Гүлмира ШАКИРОВА, КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздандыруу департаментинин башкы директору «Ачык-айкындуулук гана коррупцияга бөгөт коет»

Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин 2017-жылдагы жана учурдагы аткарган иштери боюнча маалымат 

2017-жылы департаменттин жумушу негизинен укуктук базаны жаңыртууга жана бекемдөөгө багытталды. Тилекке каршы, бул тармакты жөнгө салуучу мыйзам 2003-жылы кабыл алынып, замандын талабына жооп бербей калган. Андыктан тиешелүү аракеттер көрүлүп, натыйжада 2017-жылы жаңы үч мыйзам кабыл алынды (дары-дармектерди жүгүртүү жана медициналык жабдууларды жүгүртүү жөнүндө). Ошентип дары-дармектер жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо боюнча жаңы укуктук база даярдалды.

Азыркы тапта ал мыйзамдардын негизинде 10 мыйзамдык укуктук актылар даярдалып, өкмөт мүчөлөрүнүн кароосуна киргизилген. Ал актылардын арасында биздин департамент жөнүндө жаңы жобонун долбоору да бар. Тилекке каршы, департамент жөнүндө жобо 1997-жылы кабыл алынып, өзгөрүүлөр киргизилгенине карабай, бүгүнкү күндө учур талаптарына жооп бербей калган. Андыктан бул жаатта да жаңы мыйзамдардын негизинде, көз карандысыз адистердин жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) кеңештерин эске алуу менен тиешелүү иш жүргүзүлүп жатат. Дагы бир сөзгө аларлык жетишкендиктердин катарындагы жүзөгө ашырылган иш – бул 2017-жылдын 23-ноябрында кабыл алынган Өкмөттүн №769 токтому. Бул ток- томго ылайык, департаменттин каттоо жана экспертиза боюнча айрым функциялары атайын мамлекеттик тейлөө кызматы боюнча Бирдиктүү реестрге киргизилди жана мамлекеттик кызмат болуп таанылды. Бул департаменттин укуктук талаага кайрылып келиши десе болот. Себеби Департаменттин өнөктөштөргө көрсөткөн кызматтары көп жылдар бою айтылган тизмеге киргизилбей туруп тейлөө кызматы көрсөтүлүп келген. Натыйжада төлөнгөн акча каражаттары департаменттин өзүндө калып, мамлекеттик бюжеттин эсебинде көрсөтүлбөй, жол-жобосуз колдонулуп келген. Азыркы күндө банктагы өздүк эсептер жабылып, мамлекеттик казынадан эсептер ачылган. Демек, департаменттин бардык акча каражаттары бюджетте көрсөтүлүп, Финансы министрлиги бардык каражаттарды эсепке алуусу боюнча шарт түзүлдү.

Ошол эле учурда департамент ачыктыкты камсыздоо жана коррупциянын алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча аракеттерди көрүп жатты. Тилекке каршы, департаментте чынында эле, көптөгөн жылдар бою чечилбеген маселелер топтолуп, анын ичинен, коррупциянын өнүгүшү өзгөчө орун алган экен. Дары-дармектерди каттоодо департаменттин тиешелүү адистери тарабынан акча өндүрүү аракеттери көнүмүш адатка айланып калган. Азыркы күндө департаменттин адистеринин дээрлик 50%ы алмашылды. Тиешелүү адистер боюнча иштер укук коргоо органдарына тапшырылып, айрымдарына кылмыш иштери козголду. Андыктан ушу сыяктуу көрүнүштөрдү жокко чыгаруу үчүн, департаментте дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды каттоодо атайын онлайн системасы ишке киргизилди. «Бирдиктүү терезе» бөлүмү ачылып, тиешелүү жабдуулар орнотулуп, анын ичинде жалпы бириккен маалымат системасын башкарган компьютерлер каралган. Маалыматтык система аркылуу мамлекетке дары ташып келүү жана сертификаттоо билдирмесин интернет аркылуу ишке ашырса болот. Аталган система учурда департаменттин адистери менен билдирме бергендердин ортосундагы өз ара карым-катнаштарды жоюп, каттоонун ачык-айкын өтүшүн камсыз кылууда.

