Нурсултан НАЗАРБАЕВ: «Казакстан менен Кыргызстан боор боордош жана шериктеш мамлекеттер»

28-майда Бишкектеги Кыргыз-Казак университетинде Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин демилгеси менен «Казак-кыргыз – бир тууган» аталышында пикир алышуу жыйыны өттү. Ага Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, жазуучулар, окумуштуулар, университеттин окутуучулары менен студенттери, ЖМК өкүлдөрү катышты.

Жыйын башталганда сөз сүйлөгөн Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Карим Көкрекбаев өткөрүлүп жаткан тегерек үстөлдүн максаты казак менен кыргыз калкынын бир туугандыгы менен достугун бекемдөө, эки өлкөнүн карым-катнаштарын кеңейтүүгө өбөлгө түзүү, сунуштардын оң чечилишине кол кабыш жасоо экендигин билдирди.

Карим Насбек уулу Көкрекбаев 30-мартта Казакстан Республикасынын  Президенти Нурсултан Абиш уулу Назарбаевдин элчиге ыйгарылган Ишеним грамотасын Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго тапшырып, расмий түрдө кызматына киришкен. К.Көкрекбаев бул кызма- тынын алдында Казакстандын Жамбыл облусун башкарып турган. 2008-жылы облустун акиминин орун басары, 2009-жылдан 2013-жылга чейин биринчи орун басары болуп, кийинки беш жылда облус акими кызматында иштеди. Буга токтолуп жатканыбыз, Президент Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын чек аралаш облустары менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барган облус жетекчисин өлкөбүзгө элчиликке бекиткени эң туура деген ойдобуз. Мындан тышкары, Жамбыл облусунун борбору Тараз шаарын Кыргызстандын Талас шаары менен боордош кылып, кызматташууну жандандырууга Казакстан тараптан олуттуу салымын кошуп жүргөн инсан Кыргызстандын жагдайын жакшы билет. Бардык нерселер алгачкы кадамдан башталат эмеспи, үч айдын ичинде жаңы элчинин кыргыз элине астейдил мамиле жасап, боордоштук сезим менен иштеп жатканына журналист катары күбө болуп жүрөбүз. Казакта «элдештирүү – элчиден, жоолоштуруу – жоочудан» деген макал бар экен, Кыргыз-Казак университетинде өткөн тегерек үстөл кызматташуунун жаңы баскычына көтөрүлүүбүздүн жаркын көрүнүшү болуп калды.

Элчи өз сөзүндө Казакстандын жана Кыргызстандын мамлекет башчыларынын соңку 5-6 айдын ичинде төрт ирет жолугушканын сыймыктануу менен атап өттү. Бул кездешүүлөрдө «Казак-кыргыз мамлекеттик чек арасын демаркациялоо тууралуу шарт», «Чек ара режими тууралуу келишим» жана Казакстан менен Кыргызстандын кызматташуусу боюнча «Жол карта» сыяктуу эки өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий байланыштарын чыңдоого багытталган тарыхий маанилүү документтерге кол коюлган.

Эл башчы Н.Назарбаев «Казакстан менен Кыргызстан боордош жана шериктеш мамлекеттер», – деп дайыма айтып келет. Ал эми Сооронбай Шариповичтин: «Кыргыздар менен казактар сыяктуу бирине-бири жакын калк жок», – деген канаттуу сөзү биздин жакындыгыбызды билдирет, – деди элчи. Ошондой эле элчи Казакстан Республикасынын Президенти Н.Назарбаевдин «Төртүнчү өнөр жай революциясы шарттарында өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү» аттуу Казакстан калкына кайрылуусун жана мамлекет башчынын программалык «Келечекке багыт: руханий жаңылануу» макаласын жыйындын катышуучуларына тааныштырды. Ал облус губернатору болуп иштеп турган жылдарында дайыма байкап жүргөн көрүнүшкө токтолуп, эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясынын 22 отурумуна катышканын айтты. – Чек арага жакын казак айылдарындагы үй-бүлөлөрдө беш-алты адам болсо, алардан үч-төртөөсү Кыргызстанда иштейт экен. Ал эми кыргыз кыздарынын казактар менен турмуш куруп, уулдарынын казак кызына үйлөнгөнүн көп жолу жолуктурдум. Эки жакка бирдей мындай куда-сөөктүк эки элдин бирин-бири бөтөнсүбөгөн, бирдиктүү эл экендигин тастыктап турат, – деп элчи эки элдин кылымдар бою калыптанган үрп-адат, салттары, руханий байланыштары жөнүндө сөзүн улады.

