Көз жаштан акча тапкандар көмүскө иштөөгө өтүштүбү?

2012-жылдын январь айынан баштап, Кыргызстанда казинолорду жабуу боюнча мыйзам күчүнө кирген. Бирок, көп өтпөй алар “букмекер”, “катализатор” деген аталышты жамынышып, көмүскө иштөөгө өтүшкөн болчу. Жабырлануучулардын Өкмөткө, парламентке даттанууларынан улам алар дагы жабылып, анын ордун “лотерея” деген түрү баскан. “Лотереялар” Бишкек жана Ош шаарларында кадам сайын кездешип, чакан шаарларга чейин тамырлаган. Ал эми өткөн жылы “лотереяларды” жаап койгондон бүгүн кумар оюндары биротоло жоюлуп кетпегени да бештен белгилүү болчу.

“Чара көрүлбөсө өзүбүз өрттөйбүз”

Кумарканаларга жалаң эле акчасы сапырылган байлар жана чет элдиктер кирип жаткан жок. Өсүрүмдөр, студенттер жана бирөөлөрдүн азгырыгына алданган жарандар дагы алардын тузагына түшүп жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты, кумарканаларды жоюу боюнча мыйзамдын авторлорунун бири Бакытбек Жетигеновдон жардам сураган жабырлануучулар: “Мамлекеттик органдар кумарканаларды жоюуга алы жетпесе, кумарканаларды биз өзүбүз барып өрттөп салабыз”, – дешиптир. Жогорку Кеңештен кат барганда гана күч түзүмдөрү чара көрүүгө өткөн учурлар бар. Мисалы, өткөн жылдын октябрь айында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финполиция) Бишкектин Бейшеналиева көчөсү, №22\5, 24-ноябрда Токмок шаарынын Шасин көчөсү № 34 жана ошол эле күнү М.Горький көчөсү № 196 даректеринен түн ичинде ык- чам аракеттерди жүргүзүүнүн натыйжасында мыйзамга каршы ишмердүүлүк жүргүзгөн оюн клубдарын таап чыгышып, эмеректерин, жабдууларын алышкан.

– Күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин саясий эрки жетсе, кумарканаларды бир заматта таап, жоюп салууга болмок. Мага уулу, күйөөсү же бир жакын тууганы көп акча уттуруп, катуу азапка түшкөн жарандар кайрылышат. Жабырлануучулар кумаркананын так дарегин айтып беришет. Биз алар тууралуу күч органдарына кат жиберебиз. Кумарканаларды күч органдарынын төбөлдөрү калкалап турат деген кеп бекер жеринен чыккан жок. Тилекке каршы, алар таап чыкмак турсун, көпчүлүк учурда ого бетер сак болуп калышат. Алардын оперлери менен сүйлөшүп калсам мага: “кумарканаларды таап чыкканыбызда, бизге жогорку жактан “аларга тийбегиле”, – деп, – телефон чалып токтотушат. Ортодо биз эле чайналып калып жатабыз”, – деп, ыймандай сырын айтып беришет. Телефонумдун номерин казинолорду жабуу боюнча мыйзам кабыл алынган алты жылдан бери өзгөртө элекмин. Андан тышкары, социалдык тармактар аркылуу да жардам сурашууда. Аймактардан ата-энелер чалып, студент баласы университеттин бир жылдык контракт акчасын уттуруп салгандарын айтып ыйлашат. Бир ишкер Россиядан курулуш материалдарын ташып келип бизнес кылчу. Мына ошол жигит Бишкектеги кымбат квартирасын каратып туруп бир заматта уттуруп жиберди. Ушундан кийин анын үй-бүлөсүндө да көйгөйлөр чыкты. Акыры ал өз өмүрүнө кол салып, каза болуп калды. Президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын февраль айында өткөн Копсуздук кеңешинин жыйынында жашыруун иштеген кумарканаларга чара көрүү боюнча катуу маселе көтөргөнү иштин оң жакка жылышынан үмүттөндүрүп жатат. Анткени, Президент айткан ошол күнү кечинде эле күч органдары Бишкектен үч кумаркананы таап чыгышты, – дейт депутат Бакытбек Жетигенов.

Ыйман кирдиби же отчеттуулук үчүн аракетпи?

