуп калып, жер үстүндө температура жогорулап, глобалдуу проблемага айланды.Алдын ала божомолдун негизинде акыркы 100 жылда планетанын температурасы 0,5°С жогорулаган. Ал эми 2100-жылга карата температура 1.5°-4.5°С көтөрүлүп, Түндүк жана Түштүк уюлдардын жээктеринде температура 10°С чейин жогорулап, дүйнөлүк океандын деңгээли 89- 117 см ге көтөрүлөт деп божомолдошот, мунун негизинде океандарга жакын жайланышкан шаарлар: Лондон, Нью-Йорк, Санкт-Петербург, Амстердам, Шанхай, Токио ж.б. шаарлар суу астында калуулары мүмкүн. Бул шаарларда Жер планетасынын элинин 30-50% калкы жашашат. Парник газдарын азайтып же бир деңгээлде кармап туруш үчүн ар түрдүү эл аралык (1988-ж. Торонтодо, 1992-ж. Рио-Де-Жанейродо, 1997-ж. Киотодо, 2008-2012-ж. Евросоюз өлкөлөрүндө, 2015-ж Парижде, 2016-ж. Санкт-Петербургда) конференциялар болду, бирок Америка, Кытай өндүрүштөрүнүн 40%ти СО2 бөлүп чыгаруу менен жүргөндүктөн Париж конференциясында алынган келишимге макул болбой коюшкан.

Кыргызстан бак-дарактарды өстүрбөсө болбойт

Кыргызстанда болсо климаттын ысышынан мөңгүлөр эрип, 2-4 м өйдө жылып, дарыяларда суулардын деңгээли көтөрүлүп сел жүрүп, жер астындагы суулар көбөйгөндүктөн жер көчкүлөр болуп жатат. Парник газдарын азайтуу үчүн биздин колубуздан бак-дарак өстүрүү, токойлорду көбөйтүү гана келет. Ошондуктан, бак тигүү (декоративдүү эмес жазы жалбырактуу бактарды) ар бир адамдын милдети болуш керек. Ошондо фотосинтез реакциясы боюнча СО2 иштетилип кычкылтек көп болот да, айлана-чөйрөбүздө микроклимат түзүлөт.

Мөңгү – өмүр булагы

Мөңгүлөр 3.5 миң метрден жогору жайланышып, Кыргыз Республикасынын аянтынын 23%ын ээлейт, ал эми 15%ын таштуу, шагылдуу аянт ээлеп буларда эч кандай жашоо жок. Өлкөдө болгону 7%ы аянт адам таасир этүүчү антропогендик экосистемага кирет. Мөңгүдөн аккан көк-кашка, тунук суулар болсо кооз жаратылышыбызды пайда кылып, адамдардын жашоо тиричилигине керектүү шарттарды түзүп берип жатат. Суу ресурстары мамлекеттик мааниге ээ болгон стратегиялык маанилүү ресурстар, анткени бул суулар Кыргызстандын эле элин камсыз кылбастан, региондогу башка республикалар Казакстан, Өзбекстан, Кытайдын Синь Цзян Уйгур районун да камсыздандырат. Кыргызстандын 3500дөн ашык дарыялары ушул кошуна өлкөлөрдү суу менен камсыздап, аларга жылына 50 млрд/м3 суу керектелет экен.

Акыркы 20 жылда Кыргызстандын климаты өтө чоң өзгөрүүгө дуушар болду. Кышында жааган кар эрип, тез-тез эле жылуу болуп турса, тескерисинче жаз жана жайда суук болуп бак-даракты, өсүмдүктөрдү үшүк алып кетип жатат. Жааган жамгырдын көлөмү 1,5-3 эсеге чейин көбөйсө, мөңгүлөрдүн аянты акыркы 40-50 жылда 40%ке азайды демек, өтө чоң коркунуч пайда болду. Мисалы, Чүй облусунда антропогендик фактордун негизинде баштапкы өсүмдүктөр аз эле аянтта сакталып калган, жаныбарлардын көп түрлөрү башка жактарга ооп же жок болгон. Мурун Чүйдө кездешкен торгой, каракур, таркылдак сыяктуу канаттуулар мурун эле жок болуп кетсе, кийинки 4-5 жылда сагызган, таранчы,каргаларды да борбордон көрбөй калдык. Мунун баары айлана-чөйрөбүздүн булганып, бардык экосистемаларга таасир этишинин натыйжасы. Акыркы жылдарда республикабызда 1 млрд. тоннадан ашып кеткен калдыктар, андагы радионуклиддер, оор металлдар, ар кандай уулуу заттар түрдүү ооруларды, климаттын ысышын, мөңгүлөрдүн эришин ж.б. пайда кылып жатат.

Суу болбосо жашоо жок

Суу жердин баа жеткис байлыгы. Эгер суу болбосо биздин планетанын бети таптаза күзгүдөй тунук, күн тийген жагы ыпысык, көлөкө жагы мупмуздак жылаңач аска зоодо турган жансыз шар болуп калмак. Демек, жер бетиндеги тирүүчүлүк жашоо суу менен бирге, суу менен тыгыз байланыштуу. Суунун мындай касиетинин бири анын эң чоң жылуулук сыйымдуулугунда. Суунун белгилүү бир көлөмүн жылытуу үчүн ошондой көлөмдөгү башка затты жылытууга караганда бир канча көп жылуулукту сарп кылуу керек. Ал эми муздаганда ошончолук эле сандагы жылуулукту бөлүп чыгарат. Эгерде суунун мындай касиети болбогондо космостук суук жерди эчак эле муздатып салмак. Жер бетин, анын бүт денесин космостук сууктан сактаган «жылуу тону» бар. Ал жердин үстүнө оролгон атмосфера жана анын курамындагы суунун буулары.

Сууда сөзсүз минералдык курам болуш керек, бирок чектүү концентрацияда, себеби алар жетишпесе адамдар пандемиялык ооруларга дуушар болушат. Мисалы, кальций жетишпесе адамдын сөөгү борпоң болуп тез сынат, иод аз болсо богок оорусуна, фтор жетпесетиш оорусуна алып келет. Ошондой эле башка заттар да жетиштүү болуш керек. Чектүү концентрациядан ашып кетсе ал дагы ооруларга алып келет. Биз Чүй өрөөнүнүн дарыяларынын Боомдон баштап Сокулукка чейин кандай булганганын аныктаганда эң көп иондордун суммасы Ала-Арча өзөнүнүн шаардын ылдый жагында 500-520мг/л чейин жеткен, нитрит азоту нормадан 1,35 эсе көп, Кичи-Кемин, Нооруз, Ала-Арча өзөндөрүндө жездин бирикмелери нормадан 2 эсе, Аламүдүн дарыясында нефтинин концентрациясы 1,0-1,8 эсе көп болгон. Кээде Чүй дарыясынын минералдык курамы 222мг/л- 409 мг/л ге чейин өзгөрүп турат. Дарыянын булгануусу улам ылдыйлаган сайын көбөйүп, эң көп булгануу Төмөнкү-Чүй жана Василевка кыштагында катталган. Демек, Гимнде айтылгандай, ата-бабаларыбыз сансыз кылым сактап келген айлана-чөйрөбүздү, Ала-Тообузду, мөңгүлөрүбүздү келечек муунга таза сактап берүүгө милдеттүүбүз.

Сайнаке БООБЕКОВА,

КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору.

Астра ДҮЙШӨНБАЕВА,

Органикалык эмес химия жана химиялык технология кафедрасынын башчысы, доцент

Тилек АЛМАЗБЕК уулу,

Органикалык эмес химия жана химиялык технология кафедрасынын магистранты