– Алп Ала-Тоонун аркы бети менен берки бетине кенен жайгашкан казак менен кыргыз эзелтен тескейде малы, төшөктө башы кошулган эл. Төрт түлүгү бир жайытта, кыз алышып, кыз беришип куда-жекжаат болушту. Руханий жакындыгыбыз болсо узак кеп. Улуу окумуштуу Чокон Валихановдун «Ысык-Көл жазмалары» жана «Манас» эпосун жазып алуусу, элдик акындар Сүйүнбай менен Катагандын, Жамбыл менен Токтогулдун достугу, Мухтар Ауэзов менен Чыңгыз Айтматовдун устат – шакирттиги урпактан урпакка үлгү болгон көөнөрбөс кубулуштар. Казактын руханий чөйрөсү Чыңгыз аганы «Адамзаттын Айтматову» деп алгач ирет ааламга жар салып, мактаныч тутуп келет. Доорубуздун улуу калемгери Ч.Айтматовдун юбилейи Казакстанда да башталган, ал жыл бою улантылмакчы. 25-апрелде Астана шаарында Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий конференциянын өтүшү – казак элинин залкар жазуучуга урматынын белгиси. Чыңгыз Айтматов Эл башчы Нурсултан Назарбаев менен бир нече ирет жолугушуп, баарлашкан. Эл башчыбыз Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган фильмдер экранга чыкканда, дароо көргөндү жактырат.

Жыйындын катышуучулары

Элибиз «Тоо алыстаган сайын бийик көрүнөт»» дейт, Айтматовдун баркы убакыт өткөн сайын жогорулай турганы акыйкат чындык. Казактын атактуу акыны Кенен Азирбаевдин өзү тууралуу айткан «Эки кенен төрөлбөс, Ала-Тоого эксең да» деген ыр саптары бар, ушул эки сап ыр толук маанисинде Чыкебиздин сыпатына туура келет: «Эки Чыңгыз төрөлбөс, Ала-Тоого эксең да». Андыктан, улуу инсандын руху жылдан жылга бийиктей бермекчи. Жамбыл менен Токтогулдун доорунда өрүш алган казак-кыргыз маданий байланышы нечен оомалуу-төкмөлүү заман, өзгөрүштөр болсо да үзүлбөй келет. Ушулардын бир мисалы – Сүймөнкул Чокморовдун чыгармачылыгы. Ал актердук дебютун Мухтар Ауэзовдун «Караш-караш окуясы» повести боюнча тартылган көркөм фильмде баштаган. Советтер союзу кезинде актер төрт жолу «Мыкты роль» номинациясына ээ болгон. Казактын классикалык көркөм фильмдеринин катарына кирген «Көксеректе» Сүймөнкул Чокморовдун башкы ролду аткарганы анын эки элдин бирдей перзенти болгонун айгинелеп турат. Учурда Чокморовдон кийинки муун Доскан Жолжаксынов баштаган казак актерлору кыргыз киносуна катышууда. Жакында эле бетачары болгон «Дарак ыры» мюзиклинде эки башкы ролдун бирин казак актрисасы ойногон. Актерлорубуз Нуржуман Ыктымбаев менен Дулыга Акмолдо кыргыздын быйылкы жылдагы «Ак илбирс» улуттук сыйлыгын алды. Өткөн айда кыргыз сахнасында өнөрүн тартуулаган Роза Рымбаева, Бишкекке бат-бат гастролго келип жүргөн Алтынбек Корозбаев, алар менен эриш-аркак чыккан Саламат Садыкова эки элдин бир асманындагы жарык жылдыздар. Улуу муундун учугун жалгап, эгиз элибиздин биримдигин арттырган ушундай өнөр адамдарынын арбын экендиги көңүлүбүзгө жылуулук уялатат. Казак менен кыргызды бириктирип, жакындаштырып турган баалуулуктар көп. Алардын башкыларынын бири, материалдык дүйнө боюнча, бул кийиз үй – боз үй. Ал адамзаттын асыл мурасы катары ЮНЕСКОнун тизмесине кирди. Руханий дүйнө боюнча бирдиктүү баалуулугубуз – айтыш. Айтыш казак менен кыргызда гана абдан катуу өнүккөнүн бардыгыбыз жакшы билебиз. Кыргыздын «Манасы», казактын «Алпамыс» жана «Кобланды» баатырлык ырлары бүткүл түркү элдеринин бермети болуп эсептелет. Чокон Валиханов XIX кылымдын ортосунда «Манасты» кагазга алгач ирет түшүрүп, дүйнөгө таратты. Булардын бардыгы биздин руханий жакындыгыбызды айгинелеп турат.

