Төрагалар кеңешишти

24-27-майда Пекин шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешинин 13-отуруму болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева башында турган кыргыз делегациясы катышып келди.

Кеңешменин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө А.Токбаева кыргыз тарап тийиштүү эл аралык конвенциялар жана эки тараптуу кызматташтык принциптери жана максаттарын кармануу менен, Шанхай кызматташтык уюмунун уставын карманып келе жатканын белгиледи.

Өз ара ишеним, ар тараптуу маданиятка болгон урматтоо жана биргеликте өнүгүүгө болгон аракеттин арты менен биз сот чөйрөсүндө тыгыз байланыштарды жана кызматташтыкты бекемдей алдык, – деди төрайым. Анын айтымында, ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешмесинин алкагындагы тыгыз кызматташтык өзүнүн натыйжасын берип, бирдиктүү укук колдонуу практикасын камсыз кылууда, достук мамилелердин бекемделишине, өз ара ишенимдин түзүлүшүнө алып келет. Ал Жогорку сот ШКУга мүчө мамлекеттердин тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен таанышып, аларды кыргыз сот адилеттигин ишке ашырууда колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкдар экендигин кошумчалады. Аталган Кеңеш укуктук жактан кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүп, бул багыттагы өз ара байланыштарды өркүндөтүү керектигин айтты.

Иш-чаранын алкагында КРнын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева менен КЭРдин Жогорку Элдик сотунун төрагасы Чжоу Цяндын эки тараптуу жолугушуусу болду. Анда тараптар өз ара кызыкчылыкты жарата алган сот адилеттигине жетишүүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы байланыштарды талкуулашып, кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, эки тараптын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтыктарын бекемдөө маселелери каралды. Жолугушуунун алкагында Жогорку соттордун төрагалары Өз ара түшүнүшүү туурасында меморандумга кол коюшту.

Кеңешме Кытай Эл Республикасынын Жогорку элдик сотунун төрагалыгы астында өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын Жогорку сотторунун төрагалары, байкоочу мамлекеттердин, баарлашуу боюнча өнөктөштөр, ШКУнун катчылыгынын, регионалдык антитеррористтик структурасынын аткаруучу комитетинин өкүлдөрү катышты. Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар сот ишмердүүлүгүн маалыматташтыруу жана “акылдуу сотторду” түзүү боюнча пикир алышты. Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин соттук-укуктук чөйрөсүндөгү кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган келишимге кол коюлду.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”