Бажы төлөмдөрүнүн өсүшүнө Кулматовдун тиешеси жок

5-июнь күнү Мамлекеттик бажы кызматынын Алмаз Оңолбеков башында турган жоон топ өкүлдөрү журналситтер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Бажы төлөмдөрү боюнча алдыга коюлган пландар быйылкы жылга карата ашыгы менен аткарылып жатканын айткан Алмаз Оңолбеков:

  • 2018-жылдын 5 айында өлкө бюджетине 16 млрд 519миллион бажы төлөмдөрү төгүлдү. Каржы министрлиги тарабынан бул убакыт аралыгында коюлган план 14 млрд. 718 миллион сом болчу. Биз бул көрсөткүчтү 12 пайызга ашыгы менен аткара алдык. Ал эми 2107-жылдын ушул эле убагына салыштырганда 4 млрд 594 миллион сомго көбүрөөк акча түшкөн. Төлөмдөрдүн көбүрөөк төгүлүп жатышынын башкы себеби 2018-жылдын январь-февраль айларындагы импорттун кескин түрдө көбөйүп кетиши менен шартталган. Коңшу өлкөнүн чек арасынадагы катаал текшерүүдөн кийинки товарлардын дароо ташыла башташы дагы бажы төлөмдөрүнүн санын көбөйткөн. Тагыраагы мурдагы көрсөткүчтөргө караганда ошол убакта 413 миллион долларга көбүрөөк товар ташылган. Ошондой 2018-жылдын январь-февраль айларында Кытайдан 301 миллион доллар товар кирген. 2017-жылдын ошол эле айларына салыштырганда импорттун көлөмү 2 эсеге өскөн. Өзбекстан тараптан дагы импорт көбөйүп, 2017-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 65 пайызга көп товар импорттолгон, — деп билдирди.

Демек, Кубанычбек Кулматовдун “Мен Бажы кызматына баргандан кийин бажы төлөмдөрү 10 эсе көбөйдү” деп төшүн каккылап, мактанганы ашыкча болуп калган экен. Кубанычбек Кулматов мурда дагы дал ошол эле Бажы кызматын бир топ убакыт башкарып келген. Анда деле эч кандай зор ийгилигин көрө алган эмеспиз. Демек, чек аралардагы кырдаалдардын таасиринен быйылкы жылдагы бажы төлөмдөрдүн көлөмү адаттан тыш көбүрөөк чогулуп, аны Кулматов жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, популисттик кадамга барганы бүгүн ачыкталып калды.