Кыргызда «Бетеге кетип бел калар, бектер кетип эл калар» деген керемет насаат сөз бар экен. Элибиздин ынтымагы баяндуу болсун.«Өсөр элдин баласы, бири-бирин баатыр дейт» демекчи, бир-бирибизге дем берип, колдоо көрсөтөлү. Кыргызстандын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков чек арачылар менен кезектеги жолугушуусунда эл ичинде учкул сөзгө айланган «Кыргызстан менен Казакстан куштун эки канатындай бир тууган эл» деген макалды айтты. Ылайым ошондой болсун!», – деп жыйынтыктады сөзүн Казакстандын элчиси.

Ж. Жоробеков

Элчинин баяндамасынан кийин жарыш сөз башталып, биринчи сөздү саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробеков алды. Жаңы элчинин ишмердигине ийгилик каалоо менен сөзүн баштаган оратор, кыргыз менен казактын боордоштук карым-катнаштары совет доорунда «элдер достугу» урааны астында жакшы жолго коюлганына, көптөгөн кыргыз жаштарынын ал кездеги Казакстандын борбор шаары – Алматыдан билим алганына, өзүнүн кандидаттык да, докторлук да диссертацияларын Алматыда жактаганына токтолуп өттү. Ошондой эле, казак окумуштууларынын Бишкекте Чыңгыз Айтматов менен жолугушуусундагы кызыктуу учурларды айтып берди. Ал кезде Айтматов «Кыямат» романын жазып, колу тийбей жүргөн убактысы экен, казак боорлор менен баарлашуу үч саатка созулуптур. «Интеллекти бийик адамдардын сөзү да терең болорун байкадым» – дейт Жолборс Жоробекович. Профессор казак менен кыргыздын бабаларыбыздан улантылып келе жаткан салттуу жакшы мамилелерин сактап калууга Казакстандын мамлекет башчысынын өзү баш болуп аракет көрүп келе жатканын, бул жаатта жаштарга билим берип жаткан жогорку окуу жайларынын мүмкүнчүлүктөрү зор экендигин баса белгиледи.