Дарыларды каттоо, өлкөгө ташып кирүү, сертификаттоо боюнча билдирмелер автоматташтырылган программага киргизилип, түздөн-түз департаменттин бөлүмдөрүнө түшөт. Билдирменин жылышын арыз ээси өзүнүн системасынан көзөмөлдөп турууга мүмкүндүк алат. Бул жаңылык үч тараптуу эффект берет:

  1. Билдирме бергендерге ыңгайлуу шарт түзүлүп, интернет аркылуу аралыктан эле каттоо жумуштарын жүргүзсө болот;
  1. Система билдирүү бергендер менен департаменттин ортосунда карым-катнашты жокко чыгарып, коррупциянын азайышына алып келет;
  1. Департаменттин иш-чаралары ачык-айкын жана таза аткарылат. Маанилүү багыттардын дагы бири – бул Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагындагы интеграциялык аракеттери. Бирликтин алкагында бирдиктүү дары-дармектер базары калыптанып жатат. Департаменттин адистеринин катышуусунда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш (ЖЕАЭК) тарабынан 26 дары-дармек боюнча укуктук актылар кабыл алынды. Медициналык жабдуулар боюнча 12 чечим кабыл алынды. Ошолордун негизинде Департамент өзүнүн сертификаттоо жана лабораториялык кызматтарын ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келтирүү иштерин  жүргүзүп жатат.

Белгилеп кетчү нерсе – департаменттин борбордук контролдоо жана аналитика боюнча лабораториясына бир топ жылдар бою акча каражаты бөлүнбөй келген. Керектүү жабдуулар жаңыланбай эски жабдуулар баланстан чыгарылган эмес. Натыйжада, лабораториянын маселеси көп жылдардан бери чечилбей келген. Азыркы күндө, 2018-жылдын бюджетинде лабораториянын материалдык жана техникалык базасын жаңыртууга акча бөлүнүп жатат жана эскирген жабдууларды баланстан чыгарууга аракеттер көрүлөт. Бул келечекте лабораторияны жаңыртып, ЕАЭБдин талаптарына жооп бере турган деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо тармагындагы бардык мекемелерде интернет аркылуу медициналык жабдууларды эсепке алуу системасы ишке киргизилди. Бул медициналык жабдуулардын эффективдүү колдонулушуна жана иштелбеген жабдууларды керектүү жакка колдонууга жол ачат. Айтылган система медициналык жабдууларды ташуучу фирмаларды камтыган атайын базага интеграцияланган. Системанын жардамы менен кереги жок жабдуулардын киришине бөгөт коюлат. Маалыматтар онлайн режиминде жүрүп турат. Кагаз түрүндөгү бардык отчеттор электрондук форматка өткөрүлөт. Бул система төмөнкү иштерге жол ачат:

– жаңы жабдууларды буйрутма аркылуу алганга;

– бузулган медициналык жабдуулар боюнча маалымат медициналык жабдууларды оңдоп-түздөө иштерин жүргүзгөн фирмаларга көрүнүп турат.

Департаменттин адистери мамлекеттин бардык булуң-бурчтарына барып, атайын презентацияларды өткөрүп, облус жана райондордогу саламаттыкты сактоо мекемелеринде тааныштыруу иштерин жүргүзүп, система менен иштөөнү жергиликтүү адистерге үйрөтүп кайтышты. Жалпы 346 мекемеге жеткирилип, 838 адис окутулду. Жыйынтыгында, мамлекеттеги ар бир мекеме электрондук түрдө медициналык техника менен кандай деңгээлде камсыз болгону көрүнүп турат. Ал маалымат менен ар бир жаран интернет аркылуу http:pharm.kg сайтынан тааныша алат. Департаменттин жетишкендиктеринин дагы бири – бул дары-дармектердин жана медициналык жабдуулардын улуттук маалымат базасынын калыптануусу.

