Светлана ТАКЫРБАШОВА: «Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тагдырына кайдыгер карабаган адамдар бар»

Беловодскидеги балдар психоневрологиялык-социалдык стационардык мекемесинде тарбияланып жатышкан, бу жашоого айыкпас дарт менен майып болуп келген балдардын жалооруй тиктеген көз карашы адамдын жан дүйнөсүн бүлүнтүп, аёо сезимин жаратат. Алар телмире тиктеп, кимдир бирөөнү зарыга күткөндөй. Интернаттын жетекчилигинин айтымында балдар ата-энелерин сагынып, дайым күтүшөт. Апасы келмейинче эч нерсе ичпейм деп тамактан баш тарткан, балдардын арасынан чарчап калгандарына ата-энеси келбей койгон учурлар да болуптур. Балдарда эмне күнөө, алар ата-энесинин күнөөсүн, тагдырдын жазмышын көтөргөн жандар… Андыктан ар бир ата-эне, жалпы эле коомчулук майып балдардын тагдырына кайдыгер карабай, алардын өмүрүн узартуу үчүн колунан келген жардамын аябашы керек.

– Бул мекеме 1931-жылдан бери иштеп келе жатат, – дейт С. Такырбашева. Учурда бизде жашы 4 жаштан 18 жашка чейин 230 бала бар. Бардыгы айыкпас ар кандай дарттар менен ооруган, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар. Мамлекеттик минималдык стандарттын талабына ылайык 6 социалдык кызмат боюнча иш алып барабыз. Балдарды 200гө жакын кызматкер тейлейт. Алардын ичинен 14 тарбиячы, 14 дарыгер, 100дөн ашуун бала багуучу, техперсонал анан администрация. Балдар 4 жаштан 12 жашка чейин жана 12 жаштан 18 жашка чейинки тогуз группага бөлүнгөн.

Балдарга мүмкүн болушунча шарттарды түзүп берип жатабыз. Биздин мекеменин негизги багыты мүмкүнчүлүгү чектелген бул балдардын өмүрүн узартуу максатында аларга кызмат кылуу. Мамлекет тарабынан кызматкерлердин айлыгы, балдардын тамак-ашы, дары-дармектери жана башка чыгымдары каржыланат. Кыздар 18 жашка толгондон кийин Искрадагы жана Жайыл районундагы психоневрологиялык стационарга барышса, балдар Токмоктогу психоневрологиялык стационардык мекемеге барышат. Бул интернатта биз балдардын курсагын тойгузуу, аларды кийим-кечек менен камсыздоо, карап багуу менен эле чектелбестен алардын логикасынын өсүшүнө көңүл буруп, көп реабилитациялык иш-аракеттерди аткарабыз. Окуу группалары бар, тажрыйбалуу кызматкерлер ар кыл ыкмалар менен алардын кыймыл-аракетин, логикасын өстүрүү максатында оюндарды ойнотушат. 4 жылдан бери 17 балага атайын түзүлгөн программа менен башталгыч класстын программасын окутабыз. 8 бала англис тилин окушат.