«Башыма кийдим ак калпак, кооздоп четин кыйгызган. Менин да бетим жапжалпак, айырмам кайсы кыргыздан?», – деп казактын өткөн кылымда өмүр сүргөн белгилүү акыны Абдилда Тажибаевдин төрт сап ыры менен пикирин баштаган жазуучу, публицист Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият кызматкери Мундузбек Тентимишев өзүнүн Мухтар Ауэзовдун «Абай жолун», Абайдын ырларын окуп жүрүп чоңойгонун, М.Ауэзовдун чыгармалары кыргыз элине кеңири тарагандыктан сүйүктүү кейипкерлердин аттары, Айгерим, Бактыгул аттуу ысымдар кыргыз балдарына арбын коюла баштаганын, ошондой эле, эгемендик жылдарынан бери карай кыргызда Президент Нурсултан Назарбаевдин урматына уул балдарына Нурсултан ысымын ыйгаргандар көбөйгөнүн, казак эл башчысынын атын алып жүргөн жергебиздеги ар бир айылда учурай тургандыгын айтып, бул ысымды рекорддор китебине киргизүүгө болчудай экен деди.

Жазуучулар М.Абакиров, М.Тентимишев, А.Сарманбетов

Ушул маалда: «Биздин да Нурсултан ысымдуу активдүү студентибиз бар, ал ушул талкууга катышып отурат!» деп Кыргыз-Казак университетинин ректору Алтай Казмаганбетов сөзгө аралашып, элдин назарын студентине бурду. Мундузбектин бала чагынан казак адабияты менен оозонганы себеп болгон окшойт, анын публицистикасынын бир багыты кыргыз жана казак элине эмгек сиңирген инсандарды изилдөөгө арналган. Анын айтканына караганда, казактын энциклопедист, академик-аалымы Алкей Маргулан Чокон Валихановдун 1856-жылы жазып алган «Манас» ырынын эпизодун Казан шаарындагы архивден таап, жарыялаган. Казактын дагы бир академиги, геолог Каныш Имантай уулу Сатбаев кыргыздын тоо-кен тармагындагы адистерин даярдоодо опол тоодой эмгек кылган. Мухтар Ауэзовдун Чыңгыз Айтматовду дүйнөгө таанытканы мындайча башталыптыр.М.Ауэзов казактын «Лениншил жас» гезитине Айтматовдун чыгармаларын талдаган «Ак жол» деген макала жазып, дароо Москвадагы союздук «Литературная газетага» жарыялайт. Ошондо «Советтер Союзунда жаш жазуучулардын ичинен Чыңгыз Айтматовго эч ким жетпейт!» деп Ауэзов аз улуттун өкүлү болгон жазуучуну союздук аренага алып чыккан.

М.Тентимишев Улуу Октябрь революциясына чейин Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустары борбору Алматы болгон Жети-Суу губерниясына караганын, кыргыз болуштары, манаптары, акелери тууралуу маалыматтар Алматы архивинде жатканын, ага журналисттердин кирүүсү кыйын экендигин, элчилик тараптан сунуштама кат берилеби же башка жол табуу керекпи, ушуга колдоо көрсөтүүнү сурады. Сөзүн аяктап жатып, М.Тентимишев казак темасына тиешелүү өзү жазган 4 китепти университеттин китепканасына белекке тапшырды.

– «Кыргыз баласы ыйласа, казак эненин эмчеги ооруйт» деген кепти башка улуттун аялзатына карата айта албайт экенбиз, – деп сөз алган Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү режиссер Бакыт Карагулов 

Б.Карагулов

«ушундай макалдын жаралышына өзөк болгон эки сөз бар, ал – бир туугандык жана боордоштук, бул кыргыз менен казакка таандык» деп сөзүн улантты. – 1952-жылы Мухтар Ауэзов Фрунзе шаарында өткөн союздук конференцияда «Манас» эпосун коргоп калды. Мындан чоң эмгек жок. Кыргыз-Казак университетине мурда келбеген элем. Бул университеттин иштеп жатканына абдан кубанычтамын. Башка бир, кайдагы бир алыстагы өлкөлөрдүн иш-чараларына баргандан көрө өзүбүздүн боорлорубузга келгенди артык деп санайм. Бул университет өз аталышына ылайык келип, кыргыз-казак биримдигин чыңдоого салымын кошушу керек.

