Кызас кыяматка кетпейт же бажы тармагындагы баш айланткан коррупция

Каржы министрлиги Кыргызстандын тышкы карызы 266 млрд. 818 млн. 110 миң сомду түзгөндүгүн жарыялады. Бул алакандай элибиз үчүн эбегейсиз чоң төлөм. Башкача айтканда өсүп келаткан бала-чака, небере-чөбөрөбүзгө да жетет. Негизи карызы жок мамлекет деле болбойт. Биз деле кыргызча айтканда ырмая-чырмая кутулабыз. Бирок кептин баары алынган карыздар, кайсы бир багытка жумшалды делген бюджет каражаттары бир ууч жемкорлордун жемине айланып жатканы элибиздин шагын сындырып, мамлекетибиздин эртеңкиге келечегине ишеним арттырбай турганы да чындык. Мындай шарттарда коомубузда коолап кеткен коррупция менен күрөштүн башталышы бир чети кубандырса, экинчи жагынан “ушунчалыкка жетип калдыкпы, деги кимдерге ишенгенбиз” деген суроо ар кимибиздин жүрөгүбүздү өйүп турган чагы.

Президент сөзүнө турду

“Коррупцияны” кыргызча жемкорлук деп жүрөбүз. Түпкү маанисин туюнтуп турганы менен “коррупция” деген сөздүн классикалык аныктамасы абдан кеңири. (“Сorruptio – латын тилинде паракорчулук, ирип-чирүү, былгып кетүү дегенди билдирет). Анын табияты, түрлөрү, келип чыгуу себептери, кесепети тууралуу бүтүндөй илимий эмгектер, иликтөөлөр, аныктамалар жазылган. Ток этээри коррупция бул – бийлик адамынын мыйзамга, дегеле адеп-ахлакка жатпаган аракети, паракорчулук. АКШнын 1787-жылы кабыл алынган Конституциясында президентке импичмент жарыялоонун эки себеби болсо, бири ушул коррупция. Ал эми кадимки Николо Макиавелли коррупцияны жугуштуу оору менен салыштырып, “…аны адегенде оңой менен биле албайсың, бирок жеңил дарыласаң болот. Эгер өтүшүп кетсе билип эле турасың, бирок айыктыруу кыйын” деп белгилеген.

Көрүп турганыбыздай Кыргызстанда коррупциянын балчайган издери түшпөгөн, суук тумшугу жыттабаган бир да тармак калбаса керек. Президент Сооронбай Жээнбековдун “Укук коргоо, көзөмөл, күч органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү” маселесин караган Коопсуздук Кеңешинин жыйынында “Мен коррупция менен күрөшүүгө эрким да кайратым да жетет” дегени эсибизде. Өлкөбүздө коррупция менен күрөш ошентип башталган. Атургай Президенттин жарым жылдык ишмердүүлүгүнүн эң негизгиси ушу коррупция менен күрөшүү болгонун дайыма белгилеп келебиз. Ошол эле учурда коррупциянын масштабы да эсти чыгарууда. Жаңы Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте коррупцияга белчесинен баткан мамлекеттик органдардын бир нечесин атады. Алар: ИИМ, Транспорт жана жолдор министрлиги, Мамэкотехинспекция, Мамстрой, Билим жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы.

“Бажактаган” Бажы кызматы

Бул мамлекеттик бийлик бутактары элге кызмат кылбай эле бир гана баюунун булагы болуп калганын көрсөтөт. Ошон үчүн Кыргызстанда баары эле бийликке умтулат. Эптеп эле бийликке аралашып, андан ары бүт жейт (бюджет) табагынын четине отура калып, колун билегине чейин салып жиберүү күндөлүк көрүнүш катары калыптанып калган. Атүгүл коррупция гүлдөгөн айрым мамлекеттик органдар “жакшы жашап” жатышканын жашырышпайт деле. Ал тууралуу төмөндө айтабыз.

Мисалга бажы кызматын алалы. Мен Баш прокурор Ө.Жамшитов айтып жаткан мамлекеттик органдардын эң башына ушу Бажы кызматын коер элем. Анткени бажы кызматы бул – мамлекеттин босогосу. Киргени да, чыкканы да ушул босогодон өтөт. Ага жараша коррупциянын уюгу да ушул жерде. Аны баладан өйдө билишет. Чоңойгондо ким болосуң десең “бажычы болом” дегендери четтен чыгат. Бир эле мисал келтирейин. Биздин ба- жычылар 2016-жылы Кытайдын Кыргызстанга болгон импорту 1.48 млрд.долларды түзгөнүн билдирген. Ал эми Кытай тарабы, тескерисинче 5 млрд.доллардын деңгээлинде товар киргизгенин айткан. Кытайда коррупцияга каршы катаал чаралар көрүлөрүн эске алсак, бизди кытай тарабынын маалыматы көбүрөөк ынандырат. Ошондо ортодогу болжолу 3,5 млрд.долларлык товардын бажы төлөмдөрү кайда кеткен? Башка мамлекеттерди айтпаганда да Кытайдын Кыргызстанга импортунун көлөмүндөгү асман жердей айырмачылык тууралуу сөздүн аягы түгөнбөй келет. Учурда бул тармактагы коррупциянын учугу чубалууда. Тиешелүү органдар ушул фактыга да көңүл бурса дегенди айтып жатабыз.