Мындан сырткары бизден дайым жардамын аябаган кайрымдуулук фонддору бар. Германиялык кайрымдуулук фондунун 15 укалоочу кызматкери шал оорусу менен ооруган, кыймылдабаган 80 балага күндө массаж жасашат. Ал эми дары-дармек тендер аркылуу ар бир балага 12 сом 80 тыйындан бөлүнөт. Бирок, бул баага учурда зарыл болгон дарыны алууга мүмкүн эмес, анткени дарылар кымбат. Ошондуктан демөөрчүлөргө кайрылууга туура келет. Бизге арабдардын “Ас салам” кайрымдуулук фонду дары-дармек жагынан көп жардам берет. Андан сырткары бул мүмкүнчүлүгү чектелген балдар башка балдардан кем болбосун деп тамак-аш, кийим-кечек алып келишет, жерлерди көрсүн деген максатта паркка, табиятка эс алууга алып чыгышат.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тагдырына кайдыгер карабаган адамдар бар. Бишкек шаарынын ИИББгы, облустук прокуратура, “Кайнар Групп”, “Алимакс” ЖЧКсы, “Санжар”, “Галым”, “Давран” жана “КG ГРУПП” курулуш компаниясынын балдары көп жылдардан бери бизге кол созуп, олуттуу жардам берип келе жатышат. Былтыр “КG ГРУПП” компаниясы миң доллардан ашык каражатка тигүүчү машинка алып берди. Бул бизге абдан эле керек болчу. Себеби биз балдарга такай боркок, жалаяктарды жана майрамдык көйнөк-кечелерди тигебиз. Бул кийим тигүүчү машинкалар бизге бир топ жеңилдикти жаратты. Андан сырткары келген сайын балдарга тамак-аш менен кошо белек-бечкектерин тартуулашат. Бизде балдардын кир кийимдери тынбай жуулуп турат, андыктан кир жуучу машинка сурадык эле, аны да алып келип беришкен. Бу сапар музыкалык борбор сураган элек, муну да алып келишти. Улуу Рамазан айында балдар ысык тамак ичсин деп кой союп, белек-бечкектерин балдарга тапшырышты. Бул компания бизге жыл сайын олуттуу бир муктаждыгыңарды чечип беребиз деген болчу, үч жылдан бери айткан сөзүн аткарып келе жатат. Андыктан учурдан пайдаланып, “KG ГРУПП” компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго жана анын эмгек жамаатына терең ыраазычылыгымды билдирем.

Коомдук ишмер Токтайым ҮМӨТАЛИЕВА:

«Майып балдардын эсебинен акча тапкан бизнесмендер бар»

– Тилекке каршы, коомчулугубузда мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдар бар. Бул балдар үйүндө тили кеч чыккандары бар. Аларга ата-энеси көбүрөөк көңүл буруп, мээримин берсе эле, алар айыгып кетишмек. Мамлекет бул балдардын ата-энелерине көзөмөлдү күчөтүш керек. Сөөк оорулары менен келгендердин акыл-эси даана, алар ата-энелерин зарыгып күтүшөт. Андыктан мамлекет бул балдарды ден соолугуна жараша бөлүп, өз-өзүнчө чакан клиникаларды ачыш керек. Балдар-кыздардын арасында жакшылап дарыласа, айыгып кете тургандары бар. Мындай мекемелерге майып баласын алып келбестен ишканалардын алдына, жолдорго отургузуп коюп, аларды колдонуп, акча тапкан ата-энелер да жок эмес. Оорукчан балдарга деп каражат чогултуп, алардын эсебинен акча тапкан бизнесмендер да бар. Буга эч ким көзөмөл кылбайт. Майып балдарга деп чогулткан каражатты мамлекеттик органдар көзөмөлгө алып, ошол каражатты кайсы балдар үйүнө бергенин, кимге тапшырганын текшерип туруу керек. Эгер мамлекет көзөмөлгө алса, ал чогулган каражат ушундай оорукчан балдарга жетип, аяр катмардын абалын оңдоого жумшалмак.

“KG ГРУПП” кайрымдуулук фондунун төрагасы Имамидин ТАШОВ:

«Бул балдар Кудай тарабынан суракка тартылбачу пенделер»

– Кайрымдуулук иштерин төрт-беш жылдан бери жүргүзүп келатам. Алгач Токмоктогу балдардын интернат үйүнө жардам бергенбиз, ал жактагы балдарды көргөндөн кийин, алардан да абалы оор, жардамга муктаж Беловодскиде балдардын интернаты бар экендигин билгенден кийин, быйыл үчүнчү жолу көмөк көрсөтөлү деп келдик. Интернаттын жамааты бизди жакындан таанып, өзүбүздөй эле болуп калдыңар деп тосуп алып жатышат. Бу жылда келгенибиз үчүнчү жолу болуп жатканы менен, бул акыркысы эмес. Мындан кийин дагы жардамыбызды аябайбыз. Өзүңүз көргөндөй интернаттагы балдардын абалы өтө оор. Бул балдар Кудай тарабынан суралбачу, суракка тартылбачу пенделер. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тагдырына кайдыгер кароого болбойт. Андыктан бул балдарга бир күн болсо да жакшынакай маанай тартуулап, мээрим бере алсак, бул биз үчүн чоң кубаныч.

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”