Р. Курбанов

Андан кийин сөз алган «Кыргыз тили» коомунун президенти Райымжан Курбанов акыркы он күндүн ичинде элчи менен үч ирет жолугушканын айтып, жолугушуудагы маселелер эне тилди өнүктүрүүгө, кыргыз-казак маданий байланышын жандандырууга арналганын айтып өттү. Р.Курбанов «Эне тилим – эне сүтүм» деген республикалык жана эл аралык конкурсту уюштуруп, Кыргызстандагы бир топ университеттердин Казакстандагы университеттер менен алакасын жолго койгон мекенчил инсан. Эне тил боюнча эки элге бирдиктүү гимнди чыгарууга демилгечи болгон. Сөз арасында ал профессор Сулайман Кайыповдун «Тилимдей болгон тилиң бар, дилимдей болгон дилиң бар. Айтчы, айланайын, казагым, сенден башка кимим бар?!» деген ырын обонго салып, тегерек үстөлдүн катышуучуларын бир сергитип таштады.

“Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы” китебинин бет ачарынын «башкы кейипкери» жазуучу, котормочу Айдарбек Сарманбетов кыргыз-казак маданиятын өркүндөтүү боюнча сунуштарын билдирди.

– Боордош эки элибиздин жуурулушкан тарыхы тууралуу урматтуу элчи кенен сөз баштап, жыйындын катышуучулары тереңдете улап, айтып бүтө албай жатабыз. Сөзүбүз бүтпөйт дагы. Жазуучу, котормочу катары өз оюмдан кыскача айта кетсем: ак таңдай Жөжө акын казак-кыргыз элдерине орток акын. Бүгүн залкар инсан – Шакарим Кудайберди уулунун “Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы” китебинин котормочусу катары бирге бетачарын өткөрүп олтурабыз. Бул, мен үчүн чоң сыймык! Бул китептин жарык көрүүсүндө ушул демилгени көтөрүп, бүгүнкү бетачарга чейинки ишти аткарган “Турар” басмасынын директору Тилек Мураталиевдин эмгеги зор экенин баса белгилейм. Он жылдан ашуун убакыт ичинде мен да улуу Абайдын “Ынтаалуу жүрөк” китебинен, атагы андан кем эмес Шакаримдин жана М.Магауин, Т.Абдык, Т.Кеңесбаев, Н.Саматулы сыяктуу көптөгөн азыркы жазуучу, акындардын чыгармаларын которуп, “Жаңы Ала-Тоо”, “Түрк дүйнөсүнүн адабияты” журналдарында, республикабыздын Президентине караштуу Тил комиссиясынын колдоосу менен чыккан үч жыйнагымды жарыялап, кыргыз окурмандарына сунуштоого жетиштим. Менин бир катар чыгармаларым да 1985-жылдан бери казак журналдарына жарыяланып келе жатат, кечээ эле Алматыдагы “Таң-Шолпан” журналына аңгемелерим жарык көргөнү тууралуу баш редактору сүйүнчүлөдү. Мундузбек Тентимишев да көптөгөн котормо,чыгармаларын жаңы эле айтып өттү. Булар, жанатан айтылып жаткан адабий алакаларыбыздын салтка айланып, дагы да улантылып келе жаткандыгынын белгиси. Айтылган иштерибиздин баары жекече аракет, колубуз жеткен гана иштерибиз, алардын мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүүсүн элчи мырзадан өтүнүп кетээр элем. Эки элдин ынтымагына, өнүгүүсүнө эгедер болорлук чыгармаларды элчилик бизге сунуштаса, биз дагы Жазуучулар союзунун, Маданият министрлигинин деңгээлинде сунуштасак рухий алакаларыбыз дагы да жаңы бийиктикте уланат эле. Мурдагы адабият күндөрү, чыгармачылык жолугушуулары кайрадан жандандырылышын да сунуштап кетмекмин. Биздин тарыхыбыз сакталган мурдагы Жети-Суу, азыркы Алматы архивине жол ачылса деген Мундузбектин сунушун толук колдоймун жана элчилик эске алып, аракеттерин жасайт деп ишенемин.