Четинен четте эс алып…

Эми, жогоруда айткан Бажы кызматынын кызматкерлеринин “жакшы жашоосуна” келели. “Бир бол” фракциясынын лидери, “алтындай жигит” Алтынбек Сулайманов 2017-жылдын башында Бажы кызматынын 200 кызматкери элдин көңүлүн бурбаш үчүн Алматы аркылуу учушуп, жаңы жылды чет өлкөдө тосушканын (Дубайда дешет) парламентте айтып чыккан. Муну бажы кызматы караманча танып 2016-жылдын 31-январына карата 232 бажы кызматкерлери эмгек өргүүсүндө болгонун, ашып кетсе алардын он чактысы сыртка чыгып келгенин билдирген. Кандай болгондо да элди көзгө илбеген бул факты коомчулукту ойлонтуп койгон. Депутаттар комиссия түзөбүз, аягына чыгабыз деп жакшы эле күпүлдөгөнү менен эмнегедир аягына чыгышкан жок. Ал эми экс-бажы башчысы К.Кулматов бажы кызматкерлеринин айлыгы жогору экенин, эч ким бажы системасында 5 миң сомго иштебей турганын, кокус айлыктары төмөн болсо пара ала башташаарын, баары декларация толтуруп тураарын билдирген. Болсун. Жакшы айлык алышсын. Ага эч ким каршы эмес. Тескерисинче жакшы айлык алып, жебей-ичпей туруктуу иштешсе мамлекетке да, өздөрүнө да жакшы эмеспи. Бирок, Бажы кызматындагы көп жылдардан бери калыптанып калган коррупциялык схема “Раим миллион” өңдүү аты легендага айланган “чыгаандарды” да өстүрүп келгенин тана албайбыз.

Жакында эле УКМК мамлекеттик Салык, Бажы кызматтарынын жана Экономика министрлигинин өкүлдөрү тарабынан жасалган коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 217 млн.сом зыян келтирилгенин билдирип, буга байланыштуу бир топторун камакка алган. Бул абдан тынчсыздандыра турган факты. Анткени коррупциянын бир нече мамлекеттик органдардын деңгээлинде жасалып жатышы, өтө коркунучтуу көрүнүш.

Бир сааты эле бир үйлүк

Көргөндөн көрө элегиң көп дегендей бажы тармагында коррупциянын шишиги толуп бүтүптүр. Коррупция менен кармашууга чакырылган тиешелүү органдар кичине тийип койду эле, тарс жарылып былжып эле жатып калдык. Өткөндө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Түндүк бажысынын экс-башчысы Нурбек Айбашовду камакка алган. Бул эргул өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип, табакташ фирмаларына бажы салыгынан жеңилдик берүү жолу менен мамлекетке 166 млн.сом зыян келтириптир. Көп өтпөй үйүн тинтип көрүштү эле ар бири 50 миң долларлык делген, жалаң кызыл алтындан жасалган 20 саат табылды. Мындан тышкары андан миллиондогон доллар карыз алган адамдардын тил каттары чыкты.

Бүгүнкү күндө социалдык интернет булактары калктын калың катмарын камтыган жагынан алдына эч нерсе чыгарбай калды. Социалдык тармактарда “экс-бажычы бир квартираны колуна эле тагынып жүргөн турбайбы” деген сөздөр желдей тарап коомчулуктун кызуу талкуусуна алынды. Көпчүлүгү “мынчалыкка кантип жетти” дешип, суроону моралдык жагынан коюшса, айрымдары сөзүбүздүн башында кеп кылган мамлекеттин сырткы карызынан дал ушул коррупционерлерди кустуруу жолу менен кутулуу керек деген сунуштарды айтышууда. Аныгында эле учурдагы бардык тармактардан чыгып жаткан, алды кылтакка илинип тиешелүү жайларда сурак берип отурган коррупционерлердин чөнтөгүн жакшылап кагып көрсөк, сырткы карыздарыбыздын бир тобун жаап кетчүдөй болуп турат. Кыргыздын “кызас кыяматка кетпейт” деген лакабы бар. Мааниси кимдир бирөөгөбү, мамлекеткеби жасаган кыянатчылыгың, келтирген кесепетиң акыры ачылбай койбойт дегенди түшүндүрөт. Коррупциянын так котормосу ушул – кыянатчылык. Дагы “кыңыр иш кырк жылда”, “уурунун арты кууш” дейт элибиз. Ошону менен канчалык беткап тартынбасын, кыргызга кылган кыянатчылык ачылбай койбойт экен.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”