Эч кимге эч кандай жер берилген жок!

Акаев Үзөңгү-Куушту, Бакиев Каркыраны кармата берип, жер маселесине келгенде элибиздин оозу сүткө күйүп калган эмеспи. Азыркы бийликке каршы айтарга кеби кыска болуп, аргасы куруп тургандар элибиздин дал ошол эски жарасын тырмап көрмөкчү болушту. Бирок алардын “калп казаны” кайнабай, бийликке көө жаба алышкан жок.

Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү азыркы Кытай элчилиги жайгашкан ал жер мурда эле Бишкек мэриясынын 2003-жылдын 2-октябрындагы №712 Токтомунун негизинде Кытай Эл Республикасынын Бишкектеги элчилигинин имаратын куруу үчүн 49 жылга ижарага пайдаланууга берилген. Тактап айтканда, Кытай тарап, 3,3 гектар аймак үчүн ушул күнгө чейин Кыргызстандын бюждетине жылына ижара үчүн 700 минден ашык сом акы төлөп келе жатат. Ал эми Пекинде жайгашкан Кыргызстандын элчилиги 443 кв.м. жерди ижарага алып, ал үчүн жылына 90 000 АКШ долларын Кытай тарапка төлөп келет. Андан сырткары, макулдашууга ылайык кытай тарап Кыргыз Республикасынын Пекин шаарындагы элчилигинин имаратынын бардык комплексин бекер куруп берет. Демек, мындан кийин эки мамлекет тең бири-бирине ижара акы төлөбөйт. Бул биздин мамлекет үчүн чоң пайда, себеби жылына төлөнүп келе жаткан 90 миң АКШ доллары бюджетибизде калат. Эң башкысы эч ким эч кимге биротоло жерин берип салган жок, кытай тараптын дагы, кыргыз тараптын дагы, ар кимдин жери өзүндө калат. Анын үстүнө жер кодекси боюнча жер сатылбайт жана берилбейт. Салыштырып көрөлү: Пекин шаарынын борборундагы 1 кв.м жер участкасынын базардык баасы 2500-3800 АКШ долларын түзөт (же 9,5 млн. АКШ долларынын тегерегинде). Эң башкысы эч кимге жер берилген жок, болгону ижарага берилген, ошол жердин ижара акысы гана алынып салынат.