Жыйындын катышуучулары

Жыйынга катышып жаткан студенттер, жаштарыбыз да айтылган чыгармаларды окуп, пайдаланып жана салтка айланган адабий, маданий алакаларыбызды улантып кетишсе деп тилеймин. Казакстан элчилиги бүгүнкү айтылган пикир-сунуштарды эске алуу менен дагы да ушундай жолугушууларды улантып кетет деген ишенимдемин. Алар – тагдыры да, тарыхы да бирге эки элибиздин ынтымагы, келечеги үчүн зарыл нерсе, – деди Айдарбек Сарманбетов.

Тегерек үстөлдө окуу жайдын атынан университеттин ректору, профессор А. Казмаганбетов, э.и.к.,доцент Күлбүбү Сейталиева, студент Эсенжан кызы Каныкей сөз сүйлөдү. Талкууну жыйынтыктаган элчи айтылган сунуштар элчилик тараптан эске алына тургандыгын белгилеп, котормочу Айдарбек Сарманбетовго, «Турар» басмасынын жетекчилигине, жыйындын катышуучуларына, отурумду уюштурууга шарт түзүп берген Кыргыз-Казак университетинин жамаатына жана окуу жайдын башчысы Алтай Казмаганбетовго ыраазычылыгын билдирди.

«Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы»

Университеттеги тегерек үстөлдүн алкагында казактын Абайдан кийинки улуу акын-агартуучусу, окумуштуусу, Абайдын агасынын баласы Шакарим Кудайберди уулунун «Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы» аттуу эмгектер жыйнагынын кыргызча жана орусча нускаларынын жарыкка чыгышынын тушоо кесүү аземи өткөрүлдү.

Аземди ачкан элчи Карим Көкрекбаев Шакарим Кудайберди уулунун XIX-XX кылымдын тогошуусундагы Чыгыш менен Батыштын маданиятын боюна сиңирген чоң ишмер, акын, философ, дин таануучу, зор талант ээси экенин белгиледи. Аземде Кыргы Республикасынын эл жазуучусу Мелис Абакиров Шакарим Кудайберди уулу тууралуу оюн ортого салды. – 1911-жылы Оренбург шаарында жарык көргөн бул китеп кыргыз менен казак эли үчүн баа жеткис эмгек. Шакаримдин кайра-кайра кыргыз менен казак бир тууган эл экенин айткан жерлери бар. Биз муну эч убакытта унутпашыбыз керек. Казак менен кыргыз коңшулаш, чек аралаш эл гана эмес, биз түбү бир элбиз. Ушуну эстен чыгарбайлы. Айта жүрөлү. Бүгүнкү тегерек үстөл бизге пикир алышууга, студенттерге акыл-насаатыбызды айтууга аянтча болуп отурат. Мындан тышкары, Шакарим өзүнүн ырларында казакты алдыңкы элдин катарына кошулууга чакырган. Ал үчүн билим алуу керек, мектеп куруу, кесип менен алектенүү, эгин эгип, шаар салуу керек деген. Анын ошондой үндөө ырлары биздин азыркы заманыбызга да ылайык келет. Сапаттуу билим алуу бизди алдыңкы элдердин катарына кошот. Караңызчы, казактын эл башчысы экономикасын өнүктүрүп, дүйнөнүн алдыңкы элүү өлкөсүнүн катарына кошулабыз деген, эми ал чек алынып, отуз өлкөнүн катарына кирүү милдети коюлууда. Шакаримдин чакырыктары менен үндөшүп турган жокпу?! Шакаримдин чыгармалары тарых жагынан Осмоналы Сыдыков менен, адабият жагынан Молдо Кылыч менен жуурулушат, даражасы барабар дээр элем. Жарык көргөн китеп улуу ойчулдун 160 жылдыгына кыргыз элинен белек болуп калды. Буюрса, Шакаримдин ырларын китеп кылып чыгаруу максатыбыз бар.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ,

«Кыргыз Туусу», сүрөттөр автордуку