Улуттук базанын башкы максаты – бул дары-дармектердин мамлекет ичиндеги жүгүртүлүү процесстеринин ачыктыгын камсыз кылуу. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин, дары-дармектер боюнча бюджеттерин көзөмөлгө алуу, дары-дармектерди сатуу процесстерин тартипке салуу, мамлекетке мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюу, жана жасалма дарыларды сатууга жол бербөө. Улуттук маалымат базасы керек убакта бардык сатылып алынган дары-дармектердин санын, кампалардагы товарлардын калдыктарын, дары-дармектердин баасы боюнча маалыматты камсыз кылат. Финансы маселеси боюнча белгилеп кетчү нерсе – бул жалпыга маалым болгон бухгалтерлик атайын 1С программасы буга чейин департаментке киргизилбегени. 2017-жылдын июнь айынан тарта айтылганбухгалтерлик программа киргизилди. Жалпысынан бухгалтерия финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары (ФОЭС) программасы менен иштегенге өткөрүлдү. Андан тышкары сатып алуу системасы мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдын негизинде уюштурулду. Бардык керектелүүчү буюмдар тендер аркылуу гана алынат. Ал үчүн атайын адистер окутулуп, аларга сатып алуу бөлүмүнүн функциялары жүктөлдү.

Буга чейин финансы бөлүмүндө 6 адам иштеп келсе (алардын экөөсү орто билимдүү), азыркы кезде ошол эле жумушту үч жогорку билимдүү адис аткарууда. 2017-жылга чейин штат боюнча 105 кызматкер болгонуна карабай айлык акысы 139 кишиге жазылып келсе, азыркы күндө тиешелүү 105 кишиге айлык акысы төлөнүүүдө. Мурда департаментте адистер штаттын санынан одоно ашып алына берген. Көп жумушчулар менен келишимдер негизсиз мөөнөттүү түрдө түзүлгөн. Штаттан тышкаркы иштөөчүлөр менен келишимдер убакты-сааты менен узартылбагандыктан, Эмгек кодексинин негизинде, келишимдер мөөнөтсүз болуп кеткен. Декретте жүргөн иштөөчүлөрдүн ордуна, башкалары мөөнөтсүз кабыл алына берген. Эмгек китепчелеринде жазуулар кемчиликтер менен жүргүзүлгөн. Ошондуктан кадр саясаты башаламан болуп кетиптир. Маселелерди чечиш үчүн штаттан тышкары иштөөчү деген түшүнүк жоюлду. Бардык штаттык иштөөчүлөр менен кайрадан мөөнөтсүз келишимдер түзүлдү. Департаментте жаңы оптималдаштырылган структура бекитилип, эмгек ресурстары керектүү жагына жумшалды.

Бөлүмдөрдүн жоболору кайрадан бекитилип, ар бир адиске жумуш инструкциялары, квалификациялык талаптар иштелип чыкты. Андан тышкары ваканттык орундарга конкурс аркылуу дайындоо жобосу киргизилди. Жогорудагы аракеттердин аркасынан департаменттин кадр саясаты жогорулады. Департамент дары-дармектер боюнча чет элдик жана жергиликтүү кызматташуу жаатында да бир топ ийгиликтерге жетише алды. 2017-жылы департамент тарабынан чет элдик кызматташууну өнүктүрүү максатында Украина, Түркия, Иран мамлекеттери менен кызматташуу боюнча протоколдорго кол коюлду. Бул аракеттер аталган мамлекеттердин тажрыйбасын байкоого жана дары-дармектер жаатындагы жетишкендиктерди Кыргызстанда да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Мамлекеттин ичинде биргеликте түшүнүктүү ачык жана айкын саясат жүргүзүүгө жол ачкан Фармацевттер союзу менен кызматташуу боюнча меморандум түзүлдү. Белгилүү болгондой, бул уюм өзүнө дары-дармек базарындагы көптөгөн өкүлдөрдү камтыйт.

Дагы бир жаңылык – бул жаңыдан кошулган, мыйзамдуу түрдөгү баңгизаттардын жүгүртүлүшү көзөмөлдөө органын Департаменттин иш тартибине адаптациялаштыруу жумуштары. Бул жумуштар да Өкмөт тарабынан бир нече токтомдордун кабыл алынышын талап кылды. Жалпысынан департаменттин бардык аракеттери ачыктыкты жана тазалыкты камсыздандырууга жумшалып жатты.