Финполиция менен милиция биргеликте үстүбүздөгү жылдын 8-майынан берки эки жуманын ичинде Бишкектен 26 кумаркананы таап чыгышты. Аталган структуралар мурдатан ушундай иштегенде Кыргызстанда кумарканалардын баары небак жабылмак. Бирок, бул иш-чаралар жылдын экинчи чейрегинде өтүүсү күтүлүп жаткан Коопсуздук кеңешинин жыйынына карата отчеттуулук үчүн жасалып жаткан жокпу же чынында эле аларга ыйман кирдиби? деген суроо туулат.

Кумаркананын ырайымсыз чеңгээлине туш болгондордун айтуусуна караганда азгыруунун түрлөрү көп. Утулуунун ызасына батып, кайгырып турган адамга ал жерде иштегендер өзүнүн машинасын күрөөгө ала турууну сунуштайт. Мурдатан бери кумаркананын ичинде күрөөкана иштейт. Утуп алып баюунун кыялына батып, алдангандар үйүнүн, автоунаасынын документтерин күрөөканага коюп акча алышат. Жолдошбек деген жабырлануучу менен аңгемелешкенибизде: “Мени бир айылдаш таанышым азгырып киргизген. Көрсө өзү көп акча уттуруп, батир акысын төлөй албай жүргөнүн жашырып коюптур. Россиядан иштеп, маңдай терим менен таап келген көп суммадагы акчамдан, Бишкектеги жер участкамдан бир аптанын ичинде айрылып калдым. Ата-энем, аялыма айта албай, кайрадан Россияга кеткен болчумун. Келинчегим участканы караганы барып, ал жерге башкалар үй салып жатканын көрүптүр. Иштин жайын билгенден кийин боюндагы баласы козголуп кала жаздаптыр. Шүгүрчүлүк дейин, үй-бүлөмдү сактап калдым. Санкт-Петербургдан акча чогулутуп келип, жашоону кайра ак барактан баштап жатам”, – деп сүйлөп отурду.

“Бишкектин көчөлөрүн кумарканалар басты”

Бишкек ШИИБсинин штабынын начальниги, милициянын полковниги Сыймык Жакыпов мындай дейт:

– 26 кумаркананын баары Бишкектен кармалды. Буга чейин Свердлов районуна эки жабырлануучудан арыз келип түшкөн болчу. Ушундан улам түнкү ыкчам текшерүү иштерин баштадык. Аныкталган даректер боюнча материалдар чогултулуп, прокуратурага, Финполцияга жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө алардын баары жабылып, оргтехникаларына, буюм-тайымдарына Финполиция мөөр басып токтотту. Кармалгандардын айрымдарын санап берейин; Чүй проспектиси 158, Москва көчөсү 49, Абдрахманов көчөсү 182/3, Манас проспектиси 17, Фучика көчөсү 3, Абдрахманов көчөсү 146, Киев көчөсү 39, Чүй проспектиси 113 ж.б. Байкасаңыз, булар шаардын борбордук көчөлөрүнө толуп кетишкен. Кумарканалар “букмекерлик кызмат көрсөтүү”, “далдалчылык” деген атка жамынып алып иштеп жатышат. Ал жерге дээрлик 25-30 жашка чейинки кардарлар барып жатышат. Социалдык категориялары дагы ар түрдүү. Кумарканалардын баары негизинен түн ичинде иштейт. Ага тааныган, мурдатан “тандалган” адамдарды киргизип алып ойнотушат. Биз алдын ала текшерүү жүргүзгөнүбүздө бул бүткүл дүйнөлүк биржа фондуна байланышып, ошол жак менен оюн жүргүзүп жатабыз деп түшүндүрүшкөн. А чынында, баягы эле көз боёмоочулук. Элди алдап акча утмайдын мурдагыдан да кууланган, алдамчылыктын тереңдетилген кытмыр жолу, – дейт С.Жакыпов.

Кумарканаларды жаап, көмүскөгө кетиргенден көрө ачык иштетип, бюджетке салык түшүрөлү, шаардын ичине ойнотпой, аэропортко же алыскы Баткенге курууга руксат берели дегендер чыгып жатканы өкүнүчтүү. “Манас” аэропортунда казиного руксат берилсе, чет элдик турист ошол жерге келип ойноп, кайра учуп кетип турат имиш. Кумар оюндарына айрым чиновниктерден баштап, парламент депутаттарына чейин кирип жатканы коомчулукта дайыма кеп болуп жүрөт. Өкмөт кумарканаларга тыюу салган мыйзамды кабыл алгандан кийин, союз учурундагы ДОСААФ, спорттук лотерея сыяктуу мамлекеттик лотереяны чыгаруу боюнча чечим кабыл алган. Бирок, ал максат каражаттын тартыштыгынан ишке ашырылбай келе жатат.

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”