Газ түтүктөрү курулуучу жер участоктор убактылуу пайдаланууга берилет

Акыркы күндөрү жалпыга маалымдоо каражаттарында «Кыргызстан-Кытай» газ түтүктөрүн куруу жана эксплуатациялоо боюнча макулдашууга байланышкан айрым жагдайлар кызуу талкууга алынып, Кытай менен макулдашуунун шарттары коомчулукта ар кандай маанайдагы ой-пикирлерди жаратканынан улам Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети төмөнкүдөй билдирүү таратты.

 Анда, 2013-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Элдик Республикасынын Өкмөтү «Кыргызстан-Кытай» жер түтүгү боюнча макулдашууга кол коюшканы, Борбордук Азия -Кытай (маршрут Түркменстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-КЭР) 4 бутактуу «D» газ түтүктүн курулушунун алкагында, газ түтүктүн Кыргызстан -Кытай бутагы 100 пайыз жеке чет элдик каражатка курулары, долбоордук кубаттуулугу жылына 30 млрд.м3, түтүктүн диаметри 1219 мм, иш басымы 12 mPa болору айтылган.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тараткан билдирүүгө караганда долбоорду ишке ашыруу убакты -3 жыл, пайдалануу убакты — 35 жыл. Кыргызстандагы узундугу -215 км. Белгилеп кетчү жагдай, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участоктору убактылуу гана пайдаланууга берилет, жеке менчикке чет элдик компанияга берүүгө мыйзам жол бербейт! Демек, газ түтүктөрү курулуучу жер участоктору 35 жыл аралыгына убактылуу пайдаланууга берилип, газ түтүкчө гана чет элдик компанияга таандык болот. Коомчулукту тынчсыздырып жаткан жагдайлардын бири мына ушул. Дагы бир маселе, газ түтүкчө жер астында курулуп Алай жана Чоң-Алай райондорун бөлбөйт. Газ түтүкчөнүн кооптуулугун тиешелүү мамлекеттик органдар жана Кыргызстандын жеке уюмдары камсыздайт. Кыргыз Республикасынын ички саясатына ылайык куруу иштерин жүргүзгөнгө жана эксплуатациялоого 80% кыргыз жарандары жумушка алынат делет Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тараткан билдирүүдө.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”